Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Суроо-жооп

- банктын филиалына же аманат кассасына кайрылуу зарыл;
- инсандыкты тастытктаган документти кошо ала келүү талап кылынат;
- документтердин толук топтомун толтуруу зарыл.

- Бишкек шаары боюнча 5 жумуш күнү ичинде, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча 10 жумуш күнү ичинде;

- Бишкек шаары боюнча 2 жумуш күнү ичинде, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча 5 жумуш күнү ичинде дароо чыгарылып берилет.

“БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын банкоматтарынан же болбосо төлөм системасынын Visa же ЭЛКАРТ логотиби болгон башка банктардын банкоматтарынан.

“БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын же башка банктардын  Сизди тейлөөгө алган төлөм системасынын карттарын (Visa же ЭЛКАРТ) тейлеген башка банктардын нак акча берген пункттарынан (POS-терминал аркылуу). Бул учурда да банктын талабына ылайык инсандыкты тастыктаган документтин болушу талап кылынат.

- банкамат жанынан дароо кетип калбай, бардык процесстер аягына чыкканга чейин бир нече мүнөт (1-3) күтүп туруу зарыл. Балким, банкаматта техникалык проблемалар келип чыгып, акча каражаты берилбей калышы мүмкүн;

- акча каражатын ала албай калган банкоматты жана анын убактысын эстеп калуу зарыл. Банкомат чек чыгарып берген болсо, аны сактап коюу талап кылынат;

- адатта банкоматтарда тиешелүү телефон номерлери көрсөтүлөт (0(312)61-00-61), дароо телефон чалып, келип чыккан жагдай тууралуу маалымдоо, ал эми талап кылынса, банктын бөлүмүнө өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл;

- банк менен байланыша албаган шартта, талаш туудурган транзакция тууралуу өтүнүч катты толтуруу үчүн банкка кайрылуу талап кылынат. Кайрылуу каты 30 күн ичинде кароого алынат.

- адатта банкоматтарда тиешелүү телефон номерлери көрсөтүлөт (0(312)61-00-61), дароо телефон чалып, келип чыккан жагдай тууралуу маалымдоо, ал эми талап кылынса, банктын бөлүмүнө өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл

- ПИН-код үч жолу туура эмес киргизилген шартта картка бөгөт коюлат, карттарга да колдонуу мөөнөтү белгилене тургандыгын эске алуу зарыл. Ал  карттын алдыңкы бетинде көрсөтүлөт. Картты колдонуу талабын так сактоо зарыл. Анткени, чиптин жана/же магниттик тилкенин жараксыз болуп калышы карттын жокко чыгарылышына алып келет. Ушундай жагдайларда да төлөм картын кайра чыгартып калуу үчүн банкка кайрылуу зарыл. 

- VISA карттары аркылуу интернеттен сатып алгандар үчүн төлөөгө болот, бирок  VISA карты сатып алууда кабыл алынышы шарттарын сайттан алып таанышууга болот.

- Төлөм картын ачууга банк коопсуздуктун камсыз кылынышы максатында карт аркылуу  онлайн-төлөмдөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө чек коет. Он-лайн төлөмдөрүнөн пайдалануу үчүн банкка өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл же Bakai24 мобилдик тиркемеден коштурсаныз болот. Интернет аркылуу сатып алуулар үчүн карт аркылуу төлөөдө алдамчылык тобокелдиги  күч алаарын да эске тутуу зарыл.

- Банктын Call-center 24/7 – тел. (312)637696 телефону аркылуу же жумуш учурунда банкка (дүйшөнбүдөн-жумага чейин, саат 9:00-18:00) (312)610-107,610-238) кайрылып, картка бөгөт койдуруу зарыл. Карттын уурдалып/жоголуп кеткендиги тууралуу дароо банкка маалымдоо үчүн анын арткы бетиндеги телефон номерин эстеп калуу талап кылынат

- Банктын кайсыл болбосун бөлүмүнө кайрылып, картты кайра чыгартып алууга билдирме калтыруу талап кылынат (Бишкек шаары боюнча 5 жумуш күнү ичинде, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча 10 жумуш күнү ичинде).

- Коопсуздук максатында PIN кодду сиз гана билесиз.

 

- Сиз PIN кодуңузду Bakai24 мобилдик банкингинде жана банкоматтардан өзгөртө аласыз.

- Элкарт жана VISA Electron/Classic/Gold логотиби көрсөтүлгөн кайсыл болбосун соода түйүнүндө же кызмат көрсөтүү ишканасында карт аркылуу төлөөгө болот. Логотип каалганын тышкы бетинде же касса аппаратында көрсөтүлөт.

- Эң оболу банктын тарифи менен таанышып алып, андан соң төлөм картынан нак акча чыгарып алуу же ал аркылуу сатып алуудагы комиссиялык төлөмгө көңүл буруу талап кылынат.  

- Башка банктардын жабдууларында тейленген шартта кошумча комиссия кармалышы мүмкүн.

- Банктын аманат кассалары же филиалдары аркылуу, инсандыкты тастыктаган документтерди көрсөтүп, банктык карттын реквизиттерин так билүү аркылуу акча каражатын сатуу менен төлөм картын толуктап алууга болот. Бул үчүн комиссиялык төлөм кармалбайт.

- Төлөм карттарын коопсуз пайдалануу үчүн банктын банкоматтарында нак акча чыгарып алууда бир транзакция үчүн 25 000 сом/300 АКШ доллары өлчөмүндө лимит белгиленген.