Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Жетекчилик

Ибрагимов Сергей Мухамедович

Директорлор кеңешинин Төрагасы

Мундузбаева Бакита Абдыкалыевна

Директорлор Кеңешинин Төрагасынын Орун басары

Ибрагимова Кира Сергеевна

Директорлор кеңешинин мүчөcү

Ибрагимов Тимур Сергеевич

Директорлор кеңешинин мүчөcү

Абдукаримова Айнура Алайчиевна

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Абласов Эрмек Туратбекович

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Садыркулова Айжан Медетовна

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Абакирова Умут Анарбековна

Башкарманын Төрайымы

Өз ишмердигин «БТА Банк» ЖАКта ММФ ЕБРР программасы боюнча Микрокедиттөө бөлүмүнүн адиси кызматын аткаруу менен баштаган. Кыска убакыт аралыгында Үмүт Анарбековна адистик кызматтан филиалдын Микрокердиттөө бөлүмүнүн башчысы кызматына көтөрүлгөн.

2006-жылы Чакан жана орто бизнес башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Анын иш милдетине Банктын бардык филиалдарында микрокредиттөө бөлүмдөрүнүн иштерин уюштуруу жана контролдоо кирген. 2007-жылды Тобокелдиктерди тескөө башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына, андан кийин ошол эле башкармалыктын башчысы кызматына которулган.

2012-жылы Үмүт Анарбековна Башкаруучу директор болуп дайындалган, Кредиттик операцияларды тескөө-башкаруу жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгы, Методология башкармалыгы сыяктанган түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердигин тескеген, ошондой эле Тобокелдиктерди тескөө башкармалыгын административдик жактан тескеген. Биригүүдөн кийин Аймактык өнүктүрүү боюнча директор кызматына которулган. Андан кийин Чекене сатуулар боюнча директор, андан соң Операциялык ишмердикти контролдоо боюнча директор кызматтарына которулган.

2021-жылы «Бакай Банк» ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Орун басары кызматына дайындалган.


Какеев Марат Саламатович

Башкарманын Төрайымынын Биринчи орун басары

Какеев Марат Саламатович 1976-жылдын 16-январында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин экономикалык факультетин аяктаган. 2018-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1998-2007-жылдары КРУБдун Экономикалык башкармалыгында экономист, улук экономист, андан соң Көзөмөл Методологиясы жана Лицензиялоо башкармалыгында алдыңкы инспектор, башкы инспектор болуп эмгектенген.

2007-жылы «Дос-Кредобанк» ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Кеңешчиси, андан соң Башкарманын Төрагасынын Биринчи орун басары жана Башкарманын Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2008-жылы «ФинансКредитБанк КАБ» ААКтын Башкаруучу директору, андан соң Башкарманын Төрагасынын Орун басары. 2009-жылы «ФинансКредитБанк КАБ» ААКтын Башкарманын мүчөсү, Башкарманын Төрагасынын Биринчи орун басары. 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы. 2017-жылы «Евразиялык Сактык Банкы» ААКта Директорлор Кеңешинин мүчөсү, андан кийин Директорлор Кеңешинин Төрагасы болгон. 2017-жылы «БТА Банк» ЖАКта Директорлор Кеңешинин көз карандысыз мүчөсү – Директорлор Кеңешинин Төрагасынын Орун басары. 2018-жылдан баштап «БТА Банк» ЖАКтын Башкармасынын Биринчи орун басары. 2020-жылдан баштап «Бакай Банк» ААКтын Башкармасынын орун басары. 


Алыбаев Нурдин Иризбаевич

Башкарманын Төрайымынын Орун басары

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Банктык бизнес” факультетин бүтүргөн, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “Жарандык коом, үй-бүлөлүк укук, эл аралык жеке укук” адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 2004-жылы ошол кездеги “Инексимбанк” банкынын корпоративдик бизнес бөлүмүндө такшалуучу катары иштөө менен баштаган. Эмгек жолунда улам жогорку кызматтарга көтөрүлүп турган: корпоративдик кредиттөө бөлүмүнүн башчысы, корпоративдик бизнес департаментинин башчысы. 2013-2020-жылдары “БТА Банк” ЖАКтын филиалынын директору, ал эми 2020-жылдан баштап 2022-жылдын август айына чейин “Бакай Банк” ААКтын филиалынын директору болуп иштеген. 2022-жылдын август айынан баштап “Бакай Банк” ААКтын Башкармасынын Төрайымынын орун басары кызматында эмгектенип келет.

Өзгөчө өтөгөн кызматы, жогорку кесипкөйлүгү жана банктык секторду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстан Банктарынын Бирикмесинин ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен сыйланган.


Ченгиз Лариса Георгиевна

Башкарманын Төрайымынын Орун басары

Ченгиз Лариса Георгиевна - банк тармагында 30 жылдан ашуун эмгектенип келе жаткан чебер финансист.

Банк ишмердигинин көптөгөн багыттары боюнча окуудан өтүп, төмөнкү багыттар боюнча сертификаттарга ээ болгон адис болуп саналат: “Банктык бухгалтердик эсеп”, “Финансылык эсеп”, “Башкаруучулук эсеп”, “Салыктар жана Укук”, “Корпоративдик башкаруу”.

Кыргыз Республикасынын банк тармагындагы узак жылдар бою үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан Банктар Бирикмеси тарабынан ардактуу наам жана “КББ мыктысы” төш белгиси ыйгарылган.

1993-2001-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын ар түрдүү банктарында бухгалтердик жана салык эсеби, финансылык контроль жана методология тармактарында эмгектенген.

2002-2005-жылдары “Экобанк” ААКта башкы бухгалтер, 2005-2007-жылдары “Экобанк” ААКта Башкарманын Төрагасынын Орун басары – Ресустар жана финансылык контролдоо департаментинин директору болуп иштеген.

2007-2020-жылдары “БТА Банк” ЖАКта Башкаруучу директор болуп иштеп, операциялык ишмердикти, филиалдарды жана карттык бөлүктөрдү көзөмөлдөгөн.

2020-жылдын 8-январынан баштап “Бакай Банк” ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Орун басары кызматын аткарып келет. Операциялык департамент жана филиалдар, Банктык карттар департаменти, Аралыктан банктык тейлөө башкармалыгы жааттарын көзөмөлдөйт.


Лазюк Сергей Сергеевич

Башкарманын Төрайымынын Орун басары

2002-жылы Белорусь мамлекеттик экономикалык университетин “Банк иши” багыты боюнча аяктаган. 2018-жылы РФ Президенти алдындагы айыл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын “Эл аралык бизнес башкармалыгы” багыты боюнча магистр даражасын алган.

Банк жаатындагы ишмердигин 2002-жылдын май айында Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы Пирорбанкта (Raiffeisen Bank) иштөө менен баштаган. 2007-жылдан баштап 2013-жылга чейинки мезги аралыгында Пиорбанкта Ички аудиттин директору болуп иштеген, 2013-жылы Приорбанктын санариптик тейлөө каналдар департаментинин директору кызматына которулган. 2019-жылдан баштап 2023-жылга чейин Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы БелВЭБ Банктын Чекене бизнес боюнча аткаруучу директору кызматында эмгектенген. 2023-жылдын декабрында “БАКАЙ БАНК” ААКтын Төрайымынын Орун басары болуп дайындалды.


Брылев Павел Владимирович

Башкарманын мүчөсү - IT Директор

Компаниянын маалыматтык - технологиялык инфратүзүмүн колдоо боюнча зор тажрыйбасы бар эксперт. «Жаңы маалыматтык технологиялар» адистиги боюнча жогорку билими бар, ошол адистик боюнча магистр даражасына ээ. 2002 - жылдан баштап 2018 - жылга чейин Павел Владмирович «Оптима Банк» ААКта (андан мурда «АТФ Банк - Кыргызстан» ААКта, «ЮниКредит Банк» ААКта) эмгектенген. 2013 - 2018 - жылдар аралыгында «Оптима Банк» ААКта Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2018 - жылдан май айынан баштап «Дос - Кредобанк» ААКта Маалыматтык технологиялар департаментинин башчысынын орун басары болуп эмгектенген, ал эми 2019 - жылы «Дос - Кредобанк» ААКтын Башкармасынын курамына кирген. 2020 - жылдын март айынан тартып Павел Владимирович «Бакай Банк» ААКтын командасына кошулуп, IT - директор кызматына дайындалган. Банктын Башкармасынын мүчөсү болуп саналат.


Айтбаева Динара Темировна

Башкарманын мүчөсү - Финансылык директор

Динара Темировна Кыргызстан Эл аралык Университетин бүтүргөн. Экономика жаатында магистр даражасына ээ. Банк тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

 “Бакай Банк” ААКта эмгек ишмердигин валюталык операциялар боюнча адис-бухгалтер катары эмгектенүү менен баштаган. Кыска мезгилдин ичинде Динара Темировна адистиктен башкы бухгалтердин орун басарын чейинки кызматка көтөрүлгөн.

Динара Темировна Бакай Банк” ААКта төмөнкүдөй кызматтарда иштеген: Башкы бухгалтер – Башкарманын мүчөсү, Башкаруучу директор, Финансылык директор. 2023-жылдын 10-октябрынан баштап Финансылык директор- “Бакай Банк” ААКтын Башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.

Банктык ишмердиктин көптөгөн багыттары боюнча окуудан өткөн: “Банктагы Бухгалтердик эсеп, жогорку деңгээл”, “Финансылык эсеп”, “КР коммерциялык банктарына салык салуу”, “Ислам банкинги. AAOIFI Шариат стандарттары, колдонуу өзгөчөлүктөрү”, “Ички аудит жана контроль” ж.б.

Көптөгөн жылдар боюак ниеттүүлүк менен аткарган эмгеги үчүн 2018-жылы “Кыргызстан Банктар Союзу” юридикалык жактар бирикмесинин Ардак грамотасы менен сыйланган.


Назаралиева Гульнара Токтоназаровна

Корпоративдик катчы