“Бизнес үчүн Business” акциясы Биз өз кардарларыбызды баалайбыз жана алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенебиз. Эми каалаган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер бизде эсеп ачып, VISA Business картасын акысыз ала алышат! Ал карта аркылуу POS-терминалдарда же интернетте сатып алууларды төлөө менен сиз “Бизнес үчүн Business” акциясынын катышуучусу болуп каласыз жана баалуу белектерди утуп алуу мүмкүндүгүнө ээ болосуз. Биз белекке 16 ноутбук беребиз, алар ай сайын акциянын жеңүүчүлөрүнө тапшырылып турат. Ноутбуктар VISA Business карталары боюнча эң көп өлчөмдөгү төлөмдөрдү жүргүзгөн кардарларга тапшырылат. Жеңүүчүлөр эки категория боюнча аныкталат: жеке ишкерлер жана юридикалык жактар. Андан тышкары бүтүндөй акциянын жыйынтыгы боюнча дагы бир жеңүүчү аныкталат, ал жеңүүчү Бакай Банктан атайын белекке – салмагы 1 килограмм болгон күмүш куймага ээ болот! Сиз биздин кардарыбыз боло элексизби? Биз сизди өзүбүздүн бөлүмдөрүбүздө күтүүдөбүз.
Акция 2022-жылдын 1-мартынан 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат. |
.
Visa Business – VISA эл аралык төлөм системасынын корпоративдик банктык карты. Карт жеке сарптоолорду бизнес жүргүзүү боюнча сарптоолордон бөлүүгө мүмкүндүк берет. Иш сапарына кеткен чыгымдарды жана өкүлчүлүк чыгымдарды төлөө үчүн, ошондой эле уюмдун иштөөсү үчүн керектүү болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн колдонулат. Негизинен алып караганда, мындай карт отчеттуулука берилген акча каражаттарынын аналогу болуп саналат.
Visa Business карты уюмдун кызматкерлеринин наамына таризделет, ал эми операциялар боюнча сарпталган акча каражаттары ишкананын эсебинен чыгарылат, башкача айтканда, карточка компаниянын эсебине байланыштырылган. Уюм бир нече корпоротивдик карттарды ача алат. Уюмдун бухгалетриясы кызматкерлер тарабынан акча каражаттар максатка ылайык сарпталып жаткандыгын банкинг аркылуу көзөмөлдөй алат.
VISA Business карты техникалык мүнөздөлүшү жагынан башка банктык карттардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Аны банкоматтарда, соода түйүндөрүндө, нак акча каражаттарын берүү пункттарында колдонсо болот жана ал карт аркылуу интернет - сайттарда төлөм жүргузсө болот.
VISA Business карты дүйнө жүзү боюнча 170 өлкөдө, 24 миллиондон ашык соода туйүндөрүндө, дээрлик 1 миллион банкоматтарда кабыл алынат.
Артыкчылыктары:
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш борборунун 6111 телефонуна чалуу аркылуу консультанттар менен байланышыңыз же БАКАЙ БАНКТЫН кеңселеринен маалымат алыңыз.