Максаттуу аудитория:
Патенттин негизинде же жеке ишкер катары иш алып барган ишкерлер (жеке адамдар);
Юридикалык жактар.
Банктык гарантия валютасы:
KGS, USD, EUR
Минималдуу сумма:
5 000 KGS, 100 USD, 100 EUR
Банктык гарантия мөөнөтү:
Банктык гарантия мөөнөтү Бенефициар менен Принципал ортосунда түзүлгөн контрактка жараша белгиленет.
Банктык гарантиянын максималдуу мөөнөтү - 36 ай. Мында банктык гарантия мөөнөтү контракт мөөнөтүнө так дал келүүгө тийиш.
Карыз алуучу:
1. Юридикалык жак:
- кеминде 12 айлык иш тажрыйбасы
- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын банктык гарантия алуу тууралуу чечими
- салык органдары жана социалдык кызматтар алдында эч кандай карызынын жоктугу
2. Жеке ишкерлер:
- Кыргыз Республикасынын өлкө аймагында кредит алууга түрткү берген бизнеси болгон резиденти;
- жаш курагы 18ден 60 га чейинкилер
- ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн жарандары
- Кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы
- алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ болушу.
Талап кылынган документтер тизмеги
- банктык гарантия алууга расмий кат
- уюштуруучулардын банктык гарантия алуу чечими
- тендерге катышууга чакыруу каты (же анда банктык гарантия чагылдырылган келишим/контракт)
- банктык гарантия формасы
-уюштуруучулардын, жетекчинини (жетекчилердин), башкы бухгалтердин паспортторунун көчүрмөлөрү;
- Уюштуруу документтери (мамлекеттик каттоодон өткөндүгү боюнча күбөлүк, салык төлөөчүнүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ, юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунда каттоодон өткөндүгүн далилдеген документ, статистикалык карточка, эгерде лицензияланууга тийиш болгон иш багыты болсо лицензия, устав, уюштуруу келишими (болгон болсо), жетекчини жана башкы бухгалтерди дайындоо жөнүндө буйрук, коомду түзүү жөнүндө чечим;
- карызы жоктугун тастыктаган маалым кат (Соц. фонддон, салык кызматынан)
- финансылык отчеттор (салык инспекциясынын белгилөөлөрү менен)
* талап кылынышына жараша башка документтер
Баалыгы эсептегич эсептөө маалымат наркы болуп саналат. так көрсөткүчтөр насыя сиздин өтүнмөнү карап боюнча банк тарабынан эсептелет.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, ААК «Бакай байланыш Банк».
Ай | Калдык | Төлөө | % төлөө | Төлөөлөр |
Кредит боюнча Frequency жана төлөмдөрдүн өлчөмү көрсөтүлгөн адамдар ар кандай болушу мүмкүн ылайык кредиттик келишимдин шарттары. Бул насыя боюнча төлөм тартиби коомдук сунуш эмес, Ал гана таанышуу үчүн арналган.