Максаттуу аудитория:
Жеке адам (анын ичинде жеке чарбасы барлар);
Жеке ишкерлер
Юридикалык жактар (анын ичинде дыйкан чарбалары жана кооперативдер).
Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыты:
Жүгүртүү каражаттарын толуктоо;
Үрөндөрдү, жер семирткичтерди, коргоо каражаттарын, жем жана айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу;
Үй жаныбарларын, канаттууларды, көчөттөрдү, аары уюлдарын ж.б. сатып алуу;
Айыл чарба техникаларын жана жабдууларды сатып алуу жана оңдоп түзөтүү;
Айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алуу;
Айыл чарбасы үчүн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу, куруу жана ремонттон өткөрүү;
Айыл чарба муктаждыктары үчүн аткарылган иштерге төлөө;
Башка банктардан алынган, көйгөйлөрдү жаратпаган кредиттерди кайра каржылоо;
Айыл чарбасында жөнгө салынган бизнеси болгон шартта керектөө максаттарына;
Айыл чарбасында жөнгө салынган бизнеси болгон шартта жаңы бизнес түрүнө;
Жана башкаларга.
Кредит валютасы:
Кыргыз Республикасынын сому
Россия Федерациясынын рубли
АКШ доллары
Евро
Кытай юани
Казак теңгеси
Кредит суммасы:
3 000 сомдон 150 000 сомго чейин;
3 000 рублден 150 000 рублге чейин;
50 АКШ долларынан 2000долларга чейин;
50 евродон 2000 еврого чейин;
250 юандан 10 000 юанга чейин;
15 000 теңгеден 750 000 теңгеге чейин.
Төлөө тартиби:
Кредит жана пайыздар ай сайын аннуитеттик негизде төлөнүп турууга тийиш (айына бир жолу);
Бизнес жүргүзүүдө жыл мезгилине (сезондуулукка) ж.б. жагдайларга жараша кредит төлөөнүн алгылыктуу (ийкемдүү) графиги кароого алынышы ыктымал.
Негизги карыз суммасын чейрек ичинде бир жолу, ал эми пайыздарды ай сайын төлөө шарты да каралышы мүмкүн.
Бизнес мөөнөтү
Карыз алуучу өсүмдүк өстүрүү, аарычылык жагына адистешкен шартта кеминде бир жыл аралыгында айыл чарба бизнеси менен алектенген болууга тийиш. Бизнестин калган түрү боюнча кеминде 12 айлык иш тажрыйбасынын болушу талап кылынат.
Талап кылынган документтер тизмеги
Баалыгы эсептегич эсептөө маалымат наркы болуп саналат. так көрсөткүчтөр насыя сиздин өтүнмөнү карап боюнча банк тарабынан эсептелет.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, ААК «Бакай байланыш Банк».
Ай | Калдык | Төлөө | % төлөө | Төлөөлөр |
Кредит боюнча Frequency жана төлөмдөрдүн өлчөмү көрсөтүлгөн адамдар ар кандай болушу мүмкүн ылайык кредиттик келишимдин шарттары. Бул насыя боюнча төлөм тартиби коомдук сунуш эмес, Ал гана таанышуу үчүн арналган.