Агро-Микрокредит

Агро-Микрокредит

Мөөнөтү

60 айга чейин


Пайыздык чени

12% баштап


Суммасы

2 500 000 сомго чейин


Поручитель

Да


Срок

до 60 месяцев


Процент

от 19 %


Максаттуу аудитория:  

Жеке адам (анын ичинде жеке чарбасы барлар);
Жеке ишкерлер
Юридикалык жактар (анын ичинде дыйкан чарбалары жана кооперативдер).

Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыты:

Жүгүртүү каражаттарын толуктоо;
Үрөндөрдү, жер семирткичтерди, коргоо каражаттарын, жем жана айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу;
Үй жаныбарларын, канаттууларды, көчөттөрдү, аары уюлдарын ж.б. сатып алуу;
Айыл чарба техникаларын жана жабдууларды сатып алуу жана оңдоп түзөтүү;
Айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алуу;
Айыл чарбасы үчүн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу, куруу жана ремонттон өткөрүү;
Айыл чарба муктаждыктары үчүн аткарылган иштерге төлөө;
Башка банктардан алынган, көйгөйлөрдү жаратпаган кредиттерди кайра каржылоо;
Айыл чарбасында жөнгө салынган бизнеси болгон шартта керектөө максаттарына;
Айыл чарбасында жөнгө салынган бизнеси болгон шартта  жаңы бизнес түрүнө;
Жана башкаларга.

 

Кредит валютасы:

Кыргыз Республикасынын сому
Россия Федерациясынын рубли
АКШ доллары
Евро
Казак теңгеси

Кредит суммасы:

250 001 сомдон 2 500 000 сомго чейин;
250 001 рублден 2 500 000 рублге чейин;
5001 АКШ долларынан 50 000 долларга чейин;
5001 евродон 50 000 еврого чейин;
1 500 001 теңгеден 15 000 000 теңгеге чейин.

Төлөө тартиби

Кредит жана пайыздар ай сайын аннуитеттик негизде төлөнүп турууга тийиш (айына бир жолу);

Бизнес жүргүзүүдө жыл мезгилине (сезондуулукка) ж.б. жагдайларга жараша кредит төлөөнүн алгылыктуу (ийкемдүү) графиги кароого алынышы ыктымал.

Негизги карыз суммасын чейрек ичинде бир жолу, ал эми пайыздарды ай сайын төлөө шарты да каралышы мүмкүн.

Бизнес мөөнөтү:

Карыз алуучу өсүмдүк өстүрүү, аарычылык жагына адистешкен шартта кеминде бир жыл аралыгында айыл чарба бизнеси менен алектенген болууга тийиш. Бизнестин калган түрү боюнча кеминде 12 айлык иш тажрыйбасынын болушу талап кылынат.

  1. Карыз алуучунун паспорту жана анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымат (кепил болуучу бойдок/ажырашкан, жесир же жесил болсо);
  2. Нике күбөлүгү анын үй-бүлөлүү экендигин тастыктоо үчүн сунушталат;
  3. Карыз алуучунун жубайынын (болгон болсо) паспорту жана кредит алууга анын макулдук каты;
  4. Айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бардыгы жана алардын саны  көрсөтүлгөн маалым кат;
  5. Айыл чарба бизнесинен тышкары, милдеттүү түрдө кошумча тапкан кирешеси жана аны тастыктаган документтердин болушу зарыл;
  6. Жер үлүшүн пайдаланууга укукту ыйгарган күбөлүк;
  7. Эгерде кредит суммасы 500 000 сомдон же анын АКШ долларындагы жана евродогу эквивалентинен аша турган болсо, патент;
  8. Айыл чарбасында колдонулган транспорт, кыймылсыз мүлккө укуктук тастыктаган документтер;
  9. Кыймылсыз мүлккө укукту тастыктаган документтер;
  10. Кепил болуучунун паспорту жана анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымат (кепил болуучу бойдок/ажырашкан, жесир же жесил болсо);
  11. Кепил болуучунун нике күбөлүгү – бул, никеге тургандыгын тастыктоо үчүн талап кылынат;
  12. Кепил болуучунун жубайынын паспорту (үйлөнгөн/турмушка чыккан болсо) жана анын кепил болууга макулдук каты;
  13. Кепил болуучунун кеминде акыркы 12 айдагы эмгек акысы боюнча маалым кат (чегерилгени, кармалып калгандары жана төлөөгө каралган суммасы так көрсөтүлгөн таблица түрүндө) же анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган башка документтер;
  14. Ошондой эле, кредитти тариздетүү үчүн зарыл болгон башка документтер

Банк Башкармасы

Агро-Микрокредит

Мөөнөтү
60 айга чейин
Пайыздык чени
12% баштап
Суммасы
2 500 000 сомго чейин
Поручитель
Да
Срок
до 60 месяцев
Процент
от 19 %

Агро-Смол кредит

Мөөнөтү
60 айга чейин
Пайыздык чени
11% баштап
Суммасы
20 000 000 сомго чейин
Поручитель
Да
Срок
до 60 месяцев
Процент
от 17 %

Айыл чарбасын каржылоо -7

Мөөнөтү
36 айга чейин
Пайыздык чени
6% баштап
Жабуу

Приносим свои извинения, сервис временно недоступен
в связи с последними событиями

Жабуу

Калькулятор

Насыянын суммасы

Суммасы тандалган жок

Пайыздык чен

Чен тандалган жок

Аннуитеттик төлөмдөр

0

Кайтып Бардыгы болуп

0

Баалыгы эсептегич эсептөө маалымат наркы болуп саналат. так көрсөткүчтөр насыя сиздин өтүнмөнү карап боюнча банк тарабынан эсептелет.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, ААК «Бакай байланыш Банк».

Ай Калдык Төлөө % төлөө Төлөөлөр

Кредит боюнча Frequency жана төлөмдөрдүн өлчөмү көрсөтүлгөн адамдар ар кандай болушу мүмкүн ылайык кредиттик келишимдин шарттары. Бул насыя боюнча төлөм тартиби коомдук сунуш эмес, Ал гана таанышуу үчүн арналган.

Жаңылыктар

Валюта курсу

Сатып алуу Сатуу
USD 77.3000 77.7000
EUR 87.1000 88.5000
RUB 1.0870 1.1020
KZT 0.1750 0.1950
GBP 90.0000 100.0000
CNY 9.0000 12.0000
Сатып алуу Сатуу
USD 76.8000 78.0000
EUR 86.5000 89.0000
RUB 1.0300 1.1200
KZT 0.1400 0.2100
GBP 86.0000 101.0000
CNY 8.5000 12.5000
Эсептик курс
USD 77.8000
EUR 87.8362
RUB 1.0922
KZT 0.1887
GBP 98.0163
CNY 11.1006

Орнотуу боюнча курстан 13.07.2020

Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат