MoneyGram – бул, тез арада ишенимдүү негизде эл аралык акча которууларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. MoneyGram аркылуу которулган акчаны да оңой эле алууга болот, анткени ал дүйнө жүзүнүн 200 ашуун өлкөсүндө кеңири тараган бөлүмдөргө ээ.
Шарттары:
Системада белгиленген бирдиктүү тариф жок. Ал которуу суммасына, каражат кайсыл өлкөгө которулушуна, кайсыл өлкөдөн алынышына жана которуу учурунда жүрүп жаткан атайы тарифтер белгиленген акцияларга жараша белгиленет. Ошондуктан, ар бир айкын учурдагы которуу суммасына тарифтерди банктын бөлүмдөрүнөн акча которуу учурунда билип алуу талап кылынат.
CONTACT – бул система 1999-жылдан тартып жөнгө салынып, Россиянын алгачкы акча которуу системасынан болуп саналат. CONTACT системасы учурда Россия, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде кеңири колдонулуп жаткан акча которуу системаларынын ичинде алдыңкы саптагы лидердин бири. Россиянын аймагында иштеп жаткан жана дүйнө жүзү боюнча 900 ашуун финансылык институттар CONTACT системасынын жигердүү өнкөтөшүнөн болгон болсо, анын эл аралык түйүнү 170 көп өлкөнүн 500 ашуун тейлөө пунктун – банктык бөлүмдөрдү, төлөм терминалдарын, банктык төлөм агенттерин ж.б. өзүндө камтайт.
"БАКАЙ БАНКЫ" ААКсынын кеңселеринде жөнгө салынган CONTAC төлөм системасынын жардамы менен эсеп ачуусуз эле, эң эле жөнөкөй жол-жоболор боюнча арзан баада акча которуп, которулган акчаны тез арада алууга болот:
Системанын негизги артыкчылыктары:
Бул жерде ошондой эле, Onlineкоторуу статусу тууралуу да билүүгө болот
«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсы дүйнө жүзү боюнча тез жана ыңгайлуу шарттарда акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт!
WESTERN UNION-бул:
Юнистрим акча которуу системасы рынкто 2001-жылдан тартып пайда болуп, анда түптөлгөн жагдайга кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу ошол учурда рыноктун негизги оюнчулары сунуштаган акча которуу тарифтеринин өтө эле жогору белгилениши ыңгайсыздыгынан улам көпчүлүк жарандар үчүн анын алгылыксыз экендигин түшүнүп, башка төлөө шарттарын сунуштоо менен ишенимдүү которуу системасына айланган. Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө которуу суммасынан 1% өлчөмүндө минималдуу комиссиялык төлөмдү белгилөө менен кардарларга алгылыктуу шарт түзүп, алардын ишенимине жана татыктуу абройго ээ болгон.
Юнистрим акча которуу системасынын жардамы аркасында "БАКАЙ БАНКЫ" ААКсынын кеңселеринде эсеп ачуусуз эле дароо акча которуп, которулган акчаны алуу ыңгайлуулугу жөнгө салынган:
“Золотая Корона – акча которуу» системасы – Россиянын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн аймагы боюнча 50 миңден ашуун тейлөө пункттарына ээ болгон, эсеп ачуусуз эле дароо акча которуу ыңгайлуулугун сунуштаган тейлөө кызматы. Учурда 550 ашуун банк анын активдүү катышуучусунан болуп саналат.
«Золотая Корона – акча которуулар» – бул:
«Золотая Корона» системасы аркылуу акча которуу тарифтери
«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын акча которуу же которулган акчаны алууга шарт түзгөн пункттарынын тизмеси
Комиссиялык төлөм:
Улуттук валютада: которуу суммасынан минималуу комиссиялык төлөм 50 сом
Чет өлкө валютасында: которуу суммасынан минималуу комиссиялык төлөм 1доллар США; 1 EURO, 200 KZT, 50 RUB).
Валютасы: КРсынын сому, РФнын рубли, АКШ доллары, Евро, казак теңгеси
Камтуу чөйрөсү: Кыргыз Республикасы боюнча
Максималдуу которуу суммасы: 1 000 000 сомго, 700 000 рублге, 20 000$ АКШ долларына, 15 000 еврого, 3 000 000 теңгеге чейин.
"BLIZKO" — бул жекече тараптардын тез аранын ичинде, эсеп ачуусуз, Россия жана КМШ мамлекеттеринин алкагында Россия рубли, АКШ доллары жана евро түрүндө акча которуу системасы. Акча которуу убактысы - акча жиберилген убакыттан баштап 1 минутадан кийин; комиссия которулган суммага жараша кармалат. Которуу комиссиясы Blizko-нун коюлган тарифтерине жараша кармалат.
Ria Money Transfer рынкко 1987-жылдан бери аралашуу менен жыл ичинде жүгүртүүсү $575 миллиардка жеткен эл аралык акча которуулар боюнча дүйнөлүк үч лидердин катарына кирет жана ааламдагы алты континенттин 150 өлкөсүндө 350 000 ашуун пункттарга ээ болгон глобалуу түйүн болуп санлат.
Ria – бул, Европа, АКШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө эң эле алгылыктуу тарифтер боюнча тез акча которуу ыкмасы.
Ria аркылуу жакындарың жаныңда...
Ria Money Transferдин артыкчылыктары:
Ria Money Transfer аркылуу акча которуулар коммерциялык болуп саналбайт!