Ислам Финансылык Борбордун Карты

Ислам Финансылык Борбордун Карты
  • Валюта : Сом
  • Чыгаруу : Акысыз
  • Жыл ичинде тейлөө : 100 сом
Ислам Финансылык Борбордун Карты

 Ислам фианасылык борборунун  (ИФБ) карты. 

Бул продукт ислам каржылоо принциптерине дал келет,ошондой эле Банктын Шариат кеңеши менен макулдашылып, жактырылган. Эми Ислам финансылык борборунун картынын ээлери үчүн сатып алууларды төлөө, которууларды жүргүзүү жана Банктык тейлөөнүн Ислам принциптеринин алкагында каралган башка операцияларды жүргүзүү боюнча мыкты мүмкүнчүлүк  пайда болду. 

ИФБ карттары боюнча акча калдыктарына карата пайыздар кошулуп эсептелбейт. Карттардагы акча калдыктары менен Банк Исламдык Шариат принциптерине каршы келген операцияларды жүргүзбөйт. 

ИФБга тиешелүү Элкарт карттарына акча каражжатарын толтуруу үчүн кандайдыр бир пайыздар алынбайт, "Бакай Банктын" кассаларында ИФБ карттарын толтуруу акысыз жүргүзүлөт.

ИФБга тиешелүү Элкарт төлөм карттары боюнча төмөнкү мекемелерде сатып алуу жүргүзүү программалык деңгээлде тосмолонгон: 

∙            алкоголдук ичимдиктерди жана  тамеки саткан дүкөндөрдө; 

∙            көңүл алуучу жана оюн - зоок жайларда, букмекердик кеңселерде;     

∙            адепсиз мүнөздөгү мазмун камтыган сайттарда; 

Өз ишмердигин  негизи ишмердиктен айырмаланган багытта жүргүзүшкөн соода дүкөндөрүнүн төлөм системаларында туура эмес катталуу үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт.