Элкарт ОМС карты
ОМС карты – бул алтын, күмүш же платина түрүндөгү жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептерине байланган Элкарт улуттук төлөм системасынын төлөм карты. Бул төлөм карты кардарларга баалуу металлдар түрүндөгү аманаттарга ээ болуу мүмкүндүгүн берет, ошондой эле карт боюнча акча каражаттарын банкоматтар жана ПОС-терминалдар аркылуу нак ачкага айландыруу, керектүү учурларда сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес жол менен төлөөгө мүмкүн болот.
Элкарт ОМС карты боюнча акча каражаттарын картка толтуруу үчүн кандайдыр бир пайыздар алынбайт, картты толтуруу жана нак акчага айландыруу акысыз. Кошумча маалымат алуу үчүн “Бакай Банк” ААКтын кеңсесине кайрылсаңыздар болот.
Валюта: жеке белгиси көрсөтүлбөгөн баалуу металл: алтын, күмүш, платина
Чыгаруу: 1-чи жыл акысыз, 2-чи жана кийинки жылдар 100 сом
Жылдык тейлөө: акысыз