Маалымат
Элкарт төлөм карты - «Социалдык төлөөлөр» үчүн каралган жана социалдык төлөөлөрдү жана жөлөпулдарды ыңгайлуу шарттарда коопсуз негизде алууга өбөлгө түзөт. «Социалдык төлөөлөр» үчүн каралган карт аркылуу “Достук түйүнгө” туташкан жети банктын банкоматтарынан жана POS-терминалдарынан акысыз нак акчага айландырып алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдадалуу жана ар кандай товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө, мамлекеттик салыктарды жана алымдарды Кыргыз Республикасынан бардык банктары аркылуу төлөө кызматы жөнгө салынган.
«Социалдык төлөөлөр» үчүн каралган бул мүмкүнчүлүк карт ээлерине тиешелүү төлөөлөрдү алуу жол-жобосун алда канча жеңилдетүү менен кезекте зарыгып күтүү,транспорт чыгашаларын төлөө сыяктуу ашыкча түйшүктөн кутултуп, убакытты үнөмдөөгө, ошондой эле сатуудан салыктан пайыздык катышта жеңилдик алууга өбөлгө түзгөн.
Артыкчылыктары:
“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот