Төмөнкүлөр ала алышат:
Кеминде бир жылдык иш тажрыйбага ээ болгон жеке адамдар (улуттук валютада гана) жана жеке ишкерлер (патент, күбөлүктүн негизинде иштегендер)
- Жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин, Банктын эмгек акылык жана/же пенсиялык карттарынын ээлери үчүн - 70 жашка чейин;
- Кыргыз Республикасынын резиденти же жараны;
- Документ аркылуу тастыкталган туруктуу кирешеге ээ болууга тийиш.
Насыянын түрү | Валютасы | Пайыздык чендер, жылдык |
маяналык долбоордун катышуучулары үчүн | сом | 20%* |
жеке адамдар үчүн | 22-23%* |
Кредиттин өзгөчөлүгү
Кандай болбосун максаттарга берилүүчү керектөө кредиттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эч кандай тыюу салынган эмес.
Валютасы: улуттук валютада гана
Мөөнөтү:3-60 ай
Суммасы:100 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин
Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыты:
Эмеректерди, техникаларды, үй тиричилигине керектүү буюм-зарттарды, автоунааларды сатып алуу, оңдотуу, билим алууга, дарыланууга, эс алып кыдырууга жана үй-бүлөлүк маараке тойлорго төлөө, банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын көйгөйлөрдү жаратпаган кредиттерин кайра каржылоо жана башка керектөө муктаждыктарын канаттандыруу.
Кредитти төлөө тартиби:ай сайын аннуитеттик төлөм менен жана негизги сумманы бирдей үлүштө.
Мөөнөтүнөн мурда төлөө/кредитти бөлүп төлөө учурунда графикти:комиссиясыз
*Натыйжалуу пайыздык чен жылдык 22% пайыздан баштап, акция боюнча 24.42-25.65% пайыздан баштап.
Талап кылынган документтер тизмеги
- Карыз алуучунун паспорту;
- Нике күбөлүгү анын үй-бүлөлүү экендигин тастыктоо үчүн сунушталат;
- Карыз алуучунун жубайынын (болгон болсо) паспорту;
- Патент (акыркы 3-6 айдыкы)/ күбөлүк (салык кызматынан жана Соц. фонддон карызы жоктугу тууралуу маалым кат)/ кеминде акыркы 3-12* айда алган кирешеси тууралуу маалым кат;
- Кепил болуучунун паспорту;
- Күрөө документтери (кыймылсыз мүлк);
- Кепил болуучунун нике күбөлүгү – бул, никеге тургандыгын тастыктоо үчүн талап кылынат;
- Кепил болуучунун жубайынын (болгон болсо) паспорту;
- Акыркы 3 -12* айдагы эмгек акысы боюнча маалым кат;
- Кирешеси тууралуу маалым кат жана кирешени тастыктаган башка документтер
- Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредитти тариздетүү үчүн зарыл болгон башка документтер
*КР Социалдык фондуна жүргүзүлгөн чегерүүлөр бар болсо, эмгек акысы жөнүндө маалым кат талап кылынбайт.
Рассчитайте свой кредит
Консультация алууга билдирме калтырыңыз
Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот
- 6111 (уюлдук телефондон)
- +996 554 00 61 11 (Whats App)