Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Аалы Уманкулов: «Биз Улуттук Банк жүргүзүп жаткан саясаттын көрүнүктүү мисалыбыз»

09 Октябрь 2019

Аалы Уманкулов: «Биз Улуттук Банк жүргүзүп жаткан саясаттын көрүнүктүү мисалыбыз» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бакай Банкка» «БТА Банкты» бириктирүү үчүн уруксаат берди. Бул демек, жакынкы аралыкта эки банктын ордуна рынокто «Бакай Банка» бренди менен ири оюнчу пайда болот дегенди билдирет. «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов Кыргызстан үчүн мындай экономикалык сейрек көрүнүштүн кандай жүрүп жатканы боюнча Kaktus.media интернет басылмасына айтып берди.

Учурда банктарды бириктирүү кайсы баскычына келип жетти?

Биригүү процесси акцияларды сатып алуу чечимин КР Улуттук банкына берүү менен башталды. Улуттук банк бизге уруксаат берди, андан соң биз акцияларды алуу боюнча келишим түздүк жана биригүү үчүн уруксаат алуу максатында документтерди тапшырдык. Бир нече күн мурун биз Улуттук банктын колдоосуна ээ болдук. Ушул кезге чейин эки банктын кызматкерлеринен турган уюштуруучу топ Улуттук банк үчүн керектүү документтерди даярдоонун үстүндө иштеп жатты. Биригүү боюнча бизнес-план, негиздеме жана бириктирилген банк келечекти кандай көрөт, анын көрсөткүчтөрү, балансы, жол картасы даярдалды. Биз ошондой эле Улуттук банкка биригүүнүн терс сценарийи менен иштелип чыккан стресс-тесттерди бердик. Анын үстүнө, Улуттук банк эки банкта тең текшерүү жүргүздү. Бул маселе ар тараптан изилденген соң КР УБ башкармалыгынын кеңешмесине чыгарылды жана колдоого ээ болду. Биригүүнүн акыркы баскычы – «Бакай Банктын» 2020-жылдын биринчи жарым жылында күтүлүп жаткан Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүүсү. Биз азыр абдан кызыктуу процесстерге катышып жатабыз, аларга катышуу – бул бакыт. Биздин рынокто мындай жараяндар сейрек кездешет.

Сиздер кандай кыйынчылыктар же маселелер менен бет келдиңиздер?

Бүгүн биз үчүн эң маанилүүсү – бул адамдар менен иштешүү. «Бакай» жана «БТА» – окшош уюмдар, бирок банктардын ички түзүмү таптакыр ар башка. Ар башка бизнес- процесстер, бизнес боюнча түшүнүктөрдөгү айырма, ар түрдүү көз караштар, ар кандай адамдар, тарыхтары да ар башка. Мында биз үчүн эң кыйыны – адамдарды бириктирүү болууда. Баланс, сандарды, компьютердик тутумдарды бириктирсе болот, а бирок эң кыйыны адамдарды бириктирүү, бирдиктүү командануу куруу.

Бул үчүн кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жатасыздар?

Биз азыр эки банктын ичинде команда түзүү боюнча күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз, кызматкерлер менен биргеликте баалуулуктарды, келечекке көз караштарды, максаттарды жана бириккен банктын тапшырмаларын иштеп чыгуу менен алекпиз. Ушул багытта иш алып баруу үчүн жакында эле биз HR-жетекчини жана өзүнчө бир команданы жалдадык. HR-жетекчи буга чейин «Бакайдын» да, «БТАнын» да кумарында жок болчу.

Сиз «БТА» менен «Бакай» айырмаланып турганын айта кеттиңиз. Айтсаңыз «БТА» кандай да, «Бакай» кандай?

«Бакай Банк» сатып ала электе «БТА Банк» казакстандык ири холдингдин бир бөлүгү болчу. Андан мурда «Эридан Банк» эле, дал ошол убакта мен аталган банкта иштеп 1997- жылы карьерамды баштагам. Андан соң «Инэксим Банк» болуп калды. «Бакай» өзгөчө деле өзгөргөн жок, ар дайыма орто жана кичи бизнеске жардам берүүнү максаттап келген, мында деле абдан көп бөлүмдөр бар. Эки банкта эки башка уюштуруу түзүм, эки башка штаттык тартип бар. Бизнес-процесстер ар түрдүү курулган. «Бакай» компакттуу, бул жакта чечимдер тез кабыл алынат. Ошол эле учурда көлөмү боюнча деле көп айырмаланышпайт: активдер боюнча «БТАда» 9 миллиард, ал эми «Бакайда» 7,5 миллиард сом бар. «БТАнын» капиталы «Бакайдыкына» караганда үч эсе көп. Банктардын ар биринин өз кардарлары, өз сегменти бар. Бирок банк канчалык чоң болсо ошончолук ишенимдүү, туруктуу, тобокелчиликтерге көп барбайт, бекем жана инвестициялоо үчүн камылгасы ошончолук көп болот.

Биригүүгө байланыштуу кардарларда кооптонуу жаралган жокпу?

Өзгөчө деле кооптонуу болгон жок. Кардарлар тынч эле кабыл алышты. Эч кандай тополоңду байкаган жокпуз, азыр абал абдан туруктуу. Тескерисинче, биз эмитеден эле кардарлардын базасын кеңейтүү боюнча иш алып баруудабыз. Биз баланстан сыртка агымдарды көргөн жокпуз, эсептердеги санак, депозиттердеги көлөм да төмөндөгөн жок. Иштин баары тиешелүү деңгээлде тынч өтүп жатат.

Ал эми кызматкерлер кандай кабыл алышты?

Кызматкерлер өзгөрүүлөргө кызыгып жатышат, биз алар менен иш алып баруудабыз. Бизде филиалдарды массалык түрдө жабуу күтүлгөн жок. Биринчи күндөн баштап эле, банктар мурда кандай иштесе, эми деле ошондой тартипте иштей берээрин айтканбыз. Ал гана эмес эки филиал бар калктуу пункттарда да биз эч нерсени жаппайбыз.

Бириккенден кийин банк дымактуу мерчемдерди белгилесе керек?

Албетте, мерчемдер дымактуу. Биз эки банкты бириктирүү боюнча уникалдуу чоң тажрыйба алдык, жыйынтыкта башкаруу эле эмес банктарды бириктире ала турган супер кесипкөй команда түзүлдү. Орчундуу ойлор, мыкты долбоорлор бар, баары иштелип чыгууда. Пландар биздин ишмердиктин баардык тармагына: насыялоо жана кардарларды тейлөө иштерине байланышкан. Биздин курамда креативдүү жетекчи пайда болду, мурда ал жок болчу. Анын иши креативдүү инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу, аралыктан тейлөөнү өнүктүрүү. Банк кызматы азыр телефонго, планшетке, мобилдик тиркемеге өтүүдө. Мобилдик тиркеме да – эмитеден эле артта калууда, анткени банктык тейлөө мессенжерлер менен жүргүзүлө баштады. Дүйнөдө мурда 5 миң банктык кызмат болсо, учурда каржылык технологиялардын өнүгүүсү менен алар да көбөйүүдө. Бизде банк тутумун өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр талаасы кенен. Өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандык банктардын насыялык портфели өлкөнүн ИДПсынын эң төмөнкү пайызын түзөт, андыктан тутумду өнүктүрүү үчүн боштуктар көп.

Силердин биригүүнүн башка банктар кандай кабыл алууда?

Менин оюм боюнча, бул процесстерге баам салуу кесипкөй коомчулук үчүн абдан кызык, анын үстүнө, Улуттук банктын саясаты, капиталга талапты жогорулатуу аркылуу банктарды чыңдап бекемдөө болууда. Капиталы аз банктардын бул талапка ылайыкташуусу барган сайын кыйынчылык жаратууда, андыктан бул жагдай алардын ирилешүүсүнө, биригүүсүнө түрткү берүүдө. Быйыл эле Улуттук банктын талабынын айынан бир коммерциялык банк ишин токтотту. Ал эми биздин чечим ирилешүү – биз Улуттук банк жүргүзүп жаткан саясаттын көрүнүктүү чыныгы мисалы болдук.

Поделится