Алексей Конев: «Каприз-Каракол» мейманканасы «Бакай Банктын» колдоосу менен курулган

«SKD» холдингинин башкармасынын төрагасы Алексей Конев Караколдогу тоо лыжа базасынын калыбына келтирилиши, «Бакай Банктын» колдоосу менен «Каприз-Каракол» мейманканасынын курулушу жана базанын шаардын өнүгүүсүнө тийгизип жаткан таасири туурасында айтып берди.

Караколдогу тоо лыжа курортун Кыргызстандагы эң алдыңкы эс алуучу жайлардын бири деп атап келишет. Базанын символдору — кар жамынган ийне жалбырактуу токой аркылуу өткөн трасса жана ак карлуу тоо боорунда жайгашкан тоо лыжа мейманканасынын үч бурчтук чатыры.

Бирок биз мындай базаны 2000-жылдардын ортосунда реконструкциялоо жүргүзүлүп, жаңы аркан жолу жана инфраструктура курулгандан бери эле билебиз. Совет маалында Пржевальскидеги база башкача болчу.

«SKD» холдингинин башкармасынын төрагасы  Алексей Конев Караколдогу тоо лыжа базасы СССР учурунда жалпы союздук мааниге ээ болуп, тоо лыжа спорту боюнча Олимпиадалык кураманын машыгуусу үчүн колдонулуп келгендигин айтат.

«Каракол тоо лыжа базасы Советтер Союзу учурунда эле иштечү, андагы тоо лыжа мектебинде союздук мелдештер өткөрүлүп турган. Бул базанын мааниси жогору болчу, бирок Союз кулаган соң , база да бузула баштады. Аркан жол дагы бугелдик болуп, энтузиасттар гана келип калган», — деп эскерет Конев. 

Азыр Караколдогу курорттун тоо боорлору  үч орундуу эки отургуч жана эки орундуу эки отургучу бар  жогорулаткычтар менен тейленет.

«90-жылдардын соңунда орусиялык инвесторлор жаңы аркан жолун курушуп, тоо лыжа базасы жандана баштады. Ага ылайык  тоо лыжа мейманканасын куруу талабы жаралды. 2009-жылы биз «Бакай Банктын» колдоосу менен ал жакта «Каприз-Каракол» мейманканасын курдук. Он жылдан бери бул отель Орто Азиядагы мейманканалардын эң мыктысы деп аталып келет», — дейт ишкер.

Анын сөзүнө караганда, бир эле «Каприз-Караколдо» 60 адам жумуш менен камсыз болушкан, алардын көпчүлүгү — Ысык-Көл областынын тургундары.

«База Каракол шаарынын өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизип жаткандыгы  туурасында сөз кыла турган болсок, алдыга чоң кадамдар жасалды десек болот. Миңдеген адамдар туристтик индустрияга багытталган кичи жана орто бизнестерин түптөп, иштеп жатышат», —  дейт Алексей Конев. 

Ишкердин пикирин шаардагы HoReCa тармагындагы мекемелердин саны тастыктап турат. Караколдо мейманканаларды жана кафелерди брондоо сайтында 90дон ашык мейманкана жана тамактануучу 70тен ашуун мекеме катталган.

«“Бакай” чет элдик банктарга татыктуу атаандаш боло алат»

 Бизнесмен «БТА Банктын»,  капиталы толугу менен Кыргызстандыкы болгон «Бакай Банкка» биригип жатканын жагымдуу кабар деп эсептейт.

«Биригүү жөнүндө укканмын. «Бакай» импорттук банктарга татыктуу атаандаш боло алат. Мен бул банктарга ишенем «БТАга» дагы, «Бакайга» дагы. Менин билишимче, «Бакайдын» акционерлердин бары кыргызстандыктар, алар  өз өлкөсүн жана рынокту билишет. Ал эми банктардын биригүүсү — эң сонун кадам», — деп белгилейт «SKD» башкармасынын төрагасы.  

«SKD» холдинги 2007-жылы уюштурулган. Бул топтун долбоорлорунун арасында Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунун курулушу, Бишкектеги «Россия» оюн-зоок борборун реконструкциялоо, Оштогу шаардык бассейнди реконструкциялоо жана башка иштер бар.

 


Жаңылыктар

Валюта курсу

Сатып алуу Сатуу
USD 81.8000 82.5000
EUR 88.0000 93.0000
RUB 1.0250 1.0800
KZT 0.1500 0.2000
GBP 90.0000 103.0000
CNY 9.0000 13.0000
Сатып алуу Сатуу
USD 81.8000 82.5000
EUR 87.0000 94.0000
RUB 0.9000 1.1200
KZT 0.1400 0.2050
GBP 88.0000 104.0000
CNY 8.0000 14.0000
Эсептик курс
USD 80.8100
EUR 89.6142
RUB 1.0114
KZT 0.1804
GBP 97.5731
CNY 11.3068

Орнотуу боюнча курстан 01.04.2020

Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат