Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Алима Исманкулова: «Бакай Банкка» өспүрүм кезимден бери артыкчылык берип келем

21 Октябрь 2019

«Fresco'нун» кожойкеси Алима Исманкулова, анын компаниясы сезондук соода менен кандай күрөшүүдө, фрескомобилдин баасы канча, атактуу советтик балмуздактын даамын дал өзүндөй кайталоонун кыйынчылыктары жанаөзүнүн бизнесине насыя алууда жана тейлөөдөэмне себептен «Бакай Банкты»тандагандыгытуурасында айтып берди.

 

 «Fresco» балмуздагын чыгаруу качан башталган?

Мындан жети жыл мурун, банк тармагында иштеп жүргөнүмдө, каатчылык башталды. Мен ошондо кандайдыр бир кол эмгеги менен алектенип, өзүм бир нерсе жаратууну каалап жатканымды түшүндүм.  Чоң ата жана чоң апам менен жаан болобу, кар болобу күн кандай болбосун Дзержинский гүлбагы менен Киев көчөлөрүнүн кечилишиндеги павильонго барып, балмуздак жеген бала кезимди көп эстечүмүн.  Мен ошол атмосфераны жана ошол балмуздакты кайтаргым келди.

Бишкекте, ал кезде, сапаты ошондогудай балмуздак шаар боюнча жок болчу. Мен балмуздактын өндүрүш тематикасын изилдей баштадым, бул продуктту даярдоо боюнча Болонья шаарындагы Балмуздак Университетинде атайын курстан өттүм.  Италияга барып, заводдорду кыдырдым, өндүрүш жабдыктарында иштөөнү үйрөнүп, балмуздактарын татып көрдүм. Бир канча убакыттан кийин жаңы балмуздак өндүрүшүн ачайын деп чечтим.

Биздин продукт – бул балалык кездеги жагымдуу учурду  окуяларды эскерүү мүмкүнчүлүгү,  мындан ары да жагымдуу эскерүүлөрдү жаратуу мүмкүнчүлүгү десем болот.  Жалпысынан абдан кирешелүү бизнес.

Биздин балмуздакты өндүрүүнүн башаты туурасында айтсам, жолдошум экөөбүз мыкты технолог-долбоорчуну көпкө издедик. Андан соң өндүрүш эрежелерине:  санэпидемстанция жана техрегламентке туура келген имаратты табууга дагы 1 жыл кетти.  Кыскасы, менин бизнесим ушинтип башталган.

«Бишкек Сүт» балмуздагынын даамын дал өзүндөй чыгарам дегениңиз белгилүү.  Айтсаңыз, аракетиңиз ишке аштыбы?

Мен «Бишкек Сүт» заводу чыгарган советтик классикалык балмуздактын чоң күйөрманы болгондуктан, аталган компаниянын ошол кездеги башкы жетекчиси  Маргарита Николаевна Румянцевага кайрылдым. Мен ага өзүм жөнүндө, алардын продуктусу мага жагарын айтып, өзүмдүн балмуздагымдан ооз тийгиздим. Биздин балмуздактын сапатын жана табигыйлыгын мактаганы мен үчүн күтүүсүз жана жагымдуу болду. Көрсө, ал мен кичине кезде чыгарылган балмуздактын өндурүшүнүн башкы технологу болуп иштеп, чыгарылган продуктулардын сапатын да өзү текшерчү экен. 

Мен андан крем-брюле жана пломбирдин рецепттерин сурадым, таң калыштуусу ал өзүнүн эски жазууларын мага жөн эле берип койду. Биз бул продуктту баштапкы рецептура боюнча өндүрүүгө аракет жасадык. Тилекке каршы, азыркы кошулмалардын сапаты мурункудай эмес, андыктан толугу менен даамды кайталоо мүмкүн болгон жок. Анын үстүнө, биздин өндүрүш дал өзүндөй кылып өндүрө албайт: мисалы, эки түрдөгү коюу  сүттү өзүбүз кайнатышыбыз керек. Анан дагы балмуздактын советтик рецептинде  вафлинин күкүмдөрү кошулчу, аларды азыр кайдан табабыз? Буга карабай, биз балмуздактарыбызды советтик мезгилдегидей даам жана сапат менен дал өзүндөй жасоого  аракет кыла беребиз.

Сиздин бизнести Кыргызстанда жүргүзүүнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Кыргызстандын рыногу абдан жакшы, бирок, тилекке каршыанчалык чоң эмес. Бирок өндүрүш жагынан караганда Кыргызстан идеалдуу өлкө; бизде эң даамдуу жана сапаттуу сүт бар, климаттык шарттарыбыз мыкты мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды өстүрүүгө ылайыктуу. Алсак, ошол эле Казакстанда сапаттуу жергиликтүү кошулмалардын тартыштыгына көп эле туш болобуз. Бизде болсо бардыгы даамдуу, жаңы, ал биздин чыгарылган продуктунун сапатына таасирин тийгизет. Андыктан, Кыргызстан балмуздакты өндүрүп, коңшу өлкөлөргө эскпорт кылууга идеалдуу.

Азыркы учурда балмуздакты эскпорт кыласыңарбы?

Жок.

Fresco балмуздакты унаадан сатуу ишин алгачкылардан болуп баштады. Биринчи болуш үчүн кандай кыйынчылыктардан өттүңүздөр?

Эреже болуп калгандай, биринчи жолу баштагандар ишмердүүлүктүн айрым учурлары мыйзам менен жөнгө салынбай тургандыгына күбө болушат.  Жерди ижарага алууда ушул кезге чейин көйгөйлөр бар.  Ар бир унаабызга санитардык паспорт алганбыз, ар бир унаа иштеген жердеги таштандылардан тазалоо үчүн «Тазалык» менен келишим түзүп, үзбөй төлөп турабыз. Сатуучулардын тийиштүү санитардык китепчелери бар. Бирок буга карабай, жерге болгон ижарага жалпы уруксатты бир канча жылдан бери ала албай келебиз – бул учур мыйзамда каралган эмес экен. Автодүкөндөн ижара алуу мамлекет үчүн кошумча киреше болмок, алсак, Казакстанда ошондой. Ал жакта мобилдик сатуу боюнча мыйзам бир канча жолу каралып, дүйнөдө болуп жаткан тендециялар эсепке алынган.

Чындыгында, атайын мобилдик соодага ылайыкташкан унааларды биз биринчи болуп алып келдик. Азык-түлүк коопсуздугунун олуттуу экенин эске алып, бул тармактын лидери  -  "Whitby Morrison" (Улуу Британия) компаниясына буйрутма бергенбиз.  Алардын өндүрүш стандарты ISO, унаалардын ички топтому бардык тамак-аш коопсуздугуна жооп берет (ичинде жылуу суусу менен кол жуугучу бар). Мындан сырткары, унаа экологиялык жактан таза, тоңдургуч камераларындагы температураны сактап туруу үчүн дизель-генераторду колдонот, андыктан  айлана-чөйрөдө абаны бузбайт. Айтмакчы, балмуздакты ушундай түрдө сатууну биз шаарда биринчи болуп баштадык. Биздин ишибиздин аркасынан Эркиндик бульварында үй-бүлө менен сейилдөө адаты жана азыркыдай жагымдуу маанай кайра жаралды дегенге ишенгибиз келет. Бул албетте, жакшы да.

Фрескомобиль канча турат?

Мындай комплектациядагы (автономдуу иштеген тоңдургучу менен)  бир унаа75 миң фунт турат.

Канча убакыттан кийин киреше кире баштады?

Эки-үчжылдан кийин болуш керек.Анткени бизкелечекти ойлоп,дарооэлеиталиялыккымбат баалуу,өндүрүш кубаттуулугу боюнча камылгасы менен жабдыктарга каражат салганбыз.

Учурда канча соода оруну бар?

Азыркы учурда төрт соода ордубуз бар. Анын үчөө мобилдик, бирөө – стационардык. Ошондой эле дагы жетөөнү  жылдын соңуна чейин ачабыз. Ошондо үчөө сезондук, 8 машина жыл бою иштейт. Баардыгы биригип 11 унаа.

Кайсы балмуздак эң популярдуу?

Мисте менен. Эң популярдуу даам. Бул сооданын хити. Анын өндүрүшү да татаал, баасы да кымбат. Анткени Кыргызстандын түштүгүнөн ташылып келген мистени бизге жеткирүүдөн мурда тазалашат. Андан кийин биз жалпы жамаат менен отуруп, кабыктары жана данектер калып калбасын деп иргеп чыгабыз. Анан мисте көгөруп кетпеси үчүн  меште кошумча термикалык иштетилүүдөн өтөт. Ушундан кийин гана коллоиддик тегирменде коюулангыча майдаланып, каймак менен аралаштырылат да балмуздак пайда болот. Даяр балмуздактын үстүнө биз эмнеден жасалганын көргөзүш үчүн мисте күкүмдөрүн сээп коебуз.

Fresco'до кызматкерлердин саны канча?

Биздин өзүбүздүн командабыз анчалык чоң эмес, бирок натыйжалуу. Сатуучуларды кошкондо 30 адам. Бирок биз жергиликтүү кошулмаларды абдан көп сатып алабыз (мөмө-жемиштер, жаңгактар, сүт продукциялары, ал гана эмес жашылчалар) жана албетте, анча чоң эмес ферма жана чарбалар менен иштешебиз. Ошондуктан биздин балмуздакты өндүрүү процессине баштан-аяк Кыргызстандын жүздөгөн адамдары катышат деп ишенимдүү айтса болот.

Силер үчүн сезондук мезгил абдан маанилүү. Анда кантип иштейсиңер?

Балмуздак — бул, чындыгындамезгилдикпродукт. Булжагдай биздин соодажана көңүл ачуу борборлорунда кошумча орундардыачып жаткандыгыбыздынсебептеринин бири,  алар кардарларыбыз үчүн жыл бою жеткиликтүү болууга жана продукцияны кышында да сатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок азыр деле кыш айларындагы соода боюнча көрсөткүчтөрүбүз жаман эмес.  Бүткүл дүйнө жүзүндө кышында сатылган балмуздактын көлөмү жай айларындагы сооданын 10%  түзөт. Биз болсо жайкы көлөмдүн  30% чейин сатуудабыз.

Соода орундарыңар үч эсе көбөйөт экен.  Бул өнүгүү жолунда«Бакай Банктын»катыштыгы кандай?

Азырбиз кошумча  соода орундарын өнүктүрүү боюнча банктан кошумча насыя  алуу үчүн арыз даярдоодобуз, плюс биздин кардарларыбыз үчүн төлөм жүргүзүү ыңгайлуу жана жеткиликтүү болуусу үчүн «Бакай Банктын»банктыкPOS-терминалдарын коюп жатабыз. БулөзгөчөЭркиндик бульварынабалмуздакка келген чет элдиккардарларыбызгаыңгайлуу болот.

Мындан тышкары, нак эмес акча менен иш жүргүзгөн чет элдик жабдып туруучуларыбыз көп. Алсак, бизге атайын таңгак жана кагазыстыкандарды чыгарып берген компания Италияда. Көпчүлүк жабдыктардыдабиз чет өлкөдөн алабыз. Мындай эсептердин баары «Бакай Банк» аркылуу өткөрүлөт. Айта кетчү жагдай, бардык транзакциялар ылдам жана катасыз жүрөт.

Эмне үчүн «Бакай Банкты» тандадыңыз?

«Бакай Банк» менен болгон мамилем үй-бүлөлүк бизнесибизде иштеп жүргөндө эле башталган. Менин билимим финансы жаатында болгондуктан мага өлкөдөгү эң мыкты банктан эсеп ачуу тапшырмасын беришти. Менин колумда университеттеги «Банктык ишмердүүлүк» предметинде жүргүзгөн биздин изилдөөбүздүн жаңы корутундусу бар болчу.  Анда биз бир нече банкты талдап көрүп алардын арасынан кайсынысы башкаларга караганда туруктуу жана өнүгүүгө келечеги бар экени белгиленген болчу. Менин оюм боюнча, дал ушул «Бакай банк» 1-орунда турду, көп ойлонбостон эсепти ушул банктан ачууну сунуштадым. Бул тандоого ыраазы экенимди  айта алам. Ушунча убакыт бою банктын жетекчилиги жана кызматкерлери биздин суроо-талаптарыбызды уга билип, биз үчүн да, банк үчун да ылайыктуу болгон келишимдин шарттарын сунуштап келишет. Эми кызматташтыгыбыздын 15 жылынан кийин да, биз тараптан бир нече компаниянын атынан «Бакай банк» менен ырахаттануу менен иштеп келебиз.

Fresco'нунпландары кандай?

Кыскача айтканда, өлкөнүн түштүгүнжана Ысык-Көл аймагын өздөштүрүү. Бизди көптөн бери күтүп жатышат. Ал жакка түздөн-түз  соода орундары менен барабыз. Ош шаарында биздин балмуздактар сатылып жатат, бирок соода борборлорунда гана. Бишкектен башка аймактагылар да Fresco балмуздагынын даамын татсын деген тилектерибиз бар. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү чоң рынокторго чыгуу пландарыбыз бар.Коңшу өлкөлөргө чыгуу моделин азыр да ойлонуштуруудабыз. Бир вариант катары,жергиликтүү ишкерлерге франшиза сунуштоону ылайык көрүүдөбүз.