Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Азамат Акенеев: «БТА Банктын» «Бакай Банкка» биригүүсү атаандыштыкты чыңдайт

01 Октябрь 2019

Азамат Акенеев: «БТА Банктын» «Бакай Банкка» биригүүсү атаандыштыкты чыңдайт

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бакай Банкка» «БТА Банкты» бириктирүүгө уруксаат берди. Бул демек, жакынкы аралыкта ортозаар эки банктын ордуна рынокто ири оюнчу пайда болот дегенди билдирет. Бул Кыргызстандын экономикасына кандай таасир берет жана өлкөнүн банк тармагында дагы кандай процесстер жүрүп жатат, биздин басылмага КР Өкмөтүнүн бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңешинин эксперти Азамат Акенеев айтып берди.

- «Бакай Банк» ААКсы «БТА Банк» ЖАКын өзүнө бириктирүүдө. Эки банктын кошулуусу боюнча кандай ойдосуз?

- Мен чындыгында бир катар плюстарды көрүүдөмүн. Кыргызстанда 25ке чукул банк иш алып барат – бул биздин калктын санын, экономиканын көлөмүн жана бизнес жүгүртүүсүн эсепке алганда башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан көп. Атаандыштык, биринчи кезекте, керектөөчүлөр үчүн көптөгөн плюстарды алып келээри менен жакшы, бирок ашкере атаандаштык кээде зыян да алып келиши ыктымал. Кыргызстандын кайсы бир банктары биригүүнүн мерчемдеп жатканы – дурус белги.

- Банктарды көп санда болуусу эмнеси менен жаман?

- Эгер биз акыркы жүз жыл ичинде болуп өткөн дүйнөлүк негизги каржылык каатчылыктарды карап көрсөк, алардын жарымынан көбүндө алгач каржылык институт бузулуп, акча салгандар арасында дүрбөлөн башталган, андан ары бул дүрбөлөң чынжыр бою тарап, башка банктар бузулган да, каатчылык башталган. Кыргызстанга мынчалык көп сандагы банктын кереги жок. Акыркы жылдары Улуттук банк биригүүнү талап кылбастан, банктарды чыңдоо боюнча саясат жүргүзүүдө. Бирок ошол эле уставдык капитал боюнча, камылгалардын көлөмү боюнча жаңы талаптарды киргизүүдө. Бул банктарды документализация жүргүзүүгө, же болбосо ирилешүү боюнча кандайдыр бир келишимге барууга түртүүдө. Ири банктардын майда банктарга салыштырмалуу плюстары – туруктуулук, көрсөтүлгөн тейлөөнүн деңгээли жана кызматтардын саны. Кандай гана кызмат болбосун аларды киргизүү инвестицияны талап кылат, мында банк ири болобу же кичи болобу чыгаша бирдей эле кетет. Бирок анча чоң эмес банктардын кирешеси аз, демек инновациялык продуктуларды киргизүү каалоосу да аз болот. Ашкере атаандаштык айрым каржы институттарында өнүгүү үчүн каражат салуу каалоосун жок кылат. Катаал атаандаштык шарттарында алар бүгүнкү күн, кыска мөөнөттөгү киреше менен жашап калышат.

- Атамекендик банк тармагынын өнүгүүсүндө сиз кандай тенденцияларды байкап жатасыз?

- Дүйнөлүк тенденциялар интернет менен онлайн-технологиялардын аябай көп тарап жатканы менен байланыштуу. Каржы секторуна, мурда бул тармакта иш алып барбаган компаниялар киришүүдө. Азыр технологиялар экономиканын абдан көп секторуна, мурда банктар гана аткара алган функцияларды жөндөй ала тургандай квази-банктардын ролун берүүдө. Эгер Кыргызстанды алсак, телекоммуникациялык компаниялар каржы секторуна кирүүгө кызуу аракет кылып жатышат. Алар өздөрүнүн капчыгын ачып, төлөмдөрдү жүргүзүшүүдө, анча чоң эмес көлөмдөгү насыяларды беришүүдө. Булардын баары мааниси боюнча – жалгыз гана банк тутуму аткара ал турган функциялар болчу. Адамдарда өз каражаттарын салууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Эгер мурда элде ашыкча каражат болуп калса алардын 99,9% акчасын банкка депозитке алып барышчу, азыр өнүккөн технологиялардын эсебинен аларда башка каржы куралдары пайда болууда. Мисалы, баалуу кагаздарга инвестициялоо, облигацияларды сатып алуу жана башкалар.

- Адамдар баалуу кагаздарга инвестиция салуусу үчүн Кыргызстанда каржылык сабаттуулук жетишээрлик деңгээлде жогору деп ойлойсузбу?

- Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугу анча жогору эмес. Эл каражатын акчалай сакташат же кыймылсыз мүлккө салышат. Каржы ресурстарынын жетишээрлик чоң көлөмү калктын колунда сакталуу, эгер адам өз каражатын үйүндө сактаса, алар экономикага иштебейт жана кандайдыр бир кошумча нарк кошулбайт. Албетте, бул дурус эмес. Бирок акырындап оңолуу бар.

- Кыргызстанда улгайып калган жарандар кеңселерге кайрылууну туура көрүшөт. Балким банктар мындан ары да филиалдык түйүндөрдү өнүктүрүшү керектир?

Кыргызстанда каржы ресурстарынын ири бөлүгү кандай болгон күндө да ири шаарларда: Бишкек жана Ош шаарларында орун алган. Аймактарда элдин көп экенине карабай төлөм боюнча кандайдыр бир операциялар, деги эле жалпы иштиктүү активдүүлүк анча көп эмес. Ошол эле убакта акчаны банкка салуу – аларды иштөөгө мажбур кылуунун таасирдүү ыкмасы. Банк эч качан акчаны «өлүк жүк» кылып кармабайт. Банк аларды ар дайым насыя кылып берүүгө аракет кылат, алардын эсебинен депозиттер боюнча пайыздык үстөк чендерин төлөп турат. Адам акчасын банкка салганда, алар экономикага иштеп башташат – алар кошумча акча массасын жана кошумча эффект түзүшөт. Калкы өз каражатын банктарда кармаган өлкө, эли акчасын жаздыктын алдына сактаган мамлекетке салыштырмалуу тез өнүгөт. Андыктан аймактарда филиалдык түйүндөрдүн болуусу абдан маанилүү. Бара-бара банктардын ирилешүүсү жана биригүүсү, балким, кардарлар үчүн тобокелчиликти азайтат деп ойлойм. Адам өзүнүн акчасын система түзүүчу банкка салса, анда ал, мындай банктын мурдагыдан да квалификациялуу менеджментти тартуу мүмкүнчүлүгү бар деген пикирде болот, бул банктын акционерлери банктын ишинин таасирдүүлүгүнө көбүрөөк баам салып турушат. Андыктан майда банктардын ашыкча көп болуусу каржы тутумунда коркунучтарды көбөйтөт, ал эми банктардын ирилешип баштаганы – абдан жагымдуу кадам. Мындай банктардын салымчылары кооптонбошу керек, алар үчүн тобокелчилик жок, анткени шарттар жакшырып жатат. Ошол эле жогорку киреше учурунда тобокелчиликтер азаюуда.