Бакай Банк кадрдык потенциалды түзүү максатында келечекке инвестиция жүргүзөт.

26 Июнь 2024

А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумунун (БФЭТ) студенттери кайсы бөлүмдө алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн мыкты өздөштүрө аларын аныктоо максатында “Бакай Банк” тарабынан уютурулган тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин, окуу менен иштөөнү айкалыштырууга макул болгон студенттер банкта такшалуудан өтүп башташат.

Банк кызматкерлери техникумдун мугалимдери  тарабынан уюштурулган ар кандай иш-чараларга жана конференцияларга катышуу аркылуу келечектеги финансисттерге өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп келишет. Алар  дипломдук иштерди жактоодо кабыл алуу комиссияларынын курамына киришет, мунун өзү банкка мыкты бүтүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзүп, жаңы таланттарды издөө процессин жөнөкөйлөтөт.

Бакай Банк БФЭТ мугалимдерине болочок финансисттерди даярдоодогу кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, аларга ыраазычылык каттарды тапшырды. Бир нече жылдардан бери банк менен техникум квалификациялуу кадрларды даярдоо жана сертификациялоо жаатында үзүрлүү кызматташып келишет.

 “Бакай Банкта такшалуудан өтүүдө татыктуу төлөнөт, алэми окутуунун акырында студенттер толук жумушка орношуп, алардын эмгек акылары кайра каралып чыгат. Өлкө боюнча биздин 100дөн ашуун бөлүмдөрүбүз бар, мунун өзү жаш адисттерге Бишкекте эле эмес, өздөрү жашашкан аймактарда дагы ишке орношууларына мүмкундук берет” – деп белгиледи өз сөзүндө “Бакай Банк” ААКтын “ВИП Борбор” филиалынын директору Бакай Курманбеков.

БФЭТтин окутуу иштери боюнча директордун орун басары Екатерине Юдахина Бакай Банк менен кызматташуу бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу денгээлин олуттуу түрдө жогорулаткандыгын билдирди.

 “Көптөгөн атайын предметтер боюнча сабактарды бизде банктын кызматкелери өтүшөт, мунун өзү студенттердин актуалдуу жана практикалык билим алууларына өбөлгө болот. Биз окутуу пландарыбызды банк менен бирге бекитебиз, алардан келечектеги адистерди эмне күтөрүн, аларды эмнеге үйрөтүү керек экендигин сурайбыз. Башкача айтканда, биз жумуш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуудабыз. Биздин студенттерибиздин дээрлик 80 пайызы мамлекеттик экзаменди тапшырып бүтөрү менен эле жумуш табышат”- деди Екатерине Юдахина.

Билим берүү мекемелери менен банктардын ортосундагы мындай үзүрлүү кызматташуу жаш адистердин келечекте өз мекенинде карьера курууларына өбөлгө болмокчу.     

 “Жыл сайын банк финансылык экономикалык техникумдун 50дөн ашык студентин жумушка кабыл алып турат. Биздин көптөгөн ийгиликтерге жетишкен кызматкерлерибиз А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумунун бүтүрүүчүлөру болуп саналышат. Биз  ушундай жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыккандыгы үчүн мугалимдердин курамына терең ыраазычылык билдиребиз”- деди Бакай Курманбеков.

Поделиться