Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«Бакай Банк» Кыргызстан ЖОЖдорунун арасындагы инновациялык сынакка колдоо көрсөттү

23 Декабрь 2019

20-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде  «Кыргызстандын ЖОЖдору арасында инновациялык идеялар» сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо салтанаты өттү. Сынакты өлкөнүн алдыңкы компаниялары Beeline, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» жана «Бакай Банк»  колдоого алган.

Сынак 2018-жылдын ноябрында «EdNe »Билим берүү  тармагындагы сапаттын кепилдиги боюнча агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен бизнес өнөктөштөрдүн («Скай Мобайл» (ТМ Beeline) ишканасы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКы, «БАКАЙ БАНК» ААКы) колдоосу менен бизнес жана ЖОЖдор арасында инновациялык кызматташтык маданиятын жана сапатын түзүү максатында, жашоо үчүн зарыл болгон ийкемдүү билимдерди кабыптандыруу аркылуу билим берүүнүн инновациялык ыкмаларын иштеп чыгуу максатында жарыяланган.

Сынакка И. Раззаков атындагы КМТУ, Туризм Академиясы, К. Карасаев атындагы БГУ, И. Арабаев атындагы КМУ, ТалМУ, КЭУ, КГИ, Н. Исанов атындагы КГУСТА жана ОшМУ сымал жогорку окуу жайлардан 29 билим берүү программасы катышкан. Сынактын катышуучулары алдына, студенттерде бүгүнкү күндө  Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон  алты билимди калыптандыруу максатында, бир семестр ичинде билим берүүнүн ыкмаларын жана ага мамилени өзгөртүү тапшырмасы берилген. Ийкемдүү билимдердин тизмеси сынактын өнөктөштөрү болгон үч бизнес-компания тарабынан түзүлгөн. Сынак 3 баскычтан турган – ар бир баскычта ийкемдүү билимдердин студенттер тарабынан да, окутуучулар тарабынан да кандай колдонулуп жатканы боюнча студенттер менен мугалимдердин иштеринин жыйынтыктарына баа берилген. Катышуучуларга талап – билим берүүнүн өзгөртүлгөн ыкмаларын сынак бүткөндөн кийин да ЖОЖдордо студенттерде ийкемдүү билимдерди калыптандырууну улантуу үчүн окуу планы боюнча бекитүү талабы коюлган.

Сынакты баалоого «Скай Мобайл» ишканасы (ТМ Beeline), «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКы, «БАКАЙ БАНК» ААКы бизнес-компанияларынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен «EdNe »Билим берүү  тармагында сапаттын кепилдиги боюнча агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Сынактын жеңүүчүсу деп Туризм Академиясынын «Эларалык мамилелер» билим берүү программасы табылып, ал Кыргызстандын алдыңкы компаниялары болгон «Скай Мобайл» (ТМ Beeline) ишканасы, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКы, «БАКАЙ БАНК» ААКынын байге фондун алышты. EdNet Агенттигинин атайын сыйлыгын Ош Мамлекеттик Университетинин «GM дарылоо иши» программасы алды. Мындан сырткары, семинардын уюштуруучулары катышкан баардык ЖОЖдордун арасынан  сынак учурунда кесипкөйлүгүн жана кызуу позициясын көргөзгөн айрым мугалимдерди белгилешти.

 

Поделится