Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«БАКАЙ БАНК»: «Биз кардарларыбыз менен бирге өсүп-өнүгөбүз!»

18 Сентябрь 2019

«Бакай Банкы» —банк тармагындагы лидерлердин бири. Аталган банк 20 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан жашоочуларына каржы кызматтарынын кеңири тармагын татыктуу сунуштап келет. Учурда банктын 76 сактык кассасы  жана филиалдары республиканын баардык аймактарындагы кардарларды ыкчам, сапаттуу жана ыңгайлуу кызмат менен камсыздап жатышат. Жакында эле «Бакай Банк» баш калаанын тургундарына оригиналдуу белек жасады: Бишкектеги соода борборлорунун биринде музыкалык аянт салтанаттуу түрдө ачылды. «Бакай Банк» классикалык музыканын  күймөрмандары үчүн атайын конструкция менен жабдылган көчө пианиносун коюп берди. Бул музыкалык сюрпризди банк бардык бишкектиктерге жана Кыргызстандын борборунун меймандарына арнады, эми жарандар кайсы убак болбосун каалаган музыкалык чыгармасын ойноп,  сезимге бай мелодиядан ырахат алып жана аны  кубаныч менен башкаларга тартуулай алат. Бүгүн «Бакай Банктын» бул жылдагы ийгиликтүү ишмердиги, насыялык жана депозиттик портфелиндеги ийгиликтер, орто жана кичи бизнес субъектилери үчүн программалары,  кардарлар менен иштешүү жана келечекке пландары жөнүндө «СК» корреспондентине «Бакай Банктын» башкармалыгынын төрайымы Бакита Абдыкалыевна МУНДУЗБАЕВА айтып берди.

 - Бакита Абдыкалыевна, «Бакай Банк» кантип түзүлгөн, башында негиздөөчүлөр кандай стратегияны тандап алышкан? 

 - Бул банкта мен негизделген күнүнөн тартып иштейм десем болот, бир эмес эки он жылдыкты ушул банкта өткөрдүм. Негизи биз анча чоң эмес капитал менен баштаганбыз, жамаатта болгону 25 адам эмгектенчү. 1998-жылы Кыргызстан калкынын каржылык сабаттуулугу анча жакшы эмес, банктардын өзүнө да ишеним төмөн эле.  Биз кардарлар келгенде кеңседе өздөрүн ыңгайсыз абалда калышпасын, биздин камкордукту жана колдообузду сезип турушсун деп үйдөгүдөй шартты түздүк.

Башынан эле банктын стратегиясы кардар келип, белгилүү кызматты алгандан кийин каалаган жагына кеткидей эмес, кардарлар менен узак ишенимдүү мамиле курууга негизделген болчу.  Бизнес өнүгүп, алдыга жылышы керек экени түшүнүктүү да, андыктан биз ишти баштаганда эле ар бир кардарды өнөктөш катары кабыл ала баштаганбыз. Ага жараша, жыл сайын биз кызмат көрсөтүүнүн сапатын өнүктүрүүдөбүз.

Бизде узак жылдардан бери банктын өсүп-өнүгүүсүнө жардам берип келе жаткан туруктуу кардардык базабыз бар. Кардарлардын 60% – булар биздин качанкы өнөктөштөрүбүз, каржы рыногундагы атаандыштыкка жана башка кырдаалдарга карабай көп жылдан бери биз менен кызматташып келишет, бул ишеним үчүн биз аларга ыраазыбыз! Биз ар дайым, финансылык продуктуну жана кызматтарды алуу кардарлар үчүн  ыңгайлуу жана жайлуу болуусу үчүн, анын бизге кайра кайтып келүүсү үчүн ылайыктуу шарттарды тузүүгө аракет кылабыз.

Улгайып калган адамдар көп эле келип, бизге өз көйгөйлөрүн жана жаңылыктарды айтып турушат, ал эми биздин адистер алардын айткандарын угуп, кеңеш беришет, кайсы бир учурларда колдоо көрсөтүшөт. Ал гана эмес жөн гана баарлашуу үчүн  айына бир жолу келген кары кишилер да бар. Адамдарга жөн гана жылуу сөз жана колдоо керек, алар аны угуп жана жардам бере терган кызматкерге келишет. Кардарлар аларды өз уу кыздарындай көрүп, пенсия алыш үчүн эле эмес, адамдык мамиле да издеп келишет. Андыктан ар биринин өзгөчөлүгү, жеке муктаждыгы жана талаптары бар болгондуктан, кандай гана кардар болбосун ар бири менен өзүнчө иш алып барабыз.  Бул үчүн биз кардарларды тейлеп, аларга кеп-кеңеш берген өзүбүздүн кызматкерлерибиздин деңгээлин көтөрүп жатабыз.

Билесизби, банк кызматтарынын биздин рынокко сүңгүп кирүүсү азырынча анча терең эмес, азырынча кандайдыр бир ишенбестик болуп турат, кантсе да банктар каатчылыктын кесепетинен банкрот болуп, ал эми эл ал жактан өз акчаларын ала албай калган учурлар болгон.  Айта кетсем, азырынча биздин элдин негизги бөлүгү чогултуп койгон каражаттарын «төшөктүн астында» сактоодо. Албетте, кардар банкка келгенде ага максималдуу түрдө кеп-кеңеш берүүгө өз кызматкерлерибизди тууралап жатабыз. Ага эмне жарайт, балким, депозит керектир же ал капыстан билинип калуудан же башка терс жагдайлардан коркуп жаткандыктан балким сейфте кутуча зарылдыр, кызматкер баарын толук айтып бериши керек. Мындай учурлар үчүн банкта жеке сейфтер да бар. Балким, кардар которууларды жүргүзгүсү же болбосо башка кызмат алгысы келет. Жалпысынан, кандай кызматты сунуштоону билиш үчүн алар менен  өз ара ишенимдүү диалог болуусу зарыл. Туруктуу өнөктөш болуп калаар-калбасы көпчүлүк учурда банктын кардар менен алгачкы жолугушуусунан көз каранды. Алар бизге, биз аларга керекпиз, ошондуктан алар бизге иштиктүү кагаздарды толтуруп бере турган жөн гана кеңсе клерктери катары мамиле кылбастан, банк менен өзгөчө ишенимдүү мамилеси боло тургандай кылып имерип алышыбыз керек.

- «Бакай Банктын» макамы жана түзүмү жөнүндө айтып берсеңиз. Аймактык банк макамын  өзгөртпөйсүздөрбү?

- «Бакай Банк» ААКсынын тарыхы 1998-жылдын декабрынан башталат жана өткөн жылы 20 жылдык мааракесин белгиледи. Бул банк үчүн бир далай жаш, бүгүнкү күнү биз, бул жылдар аралыгында туруктуу каржы инсититуту болуу эле эмес, продуктулук линияны  жана биздин кардарларыбыздын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү менен баардык көрсөткүчтөр боюнча ургаалдуу өнүгүүнү камсыздадык деп сыймыктануу менен айта алабыз.  Ушул тапта банктын башкы кеңсеси, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында тогуз филиал жана өлкөнүн баардык аймактарында 76 сактык кассасынан турган түйүн толук кандуу иштеп жатат. Биздин мекеме Банктар аралык  процессинг борборунун жана VISA тутумунун катышуучусу, ошондой эле депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу, Кыргызстан банктарынын Бирлигинин жана Кыргызстандын соода-өндүрүш палатасынын мүчөсү. Биз аймактык банк макамын өзгөртүүнү мерчемдеген жокпуз, бирок анын плюстарын колдонуп, каржы рыногунда өз позициябызды күчөтүү үчүн «БТА Банк» ЖАКы менен биригүү боюнча чоң пландарыбыз бар.  

 - Келиңиз эми «Бакай Банк» бизнесин өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө сүйлөшөлү, анын артыкчылыктары эмнеде жана келечектеги өнүгүүсүнүн жагымдуу өзгөчөлүктөрү кайсылар? 

- Банктын стратегиясы ири, орто жана кичи бизнестеги ишканалар менен  узак мөөнөттүү өнөктөштүктөгү өз ара мамиленин негизинде өзүнүн бизнесин курууну жана өнүктүрүүнү мерчемдеген универсалдуу коммерциялык институт катары келечектүү жана туруктуу өнүгүүгө багытталган. Банктын кардарлар менен  өз ара мамилесинин негизин кызмат көрсөтүүнү уюштурууга жекече мамиле жана ар бир кардардын муктаждыгын максималдуу түрдө канаттандыруучу банктык кызматтарды иргөө түзөт. Биз маалыматтык технологиялар тармагындагы жаңы жетишкендиктерди кигизип, бизнес-процесстерди жакшыртып жана тейлөөнүн сапаты менен деңгээлин жогорулатуу менен ар бир кардарга заманбап банк кызматтарынын жыйындысын берүүгө аракет кылуудабыз.

«Бакай Банк» ААКсынын күчтүү тараптары болуп филиалдардын жана сактык кассаларынын бирдиктүү аймактык тармакталган түйүнүнүн болушу, кызматкерлер менен жетекчилердин жогорку кесиптик деңгээли, ар бир кардарга ийкемдүу жана ыкчам мамиле, жаңы кызматтарды киргизүү болуп саналат, булардын баары курамына юридикалык жана жеке жактар кирген кардардык базанын туруктуу өсүүсүнө өбөлгө түзөт. Биз банктын туруктуулугун камсыздоочу жана рыноктук конъюнктуранын өзгөрүшүнө карата рыноктун ар кандай сегменттерине ыкчам ыңгайлашуусуна өбөлгө түзүүчү бир нече толук кандуу бизнес-багыттарды бириктирип чыныгы универсалдуу банк болгубуз келет.

Банк кеңейип, биздин кардарлар менен биргеликте өсүп-өнүгө баштаганда, биз жаңы имаратка көчтүк. Анын архитектуралык дизайны жана жасалгасы атайын улуттук стилде аткарылды. Биз уставдык капиталын чет элдик каражаттар жок атамекендик банктарды бири болгондуктан имараттын алдын да кыргыз орнаменттери менен жасалгаладык. Биздин акционерлер – улуттук экономиканы өнүктүрүүнү чындап каалаган, жергиликтүү ишкерлерге жана иштиктүү чөйрөлөргө көмөктөшкүсү келген кыргызстандык бизнесмендер. Ушул форматта өткөн жылы биз жергиликтүү стартаптарды каржылоо боюнча «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» аттуу биргелешкен долбоорду баштадык. Анткени банк түзүмү эң эле консервативдүү, насыялоо жана  каржылоо жүрүп жатканда салымчынын каржылык абалы туруктуу болушу керек. Ал эми стартапта  ийгиликтүү болооруң же күйүп кетээриң белгисиз, башкача айтканда белгилүү кооптуулуктар бар. Бирок, буга карабастан, биздин банк өзүнчө фонд бөлүп, жаңы баштап жаткан гана бизнесмендер менен иштей баштады, аларды каржылап, бизнесине жардамдашып, кандайдыр бир зарыл кеп-кеңештерди айтып турдук. Банктын алдында жаңыдан баштап жаткан ишкерлер үчүн курстар ачылган, орто жана кичи бизнес өлкөдө ийгиликтүү өнүксүн деп биз аларды курска багыттап турабыз. Анткени, ири бизнестин ар кандай тышкы факторлордун таасирине кабылуу коркунучу көп болсо, кичи жана орто бизнес – каржылык рыноктун туруктуу сегменти болуп саналат жана акырындап жана кичинеден өзүнө киреше таап, мамказынага да акча чыгарып турат.

 - «Бакай-Банк» тарабынан БТА-Банктын акцияларын сатып алууга эмне себеп болду, силер узак убакыттар бою ар башка юридикалык жак катары иш алып барып, бул бизнеске тоскоолдук болгон эмес да?

 - Ургаалдуу түрдө өнүгүп жаткан эки коммерциялык банкты бириктирүү – бул атамекендик каржы институттарын жана Кыргызстандын бардык банк тутумун күчөтүү жолундагы стратегиялык кадам болуп саналат, ал өлкөнүн финансы рыногунда банктын мындан аркы өнүгүү концепциясы менен байланыштуу. Жыйынтыкта, Кыргызстандын каржы рыногунда мындан да күчтүү каржы институту пайда болот. Эки банкты бириктирүү каржылык  активдерди ирилештирүүгө эле эмес, филиалдык түйүндөрдү, продуктулук линейканы кеңейтүүгө жана операциялык, техникалык, кадрдык чечимдерди сапаттуу жакшыртууга жол ачат. Бул келишим Кыргызстандын экономикасынын учурдагы талаптарына жана каржы системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын талаптарына толугу менен жооп берет. Бириктирилген банк биздин республиканын эң ири жана тутутмдуу түрдө маанилүү банктарынын катарына кирет.  Эгер бириктирилген банктын келечектеги көлөмдөрү жөнүндө айтсак, анда өлкөнүн каржы рыногунда капитал боюнча биз 3-орунга чыгабыз, насыялык портфель боюнча төртүнчү, ал эми активдер жана депозиттик база боюнча 6 орунда болобуз.

Банктардын биригиши, биз өсүп жатабыз, күчтөнүүдөбүз, көбөйүүдөбүз, бекемделүүдөбүз дегенди билдирет. Банктардын ар бири кардарлардын банк сервистерин мындан да ынгайлуу колдоно алуусун шарттаган өздөрүнүн эң мыкты кызматтарын жана техникалык жаңылыктарын алып келе алышат. Эки банктын глобалдык жаңы максаттарга жетишүү үстүндө иштей турган жогорку квалификациялуу адистерин бириктирүү иши жүрөт. Банктардын биригиши азыр болуп жаткан тышкы экономикалык интеграциялык процесстерге эң жагымдуу түрдө таасирин тийгизет. Жыйынтыкта, Кыргызстандын финансы рыногунда мындан да күчтүү жана ишенимдүү финансылык институт пайда болот.

 - Банктын өсүшү кандай уюштуруучулук жана инновациялык чечимдерди талап кылды, юридикалык жактар үчүн банк кандай жаңы продуктуларды сунуштай алат жана ал жеке жактар арасында кардардык базаны кандай кеңейтүүнү көздөөдө?

 - Ургаалдуу өнүгүү үчүн банк рыноктогу өнүгүүгө ар дайым байкоо салып турат жана калктын муктаждыгын эсепке алуу менен биздин өлкөнүн жарандарынын мындан да кеңири чөйрөсүнө жаңы жана кошумча кызматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Күн сайын жаңы инновациялык чечимдер жана продуктуларды киргизүу боюнча көп мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Уюштуруу багытында, биз кадрдык жана техникалык потенциалды жакшыртуу боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү караштыруудабыз. Банк жаңы технологиялардын өнүгүшүнө, өзгөчө мобилдик жана интернет-банкингдин  мындан аркы өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Бүгүнкү күнү банк кардарларга насыялык продуктулар, депозиттердин ар кыл түрүнүн кеңири линейкасы боюнча кызмат көрсөтүп келет. Калктын муктаждыктарын мындан да көп канааттандыруу үчүн банк өткөн жылы каржылоонун  ислам принциптерин ЖМЭ – жеке белгилери көрсөтүлбөгөн метал эсеп ачуу мүмкүнчүлүгүн;  КР Улуттук банкы тарабынан жарыяланган баалуу алтындарды реализациялоону, алтынды күрөөгө коюу менен насыя алуу; баалуу кагаздар менен операция жүргүзүүнү кызуу өнүктүрө баштады. Ошондой эле стартап-бизнестерди каржылоо боюнча жана тиричилик техникасы менен телефонду бөлүп төлөө боюнча долбоорлор киргизилди. Жеке жактардын кардардык базасын кеңейтүү максатында кеңири колдонуудагы товарларды сатып алууда чекене насыялоо жана пенсия менен жөлөк пулдарды Элкарт жана VISA карталары аркылуу алуу каралган.

 - Банк «көчөдөн келген» кардарларга эле багытталабы же маяналык долбоорлордун алкагында да кызмат көрсөтүүнү да мерчемдөөдөбү?

 - Банк үчүн ар бир кардар маанилүү жана биз алар менен өнөктөштүк жана узак мөөнөттүү мамиле курууга аракеттенебиз. Бүл үчүн банк анын муктаждыктарын изилдеп,  ага ылайыктуу кызматтар менен продуктуларды сунуштайт. Ушунун аркасынан банк өз ишмердигинин жылдарында маяналык долбоорлордун алкагында кардарларга кызмат көрсөтүүнү кошкондо, туруктуу кардардык базаны түзө алды. Алдыдагы биригүүнүн алкагында  эки банктын кардарлары азыртадан эле эки банктын артыкчылыктарын колдоно алышат. Сентябрдан тарта кардарлар эки банктын — БТА жана Бакайдын ортосунда акысыз негизде төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Мындан сырткары эсептик, депозиттик жана карталык эсептерди тейлөө боюнча бирдиктүү тарифтер киргизилди. Ушул жылдын май айында биздин банк орусиялык «Мир» төлөм тутумуна өнөктөш болду, эми кардарларга бул тутум менен комиссиясыз иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

- Сиздердин банк КР экономикасынын реалдуу секторунун кайсы тармагы насыялоо үчүн көбүрөөк жагымдуу деген көрүүдө? Кичи бизнес сиздердин банк үчүн киреше генератору боло алабы?  

 - Банк бизнестин баардык багыттары киреше генератору болуусун каалайт, бирок бул үчүн өлкөдө жалпы макроэкономикалык кырдаалды жакшыртыш керек болот. Албетте, бүгүнкү күнү насыялоо планында орто жана кичи бизнес экономикалык жактан таасирдүү бойдон калууда. Бирок бул, банк аталган сегментке гана багыт алган дегенди билдирбейт. Насыялык операциялар банк тарабынан корпоративдик кардарлар менен иштешүүдө да, чекене бизнес менен иштешүүдө да өнүктүрүлүүдө.  Биринчи кезекте банк салымчынын каржылык абалына көңүл бурат жана соода-сатык, курулуш, айыл чарбасы, медицина, ипотека жана керектөөчү насыяларын сунуштайт. Ошондой эле банк ислам принциптери боюнча каржылоону сунуштайт, бул үчүн Ош жана Бишкек шаарларында биздин банктын Ислам финансылык борборунун  кошумча кеңселери ачылды.

-Банк тарабынан тартылган ресурстарда насыялардын үлүшү канча? КР насыялоо рыногуна карата өз бааңызды бере аласызбы?

 - Бүгүнкү күнү банк тарабынан тартылган ресурстарда насыянын үлүшү 67,0%. 2019-жылдын 30-июнуна карата «Бакай Банк» ААКсы 3 783 млн. сом көлөмүндөгү насыялык портфели менен Кыргызстандагы коммерциялык банктардын арасында 12 орунду ээледи. Эгер өлкөнүн насыялоо рыногундагы жалпы кырдаалды талдап көрсөк, негизинен, активдүү салымчылар Бишкекте, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында экенин белгилесе болот.  Корпоративдик насыялоонун өнүгүшү инфляция жана бизнестин рентабелдүүлүк деңгээлине карата абдан жогору пайыздык чен сымал олуттуу факторлордун кесепетинен кармалууда. Пайыздык чендерди төмөндөтүү жана корпоративдик насыялоо боюнча  насыялык портфелди көбөйтүү үчүн банк Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусу, Мамлекеттик ипотекалык компания, Кепилдик фондусу менен кызуу кызматташууда жана жыл сайын «Айыл чарбасын каржылоо» долбооруна катышып турат.

 - Кардарлардын саны өскөн сайын, аларга кызмат көрсөтүү үчүн инфраструктураны өнүктүрүү керек болуп жатабы?

 - Биздин банк ар бир кардарга банктык кызмат көрсөтүүдө жеткиликтүү, ыкчам жана сапатка өзгөчө көңүл бөлөт. Андыктан алардын ыңгайы үчүн банк жыл сайын өзүнүн аймактык түйүнүн, ошондой эле банкоматтык жана терминалдык түйүнүн кеңейтүүдө. Бүгүнкү күнү банктын филиалдары жана сактык кассалары баардык облустук борборлордо жана баардык региондордо бар. Заманбап технологияларды колдонуу электрондук капчык, насыя алуу үчүн онлайн арыз берүү, мобилдик тиркеме аркылуу депозит ачуу жана төлөм транзакцияларын жүргүзүү сыяктуу жаңы жана жеткиликтүү бизнес-моделдерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Банкта кардарларды ыкчам тейлөө үчүн  электрондук кезек тутумун кигизүү жана кардарларга жеке кызмат көрсөтүүнү камсыздоонун жардамы менен«бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызмат көрсөтүү киргизилген.

  • Өзүңүздөрдүн жеке төлөм терминалдар түйүнүн  көбөйтүүнү караштырып жатасыздарбы?

 - Банк тарабынан биздин өлкөнүн аймактары боюнча перифериялык жабдыктар түйүнүн көбөйтүү мерчемделүүдө, жаңы банкоматтарды, пос-терминалдарды жана төлөм системаларын сатып алуу жана соода точкаларында орнотуу боюнча кызуу иш жүрүп жатат. Учурда «Бакай Банктын» 54 банкоматы жана 179 пос-терминалы иштеп жатат. Аймактык түйүндөрдү өнүктүрүү кардарларыбыздын өздөрүнө ыңгайлуу жерден акча чыгаруу, эсепти толтуруу жана эсеп боюнча көчүрмөнү алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

  - Банктык тармакта «Бакай-Банктын» иши кандай бааланууда, КР насыялык уюмдарынын арасынан рейтингде кайсы орунда турат, Сиздердин мекемеде алдыга умтулган өнүгүү барбы?

 - 2019-жылдын I-жарым жылдыгындагы коммерциялык банктардын биргелешкен рейтингине ылайык, «Бакай Банк» ААКсы рынокто иш алып барып жаткан 24 коммерциялык банктын арасынан 13-орунга чыккан. Насыялык портфелдин өсүү ыргагы боюнча банктардын рейтингинде биз, 2019-жылдын 30-июнуна карат  өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 28% көрсөткүч менен 5-орундабыз. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биз «Тазабек» бизнес-басылмасынын окурмандарынын версиясы боюнча «Интернеттин тандоосу» номинациясында эң мыкты деп табылдык. Көптөгөн жылдар бою банктын туруктуу кардарлары көп санда чогулду. Алар ургаалдуу жана туруктуу өнүгүүнү, жогорку тейлөө жана сапаттын заманбап банк стандарттарына татыктуу ылайыкташканын белгилешет.

 - 2020-жылга карата мерчемдер жөнүндө айтып берсеңиз, келечекте эмне кылууну пландап жатасыздыр?

 -Алдыда эки банктын кадам-кадам биригүүсү боюнча чоң иштер турат, анда биздин кардарлар утушта гана болот. Бириккенден кийин жаңырган банк маанилүү каржы институттарынын арасынан капитализация боюнча эң күчтүүлөрдүн бири болот. Өлкөнүн филиалдык түйүнү боюнча экинчи орунга чыгып, насыялык портфелдин көлөмү 10 миллиард сомго жетет. Планда дагы бардык параметрлер боюнча банк тутумунун лидерлеринин биринчи үчилтигине жакындоо максаты да бар.

Биригүүнүн жыйынтыгында кардарларга кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, ички бизнесс-процесстерди жакшыртуу максатында, алдыда бириккен банктын ишенимдүүлүгүн жана кирешесин жогорулатууга алып келе турган, ишмердиктин бардык багыттары боюнча эки банктын мыкты тажрыйбаларын колдонуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн колдонууну пландоодо. Кардарлардын банк менен кызматташтыгын максималдуу пайдалуу кылуу үчүн тарифтер менен комиссиялардын көлөмү ийкемдүү болот жана кардарлардын  операцияларынын көлөмүнө жараша алмашып турат. «Бакай Банктын» ынтымактуу жамаатынын негизги максаты каржы рыногунда үлүштү жана бизнестин масштабын көбөйтүү, мындан сырткары пайданы жана таасирдүүлүктү жогорулатуу.

 

Жанна КАРИМОВА,

Александр ШЕПЕЛЕНКО.