Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«Бакай Банк» Моцарттын уникалдуу «Реквием» концертине меценат болду

25 Сентябрь 2019

Биринчи жолу Бишкекте классикалык музыка сүйүүчүлөрүнүн баары «The Osnabrück Youth Choir» аттуу немис жаштар хорунун аткаруусунда В. А. Моцарттын «Реквиемин» уга алышат. Бишкектеги «HANGAR» мультимедиялык борборунда 10-октябрда өтө турган бул уникалдуу концертке «Бакай Банк» меценат болуп берди. Саамалыкка Германия, Швеция, Польшадан аткаруучулар Оливер Крингель (тенор), Арвид Фагерфьялл (баритон), Богна Бернагевиц (сопрано) жана Барбара Хёфлинг (меццо- сопрано) катышат.

Музыканттар В. А. Моцарттын акыркы чыгармасын эки жолу аткарып беришет: саат 17.00 жана 20.00дө.

«Ооба, ушул жөнүндө мен аябай кыялданган, дагы деле ишене албай турам. Бирок продюсер жана досум Michael Dreyerдин жеңил колу жана чоң колдоосу менен биз агартуучулук жолундабыз. Ангарда 10-октябрда жолугушканга чейин», - дейт «Prima» Коомдук Фондунун Президенти Виктория Юртаева. «Реквием» Моцарттын эң белгилүү чыгармаларынын бири болуп саналат жана анын эң маанилүү чыгармаларынын бири катары каралып, 14 бөлүктөн турат. Баардыгыңыздарды классикалык музыкага сүңгүп кирүүгө чакырабыз.

Маалымат жана жолдомолор +996770787674 / +996700342512 телефон номурлары жана www.ticket.kg сайты аркылуу берилет. «HANGAR» мультимедиялык борборунун дареги М. Горький көч., 11/3.

«The Osnabrück Youth Choir» Йоханнес Рахе (Johannes Rahe) тарабынан 1974-жылы негизделип, жаш 60 аткаруучудан турат, алардын көбү Оснабрюкского Жыйынынын Хорунда билим алышкан. Хордун жогорку сапаты көп сандаган диск жана телеберүүлөр аркылуу бекитилген. Хор Түштүк Америка, АКШ, Канада, Жапония, Израиль, Гана жана европалык көпчүлүк өлкөлөрдү эсепке алганда дүйнө жүзү боюнча гастролдоп келет. «Morgenland» фестивалы менен кызматташуу учурунда Иран (2009), Сирия жана Иорданияга (2010); Түндүк Ирак (2013) жана Ливанда (2017) болушкан. 1982-жылы Жаштар хору Биринчи German Choir Competition сынагында Биринчи Байгени алган, ошондой эле Кельн шаарынын атайын сыйлыгына татыган, ошондон бери эл аралык сынактарда байгелерди тынымсыз жеңип келишет. Учурда Европадагы мыкты хорлордун бири катары беделдүү орунда турат.

Наджи Озгудж - түрк дирижеру. Анкара мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижеру.

1993-жылы ал П. И. Чайкавскинин «Уйкудагы сулуу» чыгармасы үчүн TOBAVдын «Жылдын эң ийгиликтүү дирижеру» премиясына ээ болгон.

2011-жылдын декабрында анын А. А. Сайгунга танадык «Yunus Emre Oratorio» чыгармасын аткаруусу «Жылдын эң мыкты чет элдик пластинкасы» наамын алган.

2014-жылы классикалык музыканын 10-эларалык D-Marin фестивалында Фазил Сайдын «Гермийя / Юнустун жонундагы бала» сценалык чыгармасынын дүйнөлүк премьерасын аткарган.