Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Дмитрий Чуприна: «Биз «Бакай Банк» менен «БТА Банктын» биригүүсүн колдойбуз»

02 Декабрь 2019

«Дмитрий Чуприна & Партнеры» компаниясынын эксперти Елена Машукованын айтымында, «Бакай Банк» өзүнө «БТАны» бириктирип алууда, аны өзүнө сиңирип алууну эмес, тескерисинче интеграцияны максаттап, эки банктын тең жетекчилерин сактап калууну каалады, ал эми келечектеги «Бакай Банктын»  баалуулуктарын эки банктын жамаатынын катышуусунда аныкташууда.

Эки ири банк — «Бакай» жана «БТАнын» юридикалык биригүүсү 2020-жылдын башында аяктайт. Бириктирилген банк «Бакай» бренди менен иштеп Кыргызстандагы эң маанилүү каржы уюмдарынын бири болуп калат — уставдык капиталынын көлөмү боюнча үчүнчү орунду ээлеп, таралган филиалдык түйүндөрү боюнча төртүнчү орунга чыгат.

Эл аралык «Дмитрий Чуприна & Партнеры» компаниясы 20 жылдык тарыхтары бар эки банктын жамаатын бириктирүүгө салым кошууда.

 «Дмитрий Чуприна & Партнеры» компаниясынын талдоочусу, HR-эксперт Елена Машукованын айтымында, «Бакай Банк» өз чечимдерин «БТАга» таңуулаган жок, эки  банкты интеграциялоодо.  

«Биз бириккен банктын ишмердигин коштоп жүрө турган жалпы баалуулуктарын, анын миссиясын, кардарларга, өнөктөштөргө, бири-бирине карата мамилелери боюнча стандарттарын жана нормаларын аныктоосуна салым кошуу үчүн чакырылганбыз. Биз аны жалпы баалуулуктардын негизинде аткаруудан артык эч нерсе жок деп эсептейбиз, биз алгач баалуулуктарды аныктаган кезде, алар эки банкка тең жакын экенин көрдүк», — дейт Машукова.

Анын сөзүнө караганда, «Бакай Банктын» жетекчилиги ишенимдүү, ошол эле убакта жылуу мамиле кылууда.  

«Мен топ-менеджменттен ишенимди көрдүм. Мага белгилүү болгондой, жаңы банктын курамында эки банктын тең жетекчилери өкүлчүлүк кылышат. Бул абдан жылуу мамиле. Андыктан алар өзүнө сиңирип алууну эмес, интеграцияны  каалап жатышканын көрүп жатам», — деп бөлүштү HR-эксперт.

«Адамдар жөн эле эмес, максаттар үчүн үйлөнүшөт»

Уюшкан өнүгүү боюнча эксперт Дмитрий Чуприна банктардын биригүүсүн адамдардын никеге туруусу менен салыштырат.

«Адамдар жөн эле аял алып, жөн эле турмушка чыкпайт эмеспи, балалуу болуп, коомдун жаңы тобун түзүү үчүн турмуш курушат. Бул жерде деле ошондой: банктарды бириктирүү аркылуу жете турган чоң максаттары бар. Биз колдойбуз жана бул биригүүгө дайым жардам беребиз», — дейт эксперт.

Чуприна белгилегендей, Кыргызстандын экономикасы салыштырмалуу анча деле чоң эмес, андыктан банктар дайыма эле бириге бербейт.  Анын сөзүнө караганда, Казакстан менен Орусиянын компаниялары биригүү процесстеринен көп эле өтүшөт.

«Биз чет өлкөлөрдө башка банктардын биригүүсүн коштогонбуз. Башында бираз суроолор болушу ыктымал, бирок убакыттын  өтүшү менен баардыгы турукташат. Бул ансыз болбой турган процесстер. Эми бул банктар — чыныгы гиганттар», — дейт Дмитрий Чуприна.

Экономикалык эксперттер жана банктык бирикмелердин жетекчилери «БТА Банктын»  «Бакай Банкка» биригүүсүн өлкөнүн экономикасы жана эки банктын кардарлары үчүн жагымдуу белги деп баалашты. Учурда «Бакай Банк» ушул кезге чейин эки банкта таасирдүүлүгүн көрсөткөн кадрдык, каржылык, техникалык сервистик чечимдерди бириккен жаңы банкта улантып кетүү үчүн эки банктын мыкты тажрыйбаларын аныктоодо.

 

Поделится