Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


ЭКСПЕРТТЕР: «БТА Банктын» «БАКАЙ Банкка» биригүүсү  - эларалык банктар менен атаандыштыкка даярдык

18 Октябрь 2019

Уставдык капиталынын көлөмү боюнча төртүнчү жана он экинчи орунда турган эки банк биригүүдө. Эксперттердин пикиринде, бул жагдай өлкөнүн каржы секторун күчтөндүрөт жана республикабызга эл аралык ири каржы-насыялык мекемелерди тарта алат.

Кыргызстанда акыркы жылдар боюнча каржы тармагынын эң ири сатуу жана сатып алуу келишими расмий жарыяланды:«Бакай Банк»жана«БТА Банк» биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аякташты. КР Улуттук банкы биригүүнү тастыктоо менен бекитти. Биригүү 2020-жылдын башында аяктайт. Белгилүү болгондой бириктирилген банк«Бакай Банк»бренди менен иштейт.

Мындай биригүү сюрприз деле болгон жок. Каржы уюмдарынын биригүү пландары жөнүндө сөздөр ушул жылдын март айынын орто ченинде эле айтыла баштаган. Коомчулукту чындап кызыктырганы, алардын эмне үчүн мындай кадамга барышканына жана акыры керектөөчүлөргө кандай таасир этээри болууда.  

«Банктардын биригүүсүжөнгө салуучулар үчүн да, кардарлар үчүн да жакшы жаңылык. Улуттук банкка жайнаган майда банктарга караганда, бир нече ири каржы-насыялык мекемелерди жөнгө салуу жеңил болот”,деп билдирди«Акчабар»басылмасына экономика жана каржы боюнча көз карандысыз эксперт Азамат Акелеев, биригүү турасында пикири менен бөлүшүп жатып.

Биздин убакта биригүү ар кыл тармактарда, анын ичинде банк тармагында да болуп жатат. Ирилешүү жана кайра түзүү Кыргызстанга эле тиешелүү эмес, бул дүйнөлүк практикада көп кездешет. Ийгиликтүү биригүүлөрдүн ийгиликтүү мисалы катары   PWC, Ernst & Young, Deloitte консалтинг компанияларынын тобун атап кетсек болот.

Биригүү коммерциялык банктардын таасирдүүлүгүн жогорулатууга жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, жыйынтыгында каржы продуктуларына жана тейлөөгө өсүп жаткан талаптарды сапаттуу канааттандырууга жол ачат. Мындай кадамга баруунун себептеринин бири катары, банк рыногунун глобалдашуусун, атаандаштыктын күч алышын атасак болот.

«Бакай Банктын» жетекчилиги өзүнүн продуктуларын калктын бардык аймагына жайылтуу каалоосу, эмне үчүн«БТАнын»акцияларын гана сатып албастан анын структурасын бириктирүүгө да барганын түшүндүрүп берет. Мындай шартта,«Бакай» өзүнүн филиалдарынын жана сактык кассалар түйүнүн эки эсе көбөйтүп алат: алардын саны өлкө боюнча 170тен ашат.

«Кардарларга ири чоң банктардын кызматын алуу пайдалуу, анткени алар туруктуу. Мында эки банк эң мыкты тажрыйбаларын бириктирди, эми алар инновациялык продуктуларды иштеп чыгууда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.«БТА»жана«Бакай»банктарынын эки командасынын  биригиши, ымалалашуусу, бирин-бири толуктайт, күчтүү жактарын калтырып, алсыз жактарын жок кылышат. Бул кошумча насыячылар үчүн жагымдуу белги болот, анткени алар үчүн тобокелчилик кыскарат жана каражаттарын«Бакай Банкка» активдүү сала башташат»,деп белгиледи Акелеев.

 

[16:03, 23.10.2019] Асель Айтпаева: основатель Bizexpert

[16:04, 23.10.2019] Асель Айтпаева: и он уже не член совета директоров

Эки каржылык уюмдун кошулуусунун оң жактары тууралуу BizЕxpert негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев да ой бөлүштү.

«Каржы рыногунда эми ири оюнчу пайда болууда. Бул өз активдерин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы банк арзан акчаны көбүрөөк өзүнө тарта алат. Атаандаштыкты жогорулатуу жагынан алганда, бул кадам экономика жана керектөөчүлөр үчүн пайдасы көбүрөөк»,дейт Кыдырбаев.

 

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында Кыргызстанда каржы-насыялык уюмдар өтө көп, бирок бул рынокко анчалык деле оң таасирин алып келбейт.

«Банк продуктулары кымбат, кырдаалды оңдоо үчүн рынокто ири каржы оюнчулары, анын ичинен эл аралык каржы институттары пайда болушу керек. Ошондо элде арзан насыялар, камсыздандыруу, 20 жылга 2-3% менен жеткиликтүү ипотека, бүгүнкүдөй айыл-чарба секторуна эле эмес ишкерликтин баардык түрү үчүн 5-6%  менен жеткиликтүү  бизнес-насыялар пайда болот»,деп сунуштады экономист Искендер Шаршеев.

 

Ал айрым каржы уюмдарынын ирилешүүгө аракет кылып жатканын – эл аралык банктар киргенден кийинки атаандаштыка туруштук берүү үчүн жасалып жаткан келечектүү кадам экенин айтат. 

«Ишкерлердин тобу келечекти алдын ала көрүүгө аракеттенишүүдө. Эртеби-кечпи Кыргызстан эл аралык каржы институттарынын кызыкчылык аймагына кирет деп эсептейм. Ошондо өлкөдө 2-3 гана ири банк жашап кете алат. Кандай болгон күндө дагы эл мындан утушка гана ээ болот»,деп кошумчалады Шаршеев.

Кеп өздүк капиталы аз, кичине насыялык портфели менен чоң филиалдар түйүнүн каржылоо үчүн каржы-насыялык уюмдар продуктуларына жогорку чендерди коюуга мажбур болушкандыгында.  

Искендер Шаршеевдин пикиринде майда банктардагы анык маржа (баа менен өздүк нарктын айырмасы) 2-4%, калганы башка чыгымдарга кетет.

Каржылык жыйынтыктарды максималдаштыруу үчүн банктар чыгашаларын азайтуусу зарыл, бул бизнести консолидациялоодо гана ишке ашат. Банк канчалык чоң болсо өзүнүн кирешесин ошончолук аз коротот, бул   насыялардын үстөк чендеринин төмөндөтүлүшүн күтсө болот дегенди билдирет.

Ирилешүү тууралуу айтсак,«БТАнын» «Бакай Банкка» биригүүсүнө чейин эле алар тизменин акырында эмес болушчу.«БТА»уставдык капиталы (2 млрд сом) боюнча 4-орунда,«Бакай Банк» (627,9 млн сом) 24түн ичинен 12-орунда. Эки банк кошулгандан кийин«Бакай Банк» уставдык капиталы боюнча республикадагы эң ирилердин бири болуп, анын көлөмү 2,6 млрд сомду түзөт. Жыйынтыкта«Керемет Банк»(4,5 млрд сом) жана “Айыл Банк»(3,4 млрд сом) менен биргеликте алдыңкы үчтүккө кирет. Белгилей кетсек, буга чейин бул үчтүккө мамлекеттик капиталы бар каржы уюмдары гана кирчү.

Өлкө экономикасы үчүн оң жактары катары бизнес үчүн арзан насыяларды күтсө болот, банк секторунун турукташуусун жогорулатып, республика үчүн алгылыктуу иштердин бири болуп калат. Андан сырткары, рынокко эларалык уюмдардын кирүү ыктымалдуулугу пайда болот. Чет өлкөлүк капиталдын агып кирүүсү улуттук банк секторунун потенциалын кеңейтиши мүмкүн. Мисалга алсак, дүйнөлүк экономикада биригүү каржы секторун кайра түзүп чыгуунун жана чоң капиталы бар насыялык уюмдарды түзүүнүн бир ыкмасы болуп саналат. Ошондой эле  рыноктон алсыз оюнчулар четтешет.

Аталган макала«Акчабар»маалыматтык ресурсунан бул шилтеме боюнча алынды:https://www.akchabar.kg/ru/article/banks/eksperty-prisoedinenie-bta-banka-k-bakaj-banku-podgotovka-k-/