Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Кыргызстандык дарыгердин каржы тарыхы: жогорулатылган студенттик стипендиядан тарта пенсиялык депозитке чейин

16 Октябрь 2019

Жогорулатылган стипендия үчүн тырышып окуу, профсоюз берген батир, сактык китепчесине чогулткан акчсын дефолт убагында жоготуу, 150 рубль маянасынын 18 сомго чейин кыскаруусу жана 1998-жылдан 2019-жылга чейин кайра акча салуу – бишкектик Советкан Сарбагышева апанын каржы тарыхы кыскача мына ушундай.

Советкан апа 76 жашта, гезиттин банк отчеттору басылган бетин тыкыр окуп, дал ушул каржы маалыматтары үчүн басылманы калтырбай алып турат. Аны кызыктырыганы акционерлердин ысымдары, уставдык капиталдардын көлөмү, активдер жана банк жаңылыктары.

«Бул жакшы гезит, жарым жылдык жана жылдык отчетторду чыгарып турат. Мен пайыздар, чендер жөнүндө маалыматтарды карап турам. Бул жеринде насыялар жөнүндө жазылган, бул жеринде отчеттордун баары бар. Жакында экономист болуп кетем го», — деп тамашалайт Советкан апа.

Ал каржылык отчетторго бүгүн эле кызыгып жаткан жери жок: дээрлик 21 жылдан бери «Бакай Банкка»  депозитке акчасын салып келет, коммерциялык финансы институттары менен таанышуусу да дал ушул банктан башталган.

«Студенттик поликлиникада иштеп жүргөн кезимде 1998-жылы Исанов көчөсүндө бара жатып «Бакай Банк» деген жазуусу бар бир кабаттуу имаратты көрдүм. Зина аттуу кызматкер мени жылуу тосуп алып, баарын жакшылап түшүндүрүп берди. Пайыздык үстөктөр жөнүндө сураганымда – 27 пайыз экенин айтты. Мен ошол жерден эле ойлонуп туруп, чогулткан акчамдын баарын салдым», — дейт  Советкан апа.

Банктын депозит боюнча шарттарынан сырткары, Советкан апа мында тейлөөнү жана кызматкерлердин мамилесин баалайт.

 «Өткөн жылы «Бакай Банкка» туура 20 жыл толду, бул жылдар аралыгында жакшы өнүккөн банктардын бири болду. Андан кийин төрт кабат имарат куруп, ошол жакка көчүп кетишти. Мен ошол жакка бара баштадым, «Бакай Банктын» кызматын ошондо 21 жылдан бери көрүп келе жатам десем болот. Кызматкерлердин ак ниет, сылык, ар дайым сый мамиле кылышканы мени кубандырат», — деп айтып берди Сарбагышова.

Советкан апа 90-жылдары аябай эле кыйналды: жогорку категориядагы дарыгер катары алган 150 рубль маянасы бир заматта айына 18 сом болуп калды.  Көптөгөн карылардай эле Советкан апа азык-түлүктүн советтик бааларын ушул кезге чейин эстеп жүрөт , помидордун 1 килосу — 5 тыйын, уйдун этинин килосу — 1 рубль 78 тыйын. Айына 18 сомдук маяна менен жашаган кези да али эсинде.

«Бул акчага бир жума нан сатып алса болот. Күлкүнү келтирээрлик. Сактык китепчедеги топтогон каражатым да жоголду. Андыктан бул оңбогондой аз акчаны банкка салгандан деле коркпойсуң. 27 пайыз — жакшы эле шарт, балдарга жок дегенде шоколад сатып бересиң», — деп эскерет Сарбагышова.

Катаал 90-жылдарда жашоо оор болгонуна карабастан, Советкан апа ачкалыктан эс-учун жоготуп жыгылган студенттерге да жардамдашып жүргөн.

 

«Мен студенттик поликлиникада гастроэнтерологмун да. 1992-1993-жылдары 2 жолу студенттер эстен тайып жыгылышты. 3-4 күндөп тамак ичишпептир. Үйдөн нан, чай, кумшекер алып келип берчүмүн», — деп айтып берди Сарбагышова.

Боюнда барбы же гастритпиЖогорулатылган стипендия үчүн тырышып окуу

Советкан апа дарыгерликти согуштан ашказан жарасы менен кайткан атасын айыктырам деген максатта тандап алган. Максатына жетүү үчүн өзү туулуп-өскөн Түп районунан Бишкектеги Медициналык академияга билим алууга жөнөйт. Айтымында өзүнүн жана башка студенттердин тырышып окуусуна стипендия түрткү болгон.

 «Жакшы баа алыш үчүн биз түнкү 12, түнкү үчкө чейин окучубуз. Адаттагы стипендия 22 рубль болсо, жогорулатылган стипендия37 рубль. Айырмасы бар. Үч коем десе, эжейден койбой туруусун өтүнүп, кайра окуп келип, жооп берчүмүн», — деп эскерет Советкан апа.

Анын пикиринде, медициналык окуу жайлардын азыркы студенттери жакшы деле окушпайт, анткени стипендия сыяктуу түрткү жок, ал эми сынактарга «төлөп койсо болот».

 «Мен студенттик ооруканада гастроэнтеролог болуп иштегем. Жаш дарыгер кыз бейтапты мага УДИге жиберет: кусуп, жүрөгү айланып, ооруксунуп жатыптыр. Мен карап көрсөм — 2,5 айлык боюнда бар экен. Кантип көрбөй калууга болот? Окутушту да», — дейт Советкан апа.

«Азыркы жаштарга кыйын» 

Советкан апа жашоосунда акчалай кыйынчылыктарга бир топ эле кабылган менен, азыркы жаштарга боору ачыйт, айтымында байгерчиликке жетүү аларга азыр оор. Илгээри, Бишкектеги 2 бөлмөлүү батирин алуу үчүн бир жарым жыл кезекте турганын эскерет.

 «Батирлерди бекер профсоюз аркылуу беришчү. Алгач Пишпектен беришти, андан соң ушуну алдым. Баары даяр болчу, полун жууп эле, кирип кетчүсүң. Азыр болсо ичин өзүң жасайсың, жылуулук жок, мааниси кандай?» — деп суроо салат Сарбагышева.

«Бакай Банк» ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстан жашоочуларына финансылык кызматтардын кеңири багытын сунуштап келет. Учурда өлкөнүн баардык аймактарында 76 сактык кассасы жана филиалдары ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүп жатышат.