Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


“Бакай Банктын” Visa картасы менен ар дайым аракетте бол” акциясынын жыйынтыгы

29 Декабрь 2022

Бакай Банк “Бакай Банктын Visa картасы менен ар дайым аракетте бол” акциясынын негизги жеңүүчүсүн аныктады, Жалал-Абаддан келген Хакимова Барчынай башкы жеңүүчү деп табылды. Акция 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап 2022-жылдын 20-декабрына чейин өткөрүлгөндүгүн эсиңиздерге салып кетмекчибиз. Ал акцияга катышуу үчүн Бакай Банктын Visa карталары аркылуу 500 сом жана андан жогору болгон төлөмдөрдү болушунча көбүрөөк жүргүзүү керек болгон. Ар эки жума сайын биз орто аралык жыйынтыктарды чыгарып турдук жана жеңүүчүлөргө 7 электросамокат тапшырганбыз. Мурда электросамокат утуп алган Барчынай эми электромобилдин ээси болуп калды.

-Мага электромобиль утуп алгандыгымды айтышканда ишенген эмесмин. Бакай Банктын Visa картасын көптөн бери пайдаланам, анткени ал абдан ыңгайлуу. Акция таза өткөрүлгөндүгүнө толук ынандым жана жаңы жылга карата ушундай белекке ээ болгонума абдан кубанычтамын. Бакай Банкка чоң рахмат, сиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! – деди жеңүүчүбүз Барчынай.

Электромобилдин ачкычын тапшыруу Бакай Банктын Башкы кеңсесинде болуп өттү, Барчынай ачкычты Башкарманын Төрайымы Нургүл Сатарованын колунан алды

Нургүл Сатарова өз сөзүндө: - Сизди чын жүрөктөн куттуктайбыз, электромобиль Сиздин ишенимдүү сапарлашыңыз болушуна тилектешпиз, ал эми Бакай Банк ошол сапарда Сиздин өнөктөшүңүз жана досуңуз болуп калмакчы. Биз жаңы жылдык керемет болгон ушул мыкты унааны кубануу менен тапшыруудабыз, ал жакында Жалал-Абадды карай жол тартат- деди.

- Ушундай сонун акцияны уюштурууга мүмкүндүк бергендиги үчүн өнөктөшүбүз Visa компаниясына, ошондой эле биз менен кызматташкандыгы жана өтө маанилүү ишке – өлкөбүздүн экологиясын сактоого салым кошкондугу үчүнElectromobile.kgкомпаниясына терең ыраазычылык билдиребиз – деп жыйынтыктады сөзүн Нургүл Сатарова.