Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Револьвердик карта кандай иштейт: акча дайыма толукталып, керек учурда колдонсо болот

20 Декабрь 2019

Жалпысынан 5 айлык акыга чейин дайыма толукталып туруучу насыядан сырткары «БТА Банктын» револьвердик картасынын ээси бир нерсе сатып алса, 5% кэшбекке ээ болот же бир айлык төлөм пайызсыз жүргүзүлөт. Бул жолу Кыргызстандын рыногу үчүн уникалдуу продукт кандай иштеээри туурасында  айтып беребиз.

Револьвердик карта — бул банктын эмгек акылык долбоорунун кардарлары үчүн 5 айлык эмгек акынын өлчөмүнө чейин, ал эми «БТА Банктын» картасына айлыгы түшпөгөндөр үчүн 2 айлык акынын өлчөмүнө чейин калыбына келип туруучу насыя.  Картаны  Кыргызстан ичинде жана чет мамлекеттерде колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. ЭЛКАРТ жана/же болбосо VISA системасында акысыз ачылат.

Мисалы, сиздин маяна айына 30 миң сом жана сиз айлык акылык долбоордун кардарысыз деп коелу. Сизге револьвердик кредит боюнча беш эмгек акылык лимит — 150 миң сом берилди. Эгер сиз бир сом да коротпосоңуз, анда пайыз да төлөбөйсүз: револьвердик кредиттин көпчүлүк колдонуучулары, муну тезинен акча керек болгондо пайдалануучу каражат катары карашат. «БТА Банктын» башка кардарлары револьвердик картаны эркин колдоно алышаарын айтышат — каалаган убакта жолдомо алып жылуу өлкөлөргө учуп кетсе болот, ошондой эле банкка кайра кайрылбастан техника же кийим-кече сатып алса болот.

Пайыз насыянын колдонулган гана бөлүгүнө эсептелет: эгер сиз 20 миң сом коротсоңуз, пайыз 150 миң сомдун баарына эмес, 20 миң сомго гана эсептелинет.

Эмгек акылык долбоордун кардары катары сиз 2 опциянын бирин тандасаңыз болот:  

Вариант 1:жылына бекитилген 24% чен жана 5% кэшбек

Вариант 2: 1 айга жеңилдетилген мөөнөт менен чен жана жылына 27%

Сизге кэшбек кызык болуп, сиз экинчи вариантты тандадыңыз дейли. Бул учурда сиздин насыя пайызсыз болот: эгер жеңилдетилген ай ичинде насыяны жапсаңыз ага пайыз кошулбайт.

Айына 2000 сом менен кэшбек

Кэшбек «БТА Банктын» эмгек акылык жана револьвердик карталарын колдонуп, бул карталардын жардамы менен Кыргызстандын аймагында соода кылган кардарларга ыйгарылат. Револьвердик VISA картасынын ээлерине кэшбек интернеттен сатып алуулар болгондо да кошуп эсептелет. Ал эми пайыздар ар бир учур үчүн ар кандай:

 

  • Эмгек акылык долбоор боюнча:  — 2% жана айына 1000 сомдон кайтарылат
  • Револьвердик карта боюнча  — 5%  жана айына 2000 сомго чейин кайтарылат

Айталы, сизге 20 000 сомго балдар үчүн керебет алуу керек болду. Бул ири сатып алуу болгондуктан ал үчүн кэшбек аласыз: карта менен төлөгөн учурда сизге 500 сом кошуп эсептелет. Сиз кандай гана эмерек дүкөнү болбосун, каалаган банктын терминалын колдонуп «БТА Банктын» револьвердик картасы менен төлөй аласыз. Ушул жерге чейин окугандарга лайфхак: эгер сиз ошол эле күнү револьвердик картага эмгек акылык картадан каражат которсоңуз (же банктын кассасынан салсаңыз), пайыз кошулбайт, ал эми кэшбекти ала бересиз.  

Эгер бекитилген пайыздык чен жана соодадан 5% өлчөмүндөгү кэшбек картасы боюнча опцияны тандасаңыз, сизге ушул вариант ылайыктуу болот.

                                Револьвердик карта алуу үчүн онлайн-арыз

Керебеттин акчасы төлөнгөн соң сизге, бонустар түшкөнү боюнча билдирүү келет. Алар ар бир айдын аягында сомго конвертацияланып, 1 бонус 1 сомго барабар болот. Мисалы, «БТА Банктын» кызматкерлеринин бирөөсү ири сатып алууларды жүргүзүү менен  револьвердик картасына айына 2000 сомдон кайтарып алат:

 

https://lh6.googleusercontent.com/z-vzVRommBAPjXA8IfopiqpltYjgcyjtJrRvYa42rk5pPd1QzdQNcHZICSaQ_xnoaAQ4vf6OIP5nNEZ7826sNASh2HFGOzTax6vEDh9uWXDTXRDn4lRMZsOoFd0mqcMQPZpyU2LH

Пайда 5% эмес, 25% чейин

Пайданын жалпы суммасы 25%га чейин жетет — банкка өнөктөш дүкөңдөрдө, мейманканаларда, кафе жана ресторандарда револьвердик карта менен төлөсөңүз, сиз 20%га чейин арзандатууга ээ болосуз. Арзандатуулар менен бирге кэшбек бонустары чегерилип, жыйынтыкта пайда дагы көбөйөт. 

Арзандатып саткан өнөктөштөрдүн тизмеси менен бул жерден тааныша аласыздар

«БТА Банк» 2020-жылдын январында «Бакай Банкка» биригет. Бириккен банк Кыргызстандагы эң ири банктардын бири болуп, ишмердигин «Бакай Банк» бренди менен улантат. «БТА Банктын» бардык активдери жана милдеттери «Бакай Банкка» өтөт. «БТА Банктын» револьвердик карталары мөөнөтү аяктагыча мурдагы шарттар менен колдонууга жарактуу болот. «Бакай банкта» дагы револьвердик карталар жеткиликтүү болмокчу.