Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Жумушчуларын турак жай менен камсыз кылуу үчүн «Бакай Банктан» ипотека алган кийим тигүүчү фабрика

11 Ноябрь 2019

Чүй облусунун Ленин айылындагы «Актис» тигүүчү фабрикасы Zarina, befree, Love Republiс жана SELA бренддерине ээлик кылган орусиялык Melon Fashion Group компаниясы үчүн кийимдерди чыгарат. Ишкер Назгүл Тюлегенова айым анын бизнеси эксперттоого ылайыкташкан өндүрүшкө кантип жеткенин, кызматкерлерин турак жай менен кантип камсыздаганын  жана эмне үчүн «Бакай Банкты»  тандаганы тууралуу айтып берди.

Сиздин бизнес кантип башталды эле?

Өзүбүздүн биринчи өндүрүштү өмүрлүк жолдошум менен 2008-жылы чыгарганбыз. Башында буйрутма менен иштеп, кийин базарга өзүбүз чыгып, “Дордойдон” контейнер сатып алдык.

“Дордойдо” иштөөнүн кемчилиги-ал жакта келишим жок, баары сөз түрүндөгү гана макулдашуу. Акча алаарыңа эч кандай кепилдиги жок эле товарды иштетүүгө бересиң. Товардын ордуна эч нерсе албай калган учурлар болгон.

Биз туруктуулукту тилеп жүрүп 2014-жылы бизнести өнүктүрүү боюнча программадан өттүк. Ал жерден консультант Майк Миккельбург менен тааныштык. Ал өндүрүшкө келип кездемелерди көрүүнүн ордуна терезени тиктеп мындай суроо берди: Назгул сен дагы каяка өскөнү жатасың?”, - деп сурады. Ал убакта мага эки кабат турак жай, 4 сотых жери менен чоң ишканадай сезилген. Ошондон кийин мен эмнени өнүктүрүү керектигин түшүндүм.

Өнүктүрүү маселесин кантип чечтиңер?

Биз шаардан чыгып ушул жерди жана өндүрүш тилкесин таптык. Бул жерден биз туурасынан жана бийигинен дагы өссөк болот.

Бизге кошумча каражат керек болду. Ар кандай банктарга кайрылганыбызда айрымдарынын пайыздары жогору, айрымдарыныкы шарттары туура келбейт экен.

Бизге “Бакай Банк” баарынан туура келгени болду. Бизнести кеңейтүү үчүн биринчи насыябызды алдык. Ушул имаратты оңдоп, түзөп, андан ары “Бакай Банктын” жардамы менен имараттын экинчи бөлүгүн сатып алдык.

Өсүү-бул имарат эле эмес, жүгүртүүдөгү каражатты дагы айтсак болот. Бул багытта кандай иштеп жатасыздар?

Чынында, бизнести өнүктүрүү долбоорунда сатып алуучулар (байер) менен иштегенди үйрөнгөндүктөн жүргүртүүдөгү каражат маселеси ойлондурчу. Биринчи келишимибиз Melon Fashion Group компаниясы менен болду. Сатып алуучулар менен иштешүү үчүн жарым жылга тоңдуруп койгон эркин акча болушу зарыл: алгач кездемени буйрутма кылабыз жана жеткирип берүүсүн күтөбүз, андан соң 2-3 ай буйрутма аткарылат. Андан сырткары кийинки буйрутма үчүн кошумча жүгүртүлүүчү каражат талап кылынат. Кайрадан өзүбүздүн эле “Бакай Банкка” кайрылып, транш алдык жана сатып алуучулар менен иштешип баштадык.

Алып сатаар (байер) менен иштешүү-бул кепилдик. Бардык макулдашуулар келишимде жазылган, мен ишенем инвестициялар кайтып келет. Ошондой эле биз убактылуу бир мезгилдеги жумуш эмес туруктуу иш болуп турган абалга жеттик. Мурда “Дордойдо” бир мезгилде суткалап иштеп, калган учурда жумушсуз отуруп калчубуз. Азыр туруктуу иш графигин, эс алууну түзүп алып, жумушту бир жыл алдыга пландап алабыз. Дагы бир жакшы жагы жумушчулар жыл бою иш менен камсыздалгандыктан, кадрлардын келип-кетүүсү төмөн болот. 

Сиздер кызматкерлер үчүн үй сатып алдыңыздар. Эмне үчүн мындай кадамга бардыңыздар жана кантип ишке ашырдыңар?

Кызматкерлердин негизги бөлүгү шаардан болушат. Өзүңөр түшүнүп тургандай Ленин айылына Бишкектен келүү ыңгайсыз. Аймактардан келип Бишкекте квартирага төлөп жашаган жумушчулар дагы көп. Ар дайым балдар үчүн мектеп, бала бакча маселеси бар болчу. Биз кызматкерлерибиз үчүн үй сатып алууну чечтик.

Биздин бактыбызга жумушка он минута жете тургандай аралыкта беш кабат, эки подъездүү үй табылып калды. Курулуш компаниясы менен баасы жана шарттары тууралуу сүйлөштүк. Кайрадан акча маселеси жаралды.

Ушул долбоорго дагы “Бакай Банктан” ипотека алдык. Азыр бизде жумушчулардын негизги бөлүгү үй менен камсыздалды деп эсептесеңиз болот. Квартиранын жарымы биздин кызматкерлердин менчигине өттү. Алар үчүн түздөн-түз банктан ипотека алуу кыйынга турмак, анткени квартиранын баасынын 30% чогултуу татаал.

Муну менен биз, биринчиден кадрлардын туруктуулугун камсыздап жатабыз. Экинчиден, социалдык өнүгүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошуп жатабыз: элдерди жумуш жана турак-жай менен камсыздоодобуз.

Сиздерде канча киши эмгектенет?

Цех 120 орунга ылайыкталган, бүгүн 70тей киши бар. Бул үйдө 25 кызматкер үй-бүлөсү жашап жатат, жалпысынан 50 киши.

Сиздер толугу менен сатып алуучулар (байер) менен иштешүүгө өттүңөрбү же дагы деле “Дордойдо” иштеп жатасыңарбы?

Бүгүнкү күндө теңме-тең иштеп жатабыз: 50% байер, 50% өзүбүздүн бренд менен.

Алып сатаарларды (байер) кантип издеш керек?

Биринчи байерлер бизге долбоор аркылуу жолуккан. Калгандары бирөөлөрдөн угуп келишкен. Биздин этикет боюнча “Дордойдон” көп издешет. Азыр интернет өнүктү, өзүбүздүн сайт болгондуктан ошол жактан жазышат.

Кыргызстандагы тигүү тармагынын келечегин кандай көрөсүз?

Менимче мамлекеттин колдоосу, тактап айтканда ЖЧКларга салыкты төмөндөтүү, насыялардын пайызын төмөндөтүү, киргизилген кездемелерге төлөмдү азайтса тигүү тармагынын келечеги жаман эмес.

Андан сырткары Кыргызстанга инновациялык-логистикалык борбор жана тигүүчүлөрдүн өздөрүнүн биримдиги жетишпейт. Биригүү боюнча айта кетсем, менимче майда ишканалар бириксе жыйынтык болот. Чоң көлөмдөгү буйрутмалар болот. Биз бир нече ишканалар менен иштешип, бир буйрутманы бөлүшөбүз. Мисалы, биз юбка жана шым тигебиз, кимдир-бирөө пиджак жана көйнөк тигет.

Товарларды чыгарып алып-сатар сатуу үчүн сапаттын сертификаты талап кылынат, бул дагы кайрадан эле акча. Эгер ар бир ишкана өзүнчө сертификаттоону каржылай берсе бул өздүк наркка таасирин тийгизет. Бир сертификат бир нече бириккен ишканаларга жараса пайдалуураак болот. Баа категориясы боюнча башка ишканаларга караганда утуш беребиз.