27 Декабрь 2023
Урматтуу кардарлар,
2024-жылдын 10-январынан баштап Банктын карталарын жана эсептерин башка төлөм терминалдары, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер аркылуу толуктаган учурда алуучудан бир календардык ай ичинде 100 000 сомдон ашкан сумманын 1% өлчөмүндөгу комиссия алынат.
Мисалы, эгерде Сиздин эсебиңиз бир айдын ичинде 140 000 сомго толукталган болсо, анда 1% комиссия 40 000 сомдон алынып, эсепке 100 000+(40 000-1%)=139 600 сом келип түшөт.
Бул шарт төлөм суммасынан 0 пайыздык комиссия белгиленген сервистер аркылуу толуктаган учурда гана колдонулат жана төмөнкү продуктуларды толуктоодо колдонулбайт: депозиттерди толуктоо, кредиттерди төлөө, ислам принциптери боюнча ИФБ каржылоосу.
Сиздерде суроолор жаралган учурдау 6111 же 0312 610061 телефондоруна чалууну өтүнөбүз.
Поделиться
27 Декабрь 2023
2023-жылдын 29-31-декабрь күндөрү бөлүмдөрдүн иштөө графиги