Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БТА Банкты» «Бакай Банкка» бириктирүүгө уруксат берди

02 Октябрь 2019

1-октябрда «Бакай Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан «БТА Банк» ЖАКынөзүнө бириктирүүгө уруксат берген расмий кат алды. Бул эки банкты реорганизация кылуу процессиндеги маанилүү баскыч. Биринчи баскычында регулятор 2019-жылдын июль айында «Бакай Банкка»  «БТА Банктын» акцияларын сатып алууга уруксат берген. Акыркы баскычы «Бакай Банк»  ААКсынын жаңы уставынын  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүүсү болот.

«Өзүнө «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» ААКсы Кыргызстандагы ири жана маанилүү каржы институттарынын бири болуп калат. Банк  бардык параметрлер боюнча банк тутумундагы алдыңкы үчтүккө жакындоону пландоодо»,деп белгилейт «Бакай Банктын» башкармалыгынын төрайымы Бакита Мундузбаева.

«Бакай Банк» ААКсы реорганизациядан кийин уставдык капиталынын өлчөмү боюнча (2019-жылдын 31-августундагы маалымат) рынокто 9,7 пайызды ээлеп алдыңкы үчтүккө кирет. Филиалдык түйүн боюнча «БТА Банк» бириккенден кийин«Бакай Банк»(2019-жылдын июлундагы маалымат) 4-орунду ээлейт.

“Биригүү бардык багыттар боюнча эки банктын мыкты тажрыйбаларын  калтырууга өбөлгө түзөт. Бул кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртып, ички бизнес-процесстерди оптималдаштырат жана бириккен банктын ишеним жана киреше деңгээлин жогорулатат. «БТА Банк» ЖАКынын «Бакай Банк» ААКсына биригүүсүнөн кардарлар утушка гана ээ болушат: алар келишим боюнча мурдагыдай эле кала беришет, мындан сырткары, мурдагыдан да пайдалуу продукт жана кызматтарды ала алышат», – дейт «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов.

Поделится