Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


БАНКТАРДЫН БИРИГҮҮСҮ КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ: «ЭҢ ТАТААЛЫ - АДАМДАРДЫ БИРИКТИРҮҮ»

09 Октябрь 2019

«Бакай Банк» учурда «БТА Банк» менен биригүү процессинде. «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов Кыргызстанда сейрек кездеше турган мындай процессте эң оор иш УБКР үчүн документ эмес, ал тургай бухгалтерияны бириктирүү эмес дейт, ал эки банктын 1600дөн ашуун кызматкерин бириктирүү оор экенин белгилеп өттү.

«Эң татаалы - бул адамдар. «Бакай» жана «БТА» банктары - окшош уюм болгону менен ички чөйрөсү такыр ар башка экен: аларда ар башка бизнес- процесстер, ар кандай бизнес түшүнүктөр, башкача көз караштар, бул ар кандай тарыхка ээ болгон эки башка Аалам. Бириктирип жана бир команда кылып чыгаруу оор тапшырма», - дейт «БТА Банк» башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов.

«Бакай Банктын» акцияларын сатып алганга чейин «БТА Банк» корпоративдик кардарларга ылайыкташып, кичи жана орто ишкерликти тейлеген казакстандык ири холдингдин бир бөлүгү болгон жана акыркы эки жылда гана ритейлге айланды. Ал эми «Бакай Банк» Уманкуловдун айтымында, түзүлгөндөн тартып эле кичи жана орто бизнести жана ритейликти (ири банктык иш) кучагына алган «чакан жана ийкемдүү» банк.

«Ар биринин өз кардары, өз чөйрөсү бар болчу. Бирок, банк канчалык ири болсо ошончолук жакшы. Ошончолук ишенимдүү жана туруктуу, тобокелчилик аз, ал эми коопсуздук мыкты болуп, инвестиция алууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылат», - деп эсептейт Уманкулов.

Ошондуктан «Бакай Банк» «БТА Банктын» акциясын сатып алуудан тартынган жок. Бирок, 2019-жылдын октябрь айында КРУБдан өзүнүн түзүмүнө бириктирүү тууралуу урусатын алды. Жакында Кыргызстанда «БТА Банк» бренди токтотулат, бирок, кеңселери, карточкалары, келишимдери толугу менен иштей берет.

«Биз ал тургай филиалдарыбыз кесилишкен шаарларда дагы жабылбайбыз. Мисалы, Ошто «БТА Банктын» эки, ал эми «Бакай Банктын» бир филиалы бар. Филиалдардын түйүнү боюнча төртүнчү орунга чыгабыз да, ошондуктан кайра түзүлгөндөн кийин деле аларды сактап калабыз», - деп кошумчалады Уманкулов.

Азыркы учурда «Бакай Банкта» 700дөн ашуун, ал эми «БТА Банкта» 900дөн ашуун адам иштейт. Штаттык өлчөмдү, банктардагы штаттык тартиптердин айырмасын, бизнес-процесстердин түзүлүшүн, идеологиясын, жасалган мамилелерди жана анын продуктусун эске алуу менен «Бакай Банкта» креатив жетекчини жана «өзгөрүүлөрдүн агентин» кошкондо бир нече жаңы маданий ролдор пайда болду.

Адамдарды барктабай койбош керек же «өзгөрүүлөрдүн агенти» деген ким?

Мурдараак банктын жетекчилиги компаниянын алдында эки банктын мыкты тажрыйбасын айкалыштыруу тапшырмасы турганын билдирген: тейлөө, өндүрүмдүк, технологиялык жана кадрдык. Бул тапшырманы ишке ашыруу максатында HR-кызматы «Бакай Банктын» бизнес-стратегиясын түзүүгө катыша баштады.

«Мичиган университетинин профессору, азыркы замандагы бирден-бир HR (кызмат) устат Дейв Ульрихтин концепциясынын негизинен алынды. Эми HR-кызматы банктын бизнес-стратегиясын аныктоого, түзүүгө катышат. HR- кызматы өзгөртүүчү агент катары ички коммуникацияны, тандоо процесстерин түзүү жана жакшыртуу, кызматкерлерди өстүрүү жана мотивация берүү аркылуу сунуштарды ишке ашырууга жардам берет», - дейт Салтанат Иманкулова.

HR-кызматы боюнча жетекчи Салтанат Иманкулова 2019-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан «БТА Банктын» акцияларын сатып алууга уруксат алгандан кийин, ири эл аралык уюмдардагы коллективдерди жана процесстерди бириктирүү менен иштеген тажрыйбасы менен келди.

«Кызматкерлер өздөрүнүн ишинин жыйынтыгын байкап жана таануулары үчүн жумушунун маанилүү экендигин түшүнүүсү абзел. Алар өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн амбициялуу жана өнүккөн процесстерде демилгелеп жана ишке ашыра алышат. Ошентип жаңы банк менен бирге алар өздөрүнүн тарыхын жасашат. Бул кесиби боюнча бакыт алып келет. Ал эми бактылуу кызматкерлер кардарларды бактылуу кылат», - деди Иманкулова.

Иманкулованын айтымында банк кызматкерлердин бактысына жана катышуусуна инвестиция кылганга даяр.

«Бул акырындап ишке аша турган процесс. Биз кичинекей нерседен баштадык. «БТА Банктын» акцияларын сатып алгандан кийин бир нече мыкты менеджерлер аймактардагы филиалдарга жана сберкассаларга барып, кызматкерлер менен баарлашып, алардын биригүүдөн эмне күтүп жаткандарын билишти. Биз ал кызматкерлер мурда жогорку жетекчилик менен сүйлөшмөк тургай көрбөгөндүгүн билдик. Бул сапарлардан кийин кызматкерлердин маанайы өзгөрүлдү, аларга көңүл буруу жагымдуу болуп, ал жыйынтыктардан көрүндү жана филиалдарда өсүү байкалды» - дейт «Бакай Банктын» HR-директору.

«Бакай Банк» ААКы жана «БТА Банк» ЖАКы азыр биригүү процессинде. «Бакай Банк» жылды өзүнчө жыйынтыктайт жана кайра түзүүнү 2020-жылы бүтүрөт.

«БТА Банктын» биригүүсүнөн соң «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү боюнча Кыргызстанда 3-орунда жана филиалдык түйүндөр боюнча 4- банк болот. Банктын 2019-жылдын 1-сентябрындагы эсептөөсүндө активдер жана насыялык портфел боюнча 6-орунда болот.

Поделится