Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


“БТА Банк” ЖАК депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктардын тизмесинен чыгарылды

15 Декабрь 2020

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги “БТА Банк” ЖАКты депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктардын тизмесинен чыгарды жана 2020-жылдын 30-июлунан баштап Банктын депозиттерди коргоо системасына катышуусу жөнүндөгү №08/09 күбөлүгүн жокко чыгарды.

“БТА Банк” ЖАК 2020-жылдын 8-январында “БАКАЙ БАНК” ААКка кошулган. “БАКАЙ БАНК” ААК депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуу менен бирге “БТА Банк” ЖАКтын укуктарын жана милдеттенмелерин толук бойдон өткөрүп алуучу болуп саналат. Ошентип, “БТА Банк” ЖАКтын келишимдер боюнча депозиттери 2008-жылдын 7-майындагы №78 Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте, өлчөмдө жана шарттарда камсыздандырылган боюнча калды.

“БАКАЙ БАНК” ААК 1998-жылдын 28-декабрынан баштап жеке адамдарга, чакан жана орто бизнеске, корпоративдик кардарларга банктык кызматтарды көрсөтүп келет. 2019-жылы “БАКАЙ БАНК” ААК “БТА Банк” ЖАКтын акцияларын сатып алган жана биригүү жолу менен кайра уюмдашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан уруксат алган.

“БТА Банк” 2020-жылдын 8-январында ЖАК БАКАЙ БАНК” ААКка бириктирилген. Ошентип, БАКАЙ БАНК” ААК Кыргыз Республикасынын эң ири беш финансылык уюмунун катарына кирди.

КРУБдун №043 лицензиясы