Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Билдирүү!

16 Декабрь 2019

Урматтуу кардарлар!

2019-жылдын 4-июлунда жана 16-июлунда «Бакай Банк» ААКы жана «БТА Банк» ЖАКынын акционерлеринин жалпы жыйынында «БТА Банк» ЖАКын «Бакай Банк» ААКына бириктирүү жолу менен кайра уюмдашуу туурасында чечим кабыл алынган.

Кайра уюмдаштыруу процессинде түзүлгөн Банк жогоруда аталган банктардын  бардык укуктары жана милдеттерин толугу менен өзүнө алып, банктык ишмердигин «Бакай Банк» ААКы бренди менен (мындан ары - Банк) улантат.

Жогоруда айтылган кайра уюмдаштырууга байланыштуу, 2020-жылдын январынан тарта Банктын Каракол шаарындагы (Жусаев көч., 123б), Кызыл-Кыя шаарындагы (Асаналиев көч., н/ж) жана Кара-Балта шаарындагы (Кожомбердиев көч., 123) филиалдары «Бакай Банк» ААКынын «Ислам Финансылык Борбору» болуп кайра түзүлөөрүн жана банктык операциялар менен келишимдерди, банк иштери жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык аткара турганын кабарлайбыз.

Буга чейин Сиз менен түзүлгөн келишимдер мөөнөтү аяктагыча юридикалык күчүндө болоорун билдиребиз.

Филиал кайра түзүлгөндөн кийин, Сиз ошол кеңседе кызмат алууну улантсаңыз болот же болбосо «Бакай Банк» ААКынын башка кеңсесин тандасаңыз болот.

Сиздер менен жаңы «Бакай Банк» ААКы бренди менен бириккен банктын алкагында жемиштүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү улантабыз деген үмүттөбүз.

Кошумча суроолор үчүн, Сиз кийинки номурлар менен контакт борборго кайрылсаңыз болот: + 996 (312) 61 00 61, мобилдик телефондордон  6111 кыска номери же www.bakai.kg сайтындагы колдоо кызматына жазсаңыз болот.