Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Каатчылык учурунда ислам банкингиндеги башкы принцип – тобокелчиликти кардар менен тең бөлүшүү

22 Май 2020

Тобокелчиликти банк менен кардардын ортосунда акыйкат бөлүштүрүү – ислам каржылоосундагы башкы принцип. Ислам Финансылык Борборунун кардарлары үчүн кризис кандай өтүп жаткандыгы туурасында ИФБнын жетекчиси  Талант Керимбаев айтып берди.

ИФБ – салттуу банктын алдындагы каржылоонун ислам принциптери менен иш алып барган ислам терезеси болуп саналат. Адаттагы банктардын кардарлары сыяктуу эле ИФБдан кызмат алган адамдар коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр учурунда финансылык кыйынчылыктарга кабылышты. ИФБнын жетекчиси Талант Керимбаев ислам банкингинин башкы принциби – тобокелчиликти кардар менен кошо көтөрүү экени турасында айтып берди.

Азыркы каатчылык учурда ИФБ өз кардарларына эмне сунуштайт?

ИФБ Улуттук банкынын сунушу боюнча, арыз менен кайрылган кардарлардын каржылоо шартын кайра карап чыгууда.  Каржылоону реструктуризация 2 түрдө жүрүүдө. Биринчиси, бизнес 3 айга жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган учурда кошмо баа кийинки айларга бөлүштүрүлөт. Кошмо баанын өлчөмү өзгөрбөйт. Экинчиси, карантинде тобокелчиликке чындап туш болгон кардарларга мөөнөт дагы 3 айга узартылат. Мында да кошмо баа баштапкы бойдон калат.  

Финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон кардарларга кандайдыр бир жеңилдиктер барбы? 

Биз карантинге чыккан жокпуз, банк кызматтарын үзгүлтүксүз көрсөтүп жаттык. Биз тобокелчиликти кардар менен тең бөлүшүүдөбүз. Жыйынтыкта, албетте, киреше кыскарууда. Бирок тобокелчиликти кардар менен бөлүшүү ислам принциптеринин башкысы болуп саналат.

ИФБнын негизги кызматтары:

Мурабаха— кардарды каржылоо боюнча активдүү операция. Тиричилик техникасынан тарта бизнес үчүн имаратка чейин каалаган нерсени сатып алса болот.

Мударабапассивдүү операциясы — депозиттик эсептин аналогу. Акча салуучулар белгиленген пайызды алышпайт, бирок кирешеге да, чыгаша да катышып банктын өнөктөшү болуп калат.

Кард-хасан— жеке жана юридикалык жактарга керектелгенге чейин эсеп. Адаттагы эсептен айырмасы, анын калдыгына пайыз эсептелбейт жана овердрафт иштебейт.

ИФБ картасы — өлкөнүн бардык банкоматтарынан каражат чыгарууга, онлайн төлөм, мобилдик банкингден колдонууга мүмкүнчүлүк берген Элкарт системасынын негизиндеги карта. Ал алкоголь сатуу боюнча дүкөндөрдө жана түнкү клубдарда колдонулбайт.  

Контакттар:

6111

0554 006 111

https://ifcenter.kg/