Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Борбор калаабызды бирге өнүктүрөбүз. «Бакай Банк» “Тазалык” ишканасына кайрадан көмөк көрсөттү

07 Июнь 2023

 “Бакай Банк” кайрадан “Тазалык” муниципалдык ишканасына демөөрчүлүк колдоо көрсөттү. Бул жолу коммуналдык кызматка атайын кийимдерден тышкары керектүү жабдуулар, ошондой эле электроскутер тартууланды.

“Биз “Тазалык” ишканасынын ишине ар дайым байкоо салып турабыз. Социалдык тармактардан ишкананын башчысы участокторду ижарага алынган самокат менен кыдырып жүргөндүгүн көрүп, ага электроскутер белек кылууну туура көрдүк. Электроскутердин жардамы менен “Тазалык” ишканасынын башчысы шаардыктардын өтүнүчтөрү жана билдирүүлөрү боюнча аракеттерди ыкчам көрүп, көйгөйлүү жерлерге экологиялык таза транспорт менен кыска мөөнөттүн ичинде жетип, борборубузду тазалоо иштерине ыкчам көзөмөл жүргүзө алат” – деди өз сөзүндө “Бакай Банктын” башкармасынын төрайымы Нургүл Сатарова.


Банк мындан тышкары ишканага таштандыларды алып чыгуу менен алектенген кызматкерлер үчүн атайын тигилген униформалардын 120 комплектин тапшырды.

Жогорудагылардан тышкары, ишканага таштанды ташуучу автоунаалардын нөөмөткө чыгуучу айдоочуларына медициналык ырастоо жүргүзүү үчүн пайдаланылчу алкотестор тапшырылды. Мурда ишкананын алкотестору жок болчу.

«Униформаларды тигүү үчүн тапшырыкты Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун тигүү ишканасына бергенбиз. Кийимдер бышыктыгы, чаңга жана нымга туруктуулугу менен айырмаланат. Бул абдан маанилүү, антени таштанды ташуучу унаага тиричилик таштандыларын жүктөө менен алектенишкен адамдар татаал шарттарда иштешет.Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомуна колдоо көрсөтүү дагы биз үчүн маанилүү болуп саналат. Биз тапшырык кылган кийимдерди өз учурунда жана сапаттуу кылып тигип беришкендиктери үчүн аларга ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы алар менен кызматташуубузду уланта бермекчибиз” – деп белгиледи Нургүл Сатарова.
 



“Тазалык” ишканасынын директору Рамис Алиев Бишкек шаарына жана анын негизги кызматтарына көмөк көрсөткөндүгү үчүн “Бакай Банкка”  ишкананын жамаатынын атынан ыраазычылык билдирди.

Муниципалитетке демөөрчүлүк жардам көрсөтүү юбилейлик жылы “Бакай Банк” тарабынан “25 жылда – 25 жакшы иш” девизинин алкагында уюштурулган иш-чаранын алкагында өткөндүгүн белгилей кетмекчибиз.

Мурда банк “Тазалыктын” караңгы мезгилде шаарыбыздын жолдорун, көчөлөрүн тазалап иштеген кызматкерлери үчүн атайын тигилген, жарык чагылдыруучу чыптамалардын 500 комплектин белек кылган болчу. Аталган кызматкерлер буга чейин автоунаалардын жарыгында жакшы көрүнбөгөн, алардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген эски чыптамаларды кийип иштешчү

 

Поделиться