Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Жаңы жыл алдында керектөөчү насыялар жөнүндө негизги суроолор

23 Декабрь 2019

Жыл жаңыраарына саналуу гана күндөр калды. Жакындарыңызга эмне белек кылуу туурасында ойлонуп жатасызбы? Эгер сиз өзүңүзгө жана жакын адамыңызга жаңы моделдеги смартфон, планшет,  муздаткыч, же конок үйгө диван  сатып алгыңыз келеби, бул ойду  учурда биригип жаткан «Бакай Банк» жана «БТА Банктын» керектөөчү кредиттери аркылуу ишке ашырсаңыз болот.  Сиздин тандооңузга жараша пайыз кошулбаган, күрөө коюлбай турган, ал гана эмес көп сандагы документти талап кылбаган насыялар сунушталат. Биздин өнөктөш дүкөндөр жана соода түйүндөр Бишкек, Ош шаарларында жана ошондой эле өлкөнүн башка бардык шаарларында жайгашкан. Жаңы Жыл алдындагы керектөөчү насыялар жөнүндөгү көп берилген суроолорго «Бакай Банк» ААКынын кредиттөө башкармалыгынын жетекчиси Роза Асанбекова жооп берет.

Кредит дегенде эле үстөк пайыздар эске келет. Банктан керектөөчү кредитти пайызсыз алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Пайызсыз насыяны «Бакай Банктан» дагы,  «БТА Банктан» дагы алса болот. «0% бөлүп төлөө» насыясы бир катар жеңилдетилген шарттарда берилет. Эмгек акы долбоорунун катышуучулары, «БТА Банктын» пенсиялык картасынын колдонуучулары жана башка бардык жарандардын 5000 сомдон 150 000 сомго чейин товар сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.  Аталышы айтып тургандай үстөк пайыз кошулбайт. Чындыгында абдан пайдалуу сунуш! Баштапкы төлөнө турган каражаттын да кереги жок. Анын үстүнө, кредиттин суммасына жараша 3 айдан 2 жылга чейин бөлүп төгүп бүтсө болот. Эгер сиз, 100 000 сомго чейин насыя алам десеңиз паспорт жана кирешеңиз туурасындагы маалымат керек. «0% бөлүп төлөө» кредити сиздин кыялдарыңызды орундатуунун ыңгайлуу жолу.

 Акча жетпей калган учурда, товарды кийинкиге калтырбай, дароо сатып алып, кийин аны үстөк пайыз менен бөлүп жапса болобу?  

Бул учурда, сиз «Тунук» керектөөчү кредитинен пайдалансаңыз болот. Кредиттин бул түрү дагы бардык жарандарга 5000 сомдон 150 000 сомго чейин берилет. Ал үчүн жашаган жери туурасындагы маалыматтын кереги жок. Эгер сумма 100 000 сомго чейин болсо кепилдик берүүчү адам талап кылынбайт. Ал гана эмес баштапкы төлөм да зарыл эмес. Насыяны мөөнөтүнөн мурда жабам десеңиз, өзүңүз каалаган убакта, комиссиясыз толук төлөй аласыз. Кредитти төгүп бүтүү мөөнөтү, алынган суммага жараша 3 айдан 2 жылга чейин. «Тунук» керектөөчү кредити менен сиз телефон, компьютер, эмерек, курулуш материалдары, тиричилик техникалары, ал гана эмес кийим-кече да сатып аласыз.  Андыктан ойлогон оюңузду «Тунук» кредити менен ишке ашырыңыз.  «Тунук» кредити боюнча өнөктөштөрдүн тизмеси менен биздин сайттан тааныша аласыз.   

Күрөөгө кыймылсыз мүлк коюу талап кылынбаган керектөөчү кредит түрү барбы?

Кредит алып жатканда коюлган күрөөгө тынчсыздангыңыз келбесе, эч кабатыр болбостон «Супер-экспресс» керектөөчү кредитинен пайдаланыңыз. Мында, жарандарга керектөөчү кредит 10 000 сомдон 200 000 сомго чейинки суммада берилет. Аны 3 айдан 18 айга чейин төлөп бүтүрсө болот. Айтмакчы, кредит алуу ишине бир сааттык гана убакыт кетет.   Кыргызстандын көпчүлүк ири соода түйүндөрүндө каалаган товарды тандапалып кетсеңиз болот.

Керектөөчү чекене насыяны ири суммада алса болобу?  

Эгер сиз каалаган сумма 5 000 000 сомдон ашпаса, анда сиз аны керектөөчү насыя катары алсаңыз болот. “Потреб-Блиц” чекене насыясы– 200 001 сомдон 5 000 000 сомго чейин берилет. Бул үчүн күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлат.  Жарандар кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен бирге, кепилдик берчү адам менен келиши зарыл.  Бардык катышуучулардын өздүгүн тактоочу документтери, киреше булактары жөнүндө маалымат, жашаган жеринен маалымат, үй-бүлө курамы жана албетте кыймылсыз мүлктүн документинин түп нускасы зарыл. Төлөп бүтүү мөөнөтү 3 жыл. Жеке суроолор үчүн «Бакай Банктын» кредиттик эксперттерине кайрылсаңыз болот.  

Револьвердик кредит кандай берилет жана револьвердик карта кандай иштейт?

Револьвердик карта — бул банктын эмгек акылык долбоорунун кардарлары үчүн 5 айлык эмгек акынын өлчөмүнө чейин, ал эми «БТА Банктын» картасына айлыгы түшпөгөндөр үчүн 2 айлык акынын өлчөмүнө чейин калыбына келип туруучу насыя.  Картаны  Кыргызстан ичинде жана чет мамлекеттерде колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. ЭЛКАРТ же VISA системасында акысыз ачылат. 

Эмгек акылык долбоордун кардары катары сиз 2 варианттын бирин тандасаңыз болот:

1-Вариант: жылына бекитилген 24% чен жана 5% кэшбек, башкача айтканда, айына 2000 сомдун картага кайтарылышы.  Сиз револьвердик карта менен соода кылган сайын сизге кэшбек эсептелип турат. Мисалы товардын баасы 20 000 сом болсо, сизге 500 сом чегерилет. Кэшбек интернеттен сатып алуулар болгондо да кошулуп эсептелет.

2-Вариант: 1 айга жеңилдетилген мөөнөт менен чен жана жылына 27%. Бул учурда сиздин насыя пайызсыз болот: эгер жеңилдетилген ай ичинде насыяны жапсаңыз ага пайыз кошулбайт.

Ошондой эле карта ээлеринин бонустук программага туташуу мүмкүнчүлүгү бар. Сатып алуулардан кийин бонустар түшкөнү боюнча СМС билдирүү келет. Алар ар бир айдын аягында сомго конвертацияланып, 1 бонус 1 сомго барабар болот.

Карта продуктунун түрүнө жараша 2 же 3 жылга акысыз берилет. Пайыздык чен кредиттин пайдаланылган гана бөлүгүнө кошулуп эсептелет. Кредитти толук төлөгөндөн кийин аны калыбына келтирүү үчүн кайрадан документ чогултуп, жол-жоболоштуруудан өтүү зарылдыгы жок. Револьвердик кредиттин көпчүлүк колдонуучулары, муну тезинен акча керек болгондо пайдалануучу каражат катары карашат. Револьвердик карта алуу үчүн  онлайн-арыз жиберсе да болот.

«БТА Банк» 2020-жылдын январында «Бакай Банкка» биригет. Бириккен банк Кыргызстандагы эң ири банктардын бири болуп, ишмердигин «Бакай Банк» бренди менен улантат. «БТА Банктын» бардык активдери жана милдеттери «Бакай Банкка» өтөт. «БТА Банктын» керектөөчү насыялары боюнча келишимдер мөөнөтү аяктагыча күчүндө турат. Жогоруда аталган керектөөчү насыялардын баардыгы бириккен банкта да жеткиликтүү болмокчу.