Урматтуу кардарлар, сиздердин ыңгайыңыздар үчүн бул баракчада COVID-19 пандемиясы убагында банк кызматтарына жеткиликтүүлүк боюнча бардык маанилүү малыматтар топтолду.
Өзгөчө кырдаал учурунда Бакай Банктын иштөө тартиби
Дүйшөмбүдөн жума кунгө чейин, 9:00 – 15:00 (Караколдогу филиал: 9:00 – 13:00)
Банктын айрым бөлүмдөрү жабык. Ачык бөлүмдөрдүн актуалдуу жана дайыма толукталып турган тизмесин бул шилтемеден тапсаңыз болот.
Жеткиликтүү кызматтар
Банк бардык кызматтарды көрсөтүүдө: мурдагыдай эле карт кызматтары, салымдар, эсеп ачуу, чет өлкөлөргө жана Кыргызстан ичинде акча которуулар.
Банктын кеңселеринде кызматкерлердин саны убактылуу кыскарганына байланыштуу кызматтарды көрсөтүү убактысы адаттагыдан узагыраак болушу ыктымал. Бул убактылуу өзгөрүүгө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз.
2020-жылдын июнуна чейин айып пул жана туумдар жөнүндө
КР Улуттук Банкынын Башкармасы тарабынан 2020-жылдын 18-мартында «Коронавирус пандемиясына байланыштуу финансылык-кредиттик уюмдардын ишмердигин жөнгө салууда убактылуу эрежелер жөнүндө» токтом кабыл алынган. Аталган токтом менен төмөнкүлөргө тыюу салынат:
Айып салынбагандыгы боюнча кат түрүндө билдирмени банктан алуунун кажети жок.
КР УБдун токтому менен 2020-жылдын 30-июнуна чейин айып пул жана туум алынып салынды.
Керектөөчү кредиттерди реструктуризациялоо
Банк COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдүн айынан кредитти мурдагы шарттар менен төлөй албай калган займчылардын керектөөчү кредиттерин жеке тартипте реструктуризация кылат.
Өз кредитиңиздин шарттарын өзгөртүү үчүн банкка арыз жазыңыз. Бул ишти колдон келишинче банкка келбестен аткарганыңыз дурус.
Эгер мурдагы шарттар объективдүү себептер менен сизге ылайыксыз болсо кредитти реструктуризация кылуу боюнча арыз жазыңыз.
Корпоративдик кредиттерди, орто жана чакан бизнес үчүн кредиттерди реструктуризациялоо
COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан бизнес да реструктуризация үчүн банкка кайрыла алат. Бул үчүн өз кредиттик экспертиңиз менен байланышууңуз керек.
Эгер сиз өзүңүздүн кредиттик экспертиңиздин телефон номурун билбесеңиз, Банктын күнү-түнү иштеген контакт-борбору менен 6111 номуру (мобилдик телефондордон) же WhatsApp аркылуу +996 554 006 111 байланышсаңыз болот.
Кредиттер боюнча төлөм жүргүзүү
Кредитти Банктын бөлүмүнө келбестен төлөсө болот:
Мобилдик банкинг
Жеке жактар, Бакай Банктын карттарынын ээлери, маяналары Бакай Банктын картына түшкөндөр Bakai24 тиркемесин колдонсо болот. Ал аркылуу:
Бизнес үчүн интернет-банкинг
Юридикалык жактар төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:
6111 (мобилдик телефондордон)
+996 312 61 00 61
Уважаемые клиенты, для вашего удобства на этой странице собрана вся актуальная информация относительно доступа к банковским услугам в период пандемии COVID-19.