Ишенимдүү сактоо жайы жок болгондуктан, баалуулуктар жаздык алдында, шкафтын ичинде, уктоочу бөлмөдө тургандыгы ар бирибизди тынсыздандырбай койбойт. Ошондуктан, күнү-түнү ишенимдүү коргоого алынган банкта сактоо алда канча ыңгайлуу эмеспи. Демек, банктар сунуштап жаткан жеке сейфтик ячейкаларга акча каражаттарын, маанилүү документтерди, баалуу кагаздарды, зэр бумдарын жана искусство чыгармалырын сактоого болот.
Сейфтик ячейкаларды көрсөтүлгөн мөөнөткө – бир айдан бир нече айга чейин ижарага алуу ыңгайы каралган. Айрыкча кыска мөөнөткө, мисалы эмгек өргүүгө чыгуу же иш сапарына жөнөө учурларында же болбосо саткан баалуу буюмуңуздан түшкөн акчанын ишенимдүү сакталып трушу үчүн банктар сунуштап жаткан ячейкаларды пайдалануу алда канча ишенимдүү жана коопсуз болуп саналат. Мындан тышкары, Бакай Банкы тарабынан узак убакытка ижарага алгандыгы (6 айдан ары) үчүн таасирдүү жеңилдиктер да каралган.
Бакай Банкынын –депозитарийдин күнү-түнү байкоо жүргүзгөн видеокамералар менен жабдылган атайы жайларында жайгашкан брондолгон, заманбап коргоо каражаттары менен камсыз кылынган банктыксейфтерден каалаган өлчөмдөгү, эки кулпу менен жабылуучу, эки ачкычы болмоюнча аларды ачуу мүмкүн болбогон, кардардын өзүнөн тышкары, башка бирөөнүн киришине катуу тыюу салынган ячейкаларды ижарага алып, ишенимдүү банк кызматынан пайдаланууну сунуштайбыз.
Банк адиси ячейканы кантип пайдаланууга боло тургандыгы тууралуу ырааттуу толук кеп-кеңеш бергенден кийин, ал депозитарий жайынан чыгып кетет. Демек, ячейкага эмне салынаарын кардардын өзүнөн башка эч ким билбейт. Бакай Банкы ячейкага салынгандардын толук сакталышын жана аларга кол тийбестиктигарантиялайт.