Шашылыш аванс

"Бакай Банкы" ААКсынын "Шашылыш аванс" овердрафты картта акча каражаты калбай калган шартта, зарыл төлөмдү төлөөгө мүмкүндүк берет.

Бул ыңгайлуулук - "Шашылыш аванс" овердрафты  "Бакай Банкы" ААКсынын эмгек акы картына ээ болгон кардарларга сунушталат. Банк эмитирлеген эмгек акы картына ээ болгондор ушул продукттан өз карты боюнча үч эмгек акы өлчөмүн чегинде акча каражатынан пайдалана алышат. Банктын аманатчылары да бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болот.

Иш жүзүндө карт эсебиндеги акча каражатын ашыкча чыгымдоодой көрүнгөнү менен "Шашылыш аванс" овердрафты  келип чыгышы ыктымал болгон күтүүсүз жагдайларга алдын ала кам көрүү болуп саналат.

 

Овердрафты алуу шарттары:

  • Эмгек акы долбоорунун катышуучусунан болуу/же «Бакай Банкында ачылган депозиттин болушу»
  • Эмгек акы долбоорунда 12 айлык стажынын болушу
  • Овердрафт мөөнөтү: 12 ай (пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен)
  • Эмгек акынын 80% чейин алууда «Бакай Банкына» билдирме калтыруу зарыл
  • Орточо эмгек акынын 80% жогору жана үч айлык орточо эмгек акы өлчөмүндө каражат алуу үчүн эмгек акы долбоору боюнча кесиптештердин бирөөсүнүн кепилдиги талап кылынат.
  • Пайыздык чени — жылдык 28%

 

Бул боюнча ырааттуу маалымат  алуу үчүн Бакай Банкы» ААКсынын 6111 номери боюнча байланыш борборуна же анын  кеңселерине түздөн-түз кайрылууга болот

Жаңылыктар