
2025-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин жеке ишкерлер Bakai Business аркылууКлиринг жана Гросс-төлөмдөрдү комиссиясыз ишке ашыра алышат.
Акция жеке ишкер катары катталган кардарларга (юридикалык жактар, анын ичиндеЖЧКлар акцияга катышпайт) гана тиешелүү. Bakai Business аркылуу бардык акчакоторуулар дароо, эч кандай ашыкча түйшүксүз, ыңгайлуу шартта, ачык жана негизгиси - акысыз жүргүзүлөт.
Биз чакан бизнес үчүн ар бир сом маанилүү экенин түшүнөбүз. Ошондуктан Bakai Business акча которууларда убакытты албаган, финансылык операцияларды жеңилдеткенчыныгы колдоону ишке киргизүүдө.
Мындан тышкары, эми жеке ишкерлик үчүн эсепти онлайн – түз эле Bakai Business тиркемесинен ачса болот. Процесс болгону 5 мүнөт убакытты алат, эсеп банкка барбай эле жана ар кандай кагаздарсыз ачылат. Бул чечим тез арада жеке ишкерликти баштоону же бизнести онлайн башкарууну каалагандар үчүн өзгөчө актуалдуу.
Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.