
Visa+/Direct системасы аркылуу которууларга арналган учурдагы акцияга резидент эмес жеке жактар да катыша ала турганын маалымдайбыз.
2025-жылдын 10-ноябрынан 28-декабрына чейинки мезгилде резидент эмес жактар тарабынан Visa+/Direct системасы аркылуу жүргүзүлгөн бардык которуулар эсепке алынат жана резиденттердин которуулары менен бирдей негизде утуш оюнуна автоматтык түрдө катышат.
Эске салабыз, жеңүүчүлөр которуунун тартип номери боюнча аныкталат:
· 10 000-которуу — январь айындагы каникулга Фукуокко эки адамга тур;
· 7 000-которуу — iPhone 17 Air Blue 512 GB;
· 5 000-которуу — iPhone 17 Air Blue 256 GB.
Visa+/Direct — бул Visa картасынан Visa картасына каражатты дароо которууга мүмкүнчүлүк берген глобалдык система. Ал дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүндө жеткиликтүү. Которуулар бир нече мүнөт ичинде эсепке түшөт жана BakAi мобилдик банкы аркылуу жүргүзүлөт.
Акция 2025-жылдын 28-декабрына чейин жарактуу.