
Сиздин бизнесиңиз бар жана кызматкерлер сиздин катышууңуз жок эч нерсе кыла албай жатышканынан чарчадыңызбы? "Бакай Банктын" Bakai Business жаңы тиркемеси менен эми сиз дүйнөнүн бардык бурчунан туруп ишиңизди башкара аласыз. Сиздин бизнес ар дайым көзөмөлүңүздө болот. Эркиндик жана ыңгайлуулук бир тиркемеде.
Bakai Business жүргүзүп жаткан бизнесиңиз менен 24/7 режиминде байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Сиздин эсепчиңиз кеңседе отуруп, тиешелүү документтерди даярдап койсо, ал эми сиз кай жерде болсоңуз дагы Touch ID же Face ID"нин жардамы менен документтерди бекитип берип коёсуз.
Каржынын үстүнөн толук көзөмөл
Bakai Business документтерди күбөлөндүрүү менен гана чектелбейт. Төмөндө сиздин бизнесиңизди мобилдүү жана натыйжалуу кылуучу негизги функциялар:
Эсептерди башкаруу: корпоративдик эсеп боюнча жүгүртүүгө жана эсептин калдыгына бир нече жолу жетки алыңыз.
Төлөмдөр жана акча которуулар: Жеке жана юридикалык жактарга дагы акча каражатын коопсуз жана ылдам которуңуз.
Билдирмелер жана эскертмелер: Акча каражатынын жүгүртүлүшү, алдыдагы эс алуу күндөрү жана башка көптөгөн маанилүү эскертмелер боюнча билдирмелерди өз учурунда алып туруңуз.
Bakai Business тиркемеси аркылуу кайда гана болбоңуз, каржы жаатын ыңгайлуу жана оңой башкара аласыз.
Өзүңүз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз, Bakai Business мобилдик тиркемесин жүктөп алып, бизнесиңиздин бардык баскычта гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздаңыз.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат