
Бакай Банк “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын имаратын оңдоп-түзөтүүнү каржылап, финансылык жардам берди. Бул демилге – шаардык структура менен туруктуу өнөктөштүктө болууга дагы бир кадам жана Бишкекти көрктөндүргөндөрдү колдоо.
“Бишкек жашыл чарба” МИ Бакай Банктын маяна долбооруна кирет, анын 800дөн ашык кызматкери айлыгын алуу үчүн Бакай Банктын картасын колдонот. Кызматташтык банктык тейлөөлөр менен гана чектелбейт: Бакай Банк социалдык маанидеги уюмдарды активдүү колдоого, жумуш жана өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулат.
Имараттын сыртын оңдоп-түзөөдөн кийин анын көрүнүшү гана жакшырбастан, ишкана кызматкерлеринин жалпы жумушу үчүн да ыңгайлуу болуп калды.
Биз үчүн жөн гана каржылык өнөктөш болуу эмес, шаардын жашоосуна чындыгында аралашуу маанилүү. “Бишкек жашыл чарбага” колдоо көрсөтүү – бул Бишкекти күн сайын жашыл, таза жана жагымдуу кылуунун үстүндө иштегендерге салым кошуу.
Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат