
BAKAI санарип экосистемасын өнүктүрүүнү улантып, бизнес-банкингди дагы да жеткиликтүү кылып жатат. Эми BAKAI Business колдонмосу кытай тилинде да иштейт. Бул эл аралык өнөктөштөр менен иш алып барган жана тышкы рынокко чыккан ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Колдонмого кытай тилинин кошулушу - эл аралык кызматташууну кеңейтүүдөгү маанилүү кадам. Эми чет өлкөлүк кардарлар менен компаниялар банк менен ыңгайлуу иштеп, каржысын башкарып, бизнести тил тоскоолдуктарысыз жүргүзө алышат.
BAKAI Business - жөн гана мобилдик колдонмо эмес, бизнести 24/7 башкарууга мүмкүнчүлүк берген санарип платформа.
Анын жардамы менен ишкерлер операцияларды жүргүзүү менен чектелбестен, кеңсеге барбастан эле бизнесин баштай алышат:
Бардык кызматтар алыстан жеткиликтүү болуп, убакытты үнөмдөп, ишти бир топ жеңилдетет.
BAKAI бизнести өнүктүрүүгө жардам берген жана каржылык кызматтарды мүмкүн болушунча жөнөкөй кылган чечимдерди туруктуу түрдө киргизип келет.
Кытай тилинин кошулушу - ишкерлер үчүн ылдам, жеңил жана чектөөсүз иштөөгө шарт түзгөн экосистеманы түзүүдөгү дагы бир маанилүү кадам.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат