13 апрель 2026
«BAKAI Jaz Demi 2026» 7000 адамды бириктирди
«BAKAI Jaz Demi 2026» 7000 адамды бириктирди

 

12-апрелде Бишкек шаарында салтка айланган жазгы жарым марафон - BAKAI Jaz Demi 2026 өттү. Бул жылы иш-чара мурунку жылдардагы көрсөткүчтөрдөн ашып, рекорддорун жаңылап, старт сызыгына 5000 катышуучу жана Кыргызстан менен жакынкы өлкөлөрдөн келген 2000 конок чогулду.

 

Бул ири спорттук иш-чара сегиз жылдан бери BAKAIдын колдоосу менен өткөрүлүп, кыймыл, ден соолук жана өнүгүү баалуулуктарынын айланасына адамдарды бириктирип келет.

 

BAKAI Jaz Demi жаз мезгилиндеги эң күтүлгөн спорттук иш-чаралардын бири болуп калды. Катышуучулар 5 км, 10 км жана 21,1 км аралыкты тандап чуркашып, ошондой эле балдарга арналган жарышка да катышышты.

 

Быйыл BAKAI Jaz Demi катышуучуларга заманбап этно концепциясын сунуштады. Бул - Кыргызстандын бай маданий мурасын заманбап спорттук тренддер менен айкалыштыруу.

 

Жарыштын ачылышында BAKAIдын маркетинг департаментинин директору Айдай Мокушева бул иш-чара шаардык маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айланып, активдүү жана сергек жашоону тандаган адамдарды бириктирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар спорт менен гана чектелбестен, күчтүү коомчулукту калыптандырат:

 

«Бул жерге жөн гана катышуучулар эмес - кыймылды, энергияны жана жашоону тандаган адамдар чогулду. Бул атмосферанын өзү эле алдыга түрткү берет».

 

BAKAIда белгилешкендей, мындай демилгелерди колдоо бренддин философиясынын бир бөлүгү:

«Биз кардарларыбыз менен каржылык маселелерде гана эмес, жашоодо да бирге болууга умтулабыз. BAKAI Jaz Demi - бул шаардын энергиясы, адамдар жана азыркы учурдун өзгөчө маанайы».

 

Иш-чаранын аягында катышуучуларга аралыкты ырахат менен өтүп, бул күндү толук кандуу өткөрүү сунушталды:

«Жыйынтык үчүн эмес, өзүңүз үчүн чуркаңыз».

 

BAKAI интерактивдүү аймагы - активдүүлүк жана эмоциялар борбору

 

Өзгөчө көңүлдү BAKAI аймагы бурду. Бул жерде BAKAI экосистемасы толук сунушталып, коноктор өнүмдөр менен таанышып эле тим болбостон, активдүү убакыт өткөрө алышты.

 

BAKAI аймагында ар бир адам:

    • карта тариздеп, BAKAI Pay стикерлерин кошо алды;
    • брендделген фотозонада эстелик сүрөткө түштү;
    • адистерден кеңеш алды;
    • интерактивдүү оюндарга жана утуш ойнотмолоруна катышты.

 

Мындан тышкары, коноктор үчүн атайын оюн форматтары даярдалып, аймакты өзгөчө атмосферага бөлөдү:

    • айнек кутудан алтын куймасын алып чыгууга аракет кылуу;
    • ишенимдүү сейфти ачып көрүү;
    • өз кешбэгиңди кармап алуу жана башка активдүүлүктөр.

 

Жеңүүчүлөр оюн монеталарын алып, аларды BAKAI Store белек дүкөнүнөн баалуу белектерге алмаштыра алышты.

 

BAKAI адамдарды бириктирген жана өлкөдө спорт маданиятын өнүктүргөн демилгелерди туруктуу колдоп келет.

 

Белгилей кетсек, BAKAI Jaz Demi - банктын колдоосу менен ишке ашырылган жалгыз спорттук долбоор эмес. Жакында Ош шаарында да BAKAIдын колдоосу менен VISA Duathlon Osh-2026 аттуу алгачкы дуатлон мелдеши өткөрүлдү.

 

Банк Кыргызстанда активдүү жашоону, өсүүнү жана өнүгүүнү колдогон спорттук иш-чараларды мындан ары да колдой берет.

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы