Урматтуу кардарлар, телефон аркылуу жасалган алдамчылык учурлар өсүп жаткандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Биз сиздерди өтө сак болууга жана шылуундардын тузагына илинбөөгө чакырабыз.
Шылуундар телефон чалышып, өздөрүн банктын кызматкери катары тааныштырышат жана сиздин эсебиңиздеги күмөндүү операциялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу кабарлашат. Алар сиздин наамыңызга кредит тариздөөгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтышып, “коргоочу” тиркемени орнотууну же идентификациялоо үчүн видео чалуу жүргүзүүнү өтүнүшөт. Сак болуңуздар – бул алдамчылык! Тааныш эмес номерден келген видео чалууларга жооп бербеңиз.
Ниети бузуктар ар түрдүү сценарийлерди колдонушат, адатта алар сиздин атыңыз жана телефон номериңиз сыяктуу базалык маалыматтарыңызды билишет. Аларга СИН, купуя белги, PIN-коддор жана банктык карттардын маалыматтары сыяктуу жеке маалыматтарыңызды эч качан бербеңиз. Банктын кызматкерлери карталардын реквизиттерин же SMS аркылуу бир жолку коддорду эч качан сурашпай тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.
Бакай Банктагы сиздин эсептердеги каражаттарыңыз коопсуз экендигин эсиңиздерге салмакчыбыз. Биздин сайттагы жана социалдык тармактардагы банктын расмий маалыматтары менен таанышып туруңуз.
Эгерде сизге Бакай Банктын атынанбыз деп телефон чалышса, кызматкердин атын, кызматын, филиалын тактап сураңыз, андан кийин сүйлөшүүнү аяктаңыз. Банкка 6111 номерине чалып байланышыңыз, чалуу бардык мобилдик операторлордон – акысыз. Оператор сизге чалган кызматкер Бакай Банкта чын эле иштей тургандыгын тастыктайт жана зарыл болсо, алар менен түз байланыштырат.
Өз каражаттарыңызга кам көрүңүз жана сак болуңуз!