Маалымат
ЭЛКАРТ банктык төлөм карты - бул Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын карты. Элкарт карты Кыргызстандын аймагындагы банкоматтарда жана POS - терминалдарда нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө), эмгек акысын, пенсияны, жөлөк пулдарды алуу үчүн пайдаланылат.
ЭЛКАРТ банктык карттары рыноктун кайсы болбосун сегменти үчүн жеткиликтүү болуп саналат, б.а. эмгек акылык долбоордун кызматкерлери (мугалимдер, врачтар), пенсионерлер, жеке адмадар , ошондой эле корпоративдик кардарлар дагы пайдалана алышат.
Бул продуктунун артыкчылыгы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
5 айлык маянага чейинки револьвердик кредиттик карттардын, лоялдуулук программаларынын, 2 пайызга чейинки cash-back сунушталышы ЭЛКАРТ картынын ыңгайлуулугун дагы бир жолу тастыктайт.
Андан тышкары банк тарабынан рыноктун ар түрдүү сегменттерин эске алуучу тарифтер иштелип чыккан . Мамлекеттик мекемелердин жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эмгек акылык долбоорлордун алкагында эң төмөнкү тарифтер белгиленген (сом менен).
Улуттук төлөм карт Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода - тейлөө ишканаларында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн, ошондой эле нак акча каражаттарын берүү пункттарынан жана банкоматтардан нак акча каражаттарын алуу үчүн арналган.
Валюта: сом
Чыгаруу: Акысыз
Жыл ичинде тейлөө: 100 сом
“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот
Элкарт / Visa эмгек акы карттары тигил же бул уюм тарабынан жүзөгө ашырылган кассалык операциялар оорчулугун алда канча жеңилдетип, төлөнүп жаткан эмгек акылар боюнча маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылат.
Кызматкерлердин эмгек акысын алуу үчүн зарыгып кезекте туруу ыңгайсыздыгын жокко чыгарып, убакытты үнүмдөө, акчаны инкассациялоогокеткен чыгашаларды азайтуу - бул мүмкүнчүлүктүн негизги артыкчылыгынан болуп саналат.
Эмгек акы долбоорунун катышуучуларына мындан тышкарыкарт аркылуу овердравфты тариздетүү ыңгайлуулугу да сунушталат ("Шашылыш аванс").
Эмгек акы долбоору боюнча карттарды тейлөө шарттары: