Бакай Банк Виртуалдык карта аталышындагы жаңы кызмат көрсөтүүнү ишке киргизгендигин кубануу менен кабарлайт. Виртуалдык картаны Bakai24 тиркемесинде ачып, интернет-сатып алууларды эле төлөбөстөн, Google Pay* тиркемесинин жардамы менен POS-терминалдар аркылуу дагы төлөмдөрдү жүргүзө аласыз, ошондой эле NFC модулдук колдоосу бар банкоматтардан нак акча каражаттарын чыгарсаңыз болот.
Виртуалдык карта – бул пластик түрүндөгү алып жүрүүчүсүз төлөм карта, бардык реквизиттер (аракеттенүү мөөнөтү, эсеп) мобилдик тиркемеде сакталат, CVV код и картанын номери смс-билдирүү аркылуу келет**.
Бул картанын артыкчылыктары:
∙ картаны тез арада чыгаруу;
∙ колдонууга ыңгайлуу;
∙ коопсуздук;
∙ Google Pay тиркемесине кошуу мүмкүндүгү.
Виртуалдык карта Бакай24 тиркемеси аркылуу дароо эле чыгарылат.
Картанын аракеттенүү мөөнөтү – 3 жыл.
Валютасы: Visa – сом, доллар.
Жылдык тейлөө - 0 сом (2023-жылдын 31-декабрьга чейин).
Кэшбэк: POS-терминалдар аркылуу сатып алууда 1% (КР аймагында) жана онлайн-сатып алуулар (локалдык транзакциялар) 3%. Кененирээк маалымат.
* Бул функция Visa картасынын ээлери үчүн Андроид смартфондорунда жана ошол функцияны колдоочу смарт сааттарда гана жеткиликтүү.
** СМС-билдирүүлөрдү КР операторлорунун номерлерине жөнөтүлөт.
Сканируйте, чтобы перейти в приложение BakAi