KG

Айылдык ветеринар «БТА Банктан» агрокредит алып Германиядан асыл тукум уйларды сатып келген

Тургазы Бекембаев асыл тукум уйлардын Ысык-Көл областы боюнча эң чоң фермасынын кожоюну, чарбаны «БТА Банктан» алган кредитке түптөгөн. Ишкер областтагы агробизнестин кыйынчылыктары, сүйүктүү жубайынын ырлары жана 5 жылга 12% чен менен алган кредити жөнүндө айтып берет.

Тургазы Бекембаев Түптөгү Тогуз-Булак айылынын жашоочусу. 2015-жылдан бери асыл тукум уйлардын “Барсбек” фермасын түзүп, ошондон бери иштетип келет. Айтмакчы бул чарба элиталык породадагы уйлардын башынын саны боюнча Ысык-Көл областындагы жалгыз ири чарба. Эт жана сүт багытындагы уйлардын фермасын ачууну уулу сунуштаган. Ага чейин үй-бүлөнүн 20-30 баш уйдан турган чакан чарбасы бар болчу.

«Уулум мүйүздүү бодо малдын санын көбөйтүп, бутка туралы деп сунуштады. Айтса-айтпаса төгүнбү деп сунушун колдодук. Кредит алып Германиядан 84 баш асыл тукум мал алып келдик. 42 башы симменталь породасындагы уйлар, дагы 42 башы Швиц породасындагы сүт жана эт багытындагы күрөң уйлар», - дейт Тургазы Бекембаев.

Уйларды Европадан алып келүү үчүн кредитти «БТА Банктан» 12% чен менен 5 жылдык мөөнөткө алган. Банктын адистери график түзүшүп, ошол боюнча келип көзөмөлдөп турушкан.

«Жакшы жардам беришти. «БТА Банктын» адистери адегенде үчтөн келишчү. Иш жылган сайын экиден адис болуп келе башташты. Эми болсо бирден эле келип калышты. Кыязы биз алардын ишенимине кирдик окшойт. Ишибиз жылып бара жатат. Кредитти төгүүдө бир да жолу кечиккен жокпуз. Колубуздан келсе, мөөнөтүн күтпөй эле бир жыл болсо да мурдараак жаап салалы деген планыбыз бар» - дейт ферма башчысы.

Жалпысынан фермада 5 жумушчу иштейт. Асыл тукум уйларды багуунун өз эрежелери бар. Негизгиси тоютту жакшы берип, жем-чөп, сууну үзбөш керек. Эгер уйларга тоюттан үзгүлтүк болсо, сүт кадимкидей тартылып калат. Жакшылап бакса күнүнө ар бири 30-35 литрден сүт берет. Алар атайын аппараттын жардамы менен 1,5 саатта саалат.

«Азыр уйлар бооз. Алар декреттик өргүүдө деп тамашалап коем. Кышында ар бири күнүнө 15 литр сүт берет. Жакында туут башталып, тоюту жакшырса ар бири 30-35 литрден сүт берип, жалпысынан 500 литр сүт өткөрөбүз. Азыр сүттүн көлөмү 200-300 литрге жете элек. Сүттүн баасы да арзандап, 12 сомго түшүп кеткен болчу. Эми 28 сомго көтөрүлдү. Ошого байланыштуу тоютка да акча жетип калды. Сүттү Караколдогу ишканага төгөбүз», - дейт айылдык дыйкан.

Ысык-Көл областы сүт өндүрүшү боюнча Чүйдөн кийин эле экинчи орунда турат. Ошентсе да жалпы дубан боюнча тоют маселеси бар. Тоют чечилсе эле малдын саны да көбөймөк дейт. Экинчиден эт комбинатын ачуу учурдун талабы.

«Эт комбинаты бардык областтарда бар. Бизде гана жок. Бракка чыккан уйларды семиз кезинде, убагында сатып турсак, жакшы болмок да. Эт комбинаты иштебей жатат. Ушул эт комбинат маселеси чечилсе, ал да жакшы болмок», - дейт Тургазы Бекембаев.

Мал чарбасында жүргөнүнө жалпы жонунан 60 жыл болду. Айтмакчы, өзү жогорку билимдүү ветеринардык дарыгер. Университетке тапшырып, филолог болом деген оюу ишке ашпай, жакын жерде жайгашкан айыл чарба техникумуна өтөт. Аны артыкчылык менен аяктаган соң, Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, кызыл диплом менен бүтүргөн. Ысык-Көл районунун бир топ чарбаларында ветеринардык дарыгер болуп иштеген. Түптөгү ири чарбалардын биринде 20 жыл бою жетекчи болуп турган кези Кыргызстан боюнча мыкты көрсөткүчтөр менен эсинде калган.

«Кыргызстан боюнча 1-2-3-орунду эч кимге берген жокпуз. Адегенде 7 200 баш мал бар болчу. Кийин эт керек болот дегенге жооп кылып, өкмөт менен партиянын кысымын эске алып туруп, 11 000 башка чейин алып бардык. Ысык-Көл областынан Түп районундагы эттин планынын 70 процентин биздин чарба аткарчу», - дейт Тургазы ата.

Сегиз баланы тарбиялап, өстүрдү. Байбичеси Керимкан Асанакунова ыр жазат, көбү абышкасына арналган. Өзү да жогорку билимдүү, союз маалында кыз-келиндер институтун аяктаган экен. Экөө студент кезинде таанышып, окууну бүтөөрү менен баш кошушкан.

«Биздин баш кошконубуз да узун аңгеме. Мен энемдин жалгыз уулумун, окууга кетип жатканда кыйылганынан, эне эптеп күтүңүз, окууну кандай бүтсөм ошол күнү сизге келин жумшап берем деп убада бердим. Досумдун абалы да ушундай эле. Экөөбүз энебизге берген убадабызды аткарыш үчүн 3-курстан баштап кыз издей баштадык. Бир ирээт студенттер арасында бириккен концерт уюштурдук. Ошол жерден таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Окууну бүтүп жатканда акыркы экзаменге баарынан мурда кирип тапшырып, кечинде үйгө келин алып бардым », - деп эскерет Тургазы Бекембаев.

Баскан турганы чапчаң, тыкан кийинип, акылы тунук. Тургазы Бекембаев аксакалды 82 жашта деп өзү айтмайынча, ойлобойсуң деле. Жаш көрүнгөнүмдун сыры эң жөнөкөй дейт.

«Мындай сөз бар. Маданияттуу адам деп кимди айтабыз? Маданияттуу адамдын биринчи кезекте ден соолугу болуш керек. Саламаттыгы жакшы адам маданияттуу экен. Жашында да, карыганда да бирөөнө жүк болбой ден-соолугун сактайт. Студент кезде кыш чилдеде атайын жалаңкат шейшеп жамынып жатчумун. Андан тышкары 30 жылдан ашык ар жуманын 1-күнү орозо кармап жүрдүм. Мага жеңил эч нерсе болгон жок. Кай жерге барбайын жалаң кыйынчылык. Кыйынчылыктарды жеңип келе жатканыма сыймыктанам. Кудайга шүгүр. Ден соолук жакшы, дагы деле болсо иштейин деген планым, балдарга баш-көз болуп иштеп берсем деген оюм бар», - дейт аксакал.

Биригүү менен бийик максаттарга жетсе болот

Тургазы Бекембаев «БТА Банктын» «Бакай Банкка» кошулуп жатканы туурасында кабары бар. Айылдык фермер аксакал биригүү менен бийик максаттарга жетсе болот деген ишенимде.

«Азыр дүйнө жүзү боюнча бардык жерде эле биригүү болуп жатпайбы. Глобалдуу маселелерди чечиш үчүн деп коесуңарбы? Керек болсо тийиштүү максатка жетүү үчүн мамлекет менен мамлекет башын бириктирүүдө. Анын баары жакшы жагы бар үчүн биригип жатышат да. «БТА Банк» да күчтүү банк, «Бакай Банк» да күчтүү банк. «БТА Банкты» биз жакындан сезип калдык, аны менен иштешип жатабыз. Эч бир ашкере талап койгон жок. Билбеген жерибизди жакшылап түшүндүрүп, кеңешин берип жүрүшөт. Буюрса алардын ишеничин актап, аларды да, өзүбүздү да уятка калтырбай кредитти жабабыз деген ой бар», - дейт «БТА Банктын» кардары.

«БТА Банк» айыл чарба багыты үчүн бир катар насыяларды берип келет. Каражатты агрокредит, микрокредит же коммерциялык кредит түрүндө алса болот.

Агрокредит жеке ишкерлерге, фермер, дыйканчылык чарбаларга, малчылык, бак өстүрүү жана багбанчылыкка берилет. Агрокредитти мал, үрөн, жабдыктарды сатып алууга, ишкерликти бекемдөө же кеңейтүүгө алса болот. Насыя негизинен 3 жылдык мөнөткө берилет, айрым учурларда 5 жылдык мөөнөт каралмакчы. Бериле турган эң чоң сумма 1 млн АКШ доллары же болбосо ушул эле каражат сом түрүндө берилет. Ал эми пайыздык чен, аны төгүу графигина жана каржы рыногундагы кырдаал, суроо-талаптарга жараша коюлат.

Айтмакчы, учурда «Бакай Банк» өкмөттүн «Айыл чарбасын каржылоо» мамлекеттик программасынын катышуучусу. Бул программа боюнча фермерлерге 6-10% чен менен кредит берилип келет. Мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенгендерге максималдуу чен 10% коюлган. Ал эми жылына 8% чен багбанчылык жана бодо мал сатып алчуларга берилет. Ал эми мындан да арзан кредиттер жылына 6% чен менен кайра иштетүүчү ишканаларга берилип жатат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын башында «БТА Банк» менен «Бакай Банк» биригип, ишмердигин «Бакай Банк» бренди менен улантат. Эки банктан тең айыл чарбасы үчүн берилген кредиттери боюнча келишимдер мөөнөтү аяктагыча күчүндө болот. 

 


Жаңылыктар

Валюта курсу

Сатып алууСатуу
USD84.700084.9000
EUR100.0000101.5000
RUB1.11001.1280
KZT0.19000.2050
GBP95.0000115.0000
CNY9.000014.0000
Сатып алууСатуу
USD84.400084.9000
EUR99.5000101.9000
RUB1.09001.1450
KZT0.15000.2080
GBP94.0000116.0000
CNY8.500015.0000
Эсептик курс
USD84.7969
EUR100.6751
RUB1.1156
KZT0.1981
GBP112.5467
CNY12.9037

Орнотуу боюнча курстан 24.11.2020

Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат