BAKAI Касса ишкерлерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет. Сервиске Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын системасына түз туташкан онлайн контролдук-кассалык машина (ККМ), POS-терминал, QR аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү жана бизнести башкарууга арналган мобилдик тиркеме кирет.
Чекене соода жүргүзгөн же кызмат көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ККМ колдонууга милдеттүү болгон жеке ишкерлерге жана жоопкерчилиги чектелген коомдорго (ЖЧК) ылайыктуу.
BAKAI банкынын 6111 ишеним телефонуна чалыңыз же ОКПО/ИНН жана жеке ишкердин же ЖЧКнын катталганын ырастаган документ менен Бишкек шаары, Мичурин көчөсү, 56 дарегиндеги башкы кеңсеге келиңиз. Онлайн өтүнмөлөр кабыл алынбайт. Кошулуу үчүн өзүңүз келишиңиз керек.
Банктын бөлүмүндө келишим түзүлүп, жабдуу туташтырылгандан кийин, банк адиси BAKAI Касса тиркемесине кирүү үчүн керектүү маалыматтарды берет.
BAKAI Касса тиркемесинен «Активдүү ККМ» бөлүмүн ачып, керектүү кассаны тандаңыз да, операцияны аткарыңыз. Чек автоматтык түрдө түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлөт.
Тиркемеге кирүү бетиндеги «Сырсөзүңүздү унуттуңузбу?» бөлүмүн колдонуңуз же BAKAI банкынын 6111 ишеним телефонуна кайрылыңыз.
BAKAI Касса аркылуу кабыл алынган төлөмдү кантип кайтарса болот?
6111 номери аркылуу BAKAI банкынын техникалык тейлөө борборуна кайрылыңыз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ККМ ишке жарактуу абалда болушу керек. Ал бузулуп калса, адистер оңдоо же алмаштыруу иштерин ыкчам уюштурушат.
ОКПО/ИНН жана жеке ишкердин же ЖЧКнын катталганын ырастаган документ керек.