
2025-жылдын 15-августунда Bakai Bank биринчи жолу эл аралык рейтингдик агенттик S&P Global тарабынан жүргүзүлгөн корпоративдик туруктуулукту баалоого (CSA) катышып, өз баасын алды.
Бул скорингде дүйнөнүн алдыңкы банктары жана башка тармактагы ири компаниялар катышып, жыл сайын бизнес менен корпоративдик ESG-практикалардын туруктуу өнүгүү деңгээли бааланат.
S&P Global CSA скорингинин жыйынтыгында Bakai Bank 57 упай алды. Бул көрсөткүч дүйнөлүк банк секторунун орточо баасы болгон 35 упайдан кыйла жогору.
Скорингдин алкагында Bakai Bank дүйнөлүк банк уюмдарынын алдыңкы тобуна (85-процентиль) кирип, Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жаатындагы алдыңкы банктардын бири болуп калды.
S&P Global CSA эл аралык скорингинде күчтүү дебюттук көрсөткүчкө жетишүү Bakai Bank’тын туруктуу өнүгүү принциптерин бизнес-процесстерге интеграциялоого жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен жоопкерчиликтүү банк ишмердигин жүргүзүүгө болгон туруктуу умтулуусун чагылдырат.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат