30 апрель 2025
Бишкекте КРнын жаңы Эмгек келишими боюнча конференция болуп өттү: Эмгек министрлиги менен HR-коомунун ортосундагы ачык диалог

2025-жыдын 29-апрелинде Bakai Bank КРнын ЭСККМ алдындагы эмгек мыйзамдарын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча кызматы менен биргеликте маанилүү болуп эсептелген – КРнын жаңыланган Эмгек келишими боюнча конференция уюштурду.

Иш чара Бишкек шаарындагы «Империал» конференц-залында өтүп, жакынкы аймактардагы жана шаардагы HR-адистер, юристтер, компаниялардын жетекчилери жана кадр кызматтардын өкүлдөрүнөн турган 200дөн ашуун катышуучуларды чогултту.

Конференция бизнес-коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы кесиптик ачык диалог үчүн аянтча болуп бере алды. Жолугушунун алкагында катышуучулар Эмгек министрлиги жана инспекциялык органдардын өкүлдөрү менен эң маанилүү жана актуалдуу болуп саналган маселелерди түздөн-түз талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар:  

эмгек келишимдерин кантип жаңы талаптарга ылайыктап түзүүгө болот;
иш убактыларын, эмгек өргүүлөрүн жана эмгек шарттарын тууралоого кандай өзгөртүүлөр киргизилди;
иш берүүчүлөр тобокелчиликтерди кантип төмөндөтө алышат жана жаңы укуктук чындыкта кызматкерлердин укуктарын кантип бузуп албоого болот.

Катышуучуларга учурашуу сөзү менен Bakai Bankтын HR-директору Октябрьина Айсулуу Бакытовна кайрылып, кызматкерлер үчүн коопсуз жана саламат эмгек аянтын түзүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле эмгекти коргоого байланыштуу маселелерди чечүүдө бизнес менен мамлекеттик тутумдардын ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн да баса белгилеп өттү.

Иш чаранын өнөктөшү катары биз ынанган нерселер:

Эмгектин чынчыл, айкын жана заманбап мамилелери – бул бизнестин туруктуулугу, жамааттагылардын өз ара ишенимдери жана жалпы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн далили.

Чынчыл жана күчтүү ишкерлер коомун түзө турган демилгелерди колдоону улантабыз!

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы