
BAKAI сатып алууларды дагы да ыңгайлуу кылган жаңы «Бөлүп төлөө» кызматын сунуштайт. Эми банктын кардарлары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү 12 айга чейин пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөө шарты менен сатып ала алышат.
BAKAIдын кардарларына 10 000 сомдон 200 000 сомго чейинки кайра калыбына келүүчү лимит жеткиликтүү. Аны бир эле учурда бир нече сатып алуу үчүн колдонсоңуз болот. Карызды төлөгөн сайын жеткиликтүү сумма кайра калыбына келип, лимиттин чегинде кайрадан сатып алууларды жүргүзө аласыз.
Сатып алуу учурунда эч нерсе төлөөнүн кереги жок. Биринчи төлөм бир айдан кийин жүргүзүлөт, андан кийинки төлөмдөр графикке ылайык ай сайын бирдей өлчөмдө төлөнөт.
Мисалы, 12 000 сомго товар сатып алып, 6 айга бөлүп төлөөнү тандасаңыз, ай сайын 2 000 сомдон төлөйсүз. Биринчи төлөмдү сатып алгандан бир ай өткөндөн кийин жүргүзүү керек.
Алгачкы этапта кызмат BAKAI Store жана BAKAI Travel платформаларында жеткиликтүү. Бул жерден «Бөлүп төлөө» белгиси бар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тандап, сатып алууну түз эле BAKAI тиркемесинен тариздей аласыз. Алдыда банк өнөктөштөрдүн тизмесин кеңейтүүнү пландаштырууда.
Жаңы смартфон, тиричилик техникасы же көптөн бери кыялданып жүргөн саякат - BAKAIдын «Бөлүп төлөө» кызматы менен пландарыңызды кийинкиге калтыруунун кереги жок. BAKAI Store жана BAKAI Travel платформаларынан керектүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тандап, акысын өзүңүз тандаган мөөнөт ичинде бөлүп төлөңүз.
«Бөлүп төлөө» кызматын кантип колдонсо болот?
Бөлүп төлөөнү BAKAI тиркемесинен бир нече эле кадам менен оңой жана тез тариздей аласыз:
1 - Лимит алыңыз. BAKAI тиркемесин ачып, «Жаңы продукт ачуу» бөлүмүнө өтүңүз. Андан соң «Насыя» жана «Бөлүп төлөө» бөлүмдөрүн тандаңыз.
2 - Өтүнмө бериңиз. Шарттар менен таанышып, керектүү маалыматтарды толтуруңуз жана «Лимит алуу» баскычын басыңыз. Өтүнмө бир нече мүнөттүн ичинде каралат.
3 - Сатып ала турган товарыңызды же кызмат көрсөтүүнү тандаңыз. BAKAI Store же BAKAI Travel платформасына өтүп, «Бөлүп төлөө» белгиси бар товарды же кызмат көрсөтүүнү тандаңыз.
4 - Бөлүп төлөөнү тариздеңиз. Өзүңүзгө ыңгайлуу мөөнөттү тандап, сатып алууну ырастаңыз.
Кызматтын негизги шарттары
• Лимит - 10 000 сомдон 200 000 сомго чейин;
• Бөлүп төлөө мөөнөтү - 3, 6, 9 же 12 ай;
• Сатып алуунун минималдуу суммасы - 1 000 сом;
• Пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз;
• Баштапкы төлөмсүз;
• BAKAI тиркемесинде толугу менен онлайн таризделет.
Кызмат Кыргыз Республикасынын 21 жаштан 65 жашка чейинки (65 жашты кошкондо) жарандарына жеткиликтүү.
BAKAIдын «Бөлүп төлөө» кызматы менен маанилүү сатып алууларды кийинкиге калтыруунун кереги жок. Керектүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бүгүн тандап, акысын пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөңүз. BAKAI тиркемесинен лимитти түз эле тариздеп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнтөн тарта пайдаланыңыз!
BAKAIдын «Элкарт» пенсиялык картасын Соцфондго барбай тариздеңиз!19 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат